Жапаров СӨФтүн Азиядагы операциялар боюнча департаментинин директорун кабыл алды

17.02.2022, 17:27 Акчабар
Жапаров СӨФтүн Азиядагы операциялар боюнча департаментинин директорун кабыл алды

Бүгүн, 17-февралда президент Садыр Жапаров Сауд Өнүктүрүү фондунун (СӨФ) Азиядагы операциялар боюнча департаментинин башкы директору Сауд Аль-Шаммари башында турган фонддун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар учурдагы жана пландаштырылган инвестициялык долбоорлорду, ошондой эле жакынкы келечекте Эр-Риядда өткөрүлө турган ири иш-чараларды, атап айтканда, Сауд Арабия-Кыргыз бизнес форумун, туристтик роуд-шоу жана башка маданий иш-чараларды талкуулашты.

Мамлекет башчысы Сауд өнүктүрүү фонду кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойноорун белгиледи.

Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде айыл чарба, саламаттыкты сактоо, ирригация жана жол, мектеп салуу тармагында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу колдоо көрсөтүп жатканына көңүл бурду.

Аталган фонддун Азиядагы операциялар боюнча департаментинин башкы директору белгилегендей, Фонд менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин ортосунда тыгыз кызматташуу жолго коюлуп, анын негизги бөлүгүн өнүктүрүү долбоорлорун алдыга жылдыруу түзөт. Фонд ар түрдүү тармактардагы долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууга умтулат.

Сауд Аль-Шаммари жолугушууда талкууланган маселелер каралып жана фонддун башкармалыгы маалымдаларын белгиледи.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууну жана келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашышты.

Тэги: Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду Эр-Рияд туристтик роуд-шоу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть