Бишкекте жемкорлукка шектелип судья кармалды

12.11.2020, 12:16 Акчабар
Бишкекте жемкорлукка шектелип судья кармалды

Финансы полициясы сот тутумунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана башка жетекчилер катышкан коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалым болгондой, тергөөнүн жүрүшүндө 2016-жылы айрым адамдар (кылмыштуу элементтер) материалдык пайда көрүү максатында, өз байланыштарын пайдаланып, Президенттик аппараттын кызмат адамдары, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери тарабынан “Г.Э.” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалоо жолу менен М.Бакиевдин филиалдарына таандык мүлктөн камакка алууну мыйзамсыз алып салышкан.


Бул факты боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын 11-ноябрында коррупцияга шектелип тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. кармалды.


Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатканы белгилүү болду.

Тэги: коррупция кылмыш иш судья Максим Бакиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть