Жаңы жылдан тарта GoBus кызматы Ошто иштей баштайт

23.11.2022, 12:45 Акчабар
Жаңы жылдан тарта GoBus кызматы Ошто иштей баштайт

Кийинки жылдын январь айынан тарта GoBus кызматы Ош шаарында иштей баштайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун инвестиция жана эл аралык байланыш боюнча аткаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди.

Анын айтымында, кичиавтобустар шаар ичиндеги ыңгайлуу жерлерден жүрө баштайт.

"Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетине чейин жүрөт. Мындан сырткары, Бишкектен Ысык-Көлгө чейин экспресс автобустарды жүргүзүүнү пландар жатабыз", - деди ал.

Белгилеп кетсек, GoBus кызматынын кичиавтобустары Бишкектен "Манас" аэропортуна жана кайра артка жүргүнчүлөрдү ташыйт. Ал ушул жылдын 30-июнунан баштап иштей баштаган. Жол акысы 200 сомду түзөт.

Тэги: коом Ош автобус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть