Жыл башынан бери жол эрежесин бузуудан бюджетке 35,2 млн сом өндүрүлдү

11.04.2022, 16:56 Акчабар
Жыл башынан бери жол эрежесин бузуудан бюджетке 35,2 млн сом өндүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын үч айында жол эрежесин бузуудан мамлекеттик бюджетке 35 млн 207 миң 600 сом айып пул өндүрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалыкта 2022-жылдын 1-чейрегин жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.

“Кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 90 миң 807 бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, мамлекеттик бюджетке 35 млн 207 миң 600 сом өндүрүлгөн”,- деп айтылат маалыматта.

Алардын ичинен:

  • автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо - 604 ;
  • мас абалында автоунаа башкаруу - 899;
  • автоээнбаштык - 9;
  • автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо - 204 ;
  • коопсуздук курун тагынбай автоунаа башкаруу - 23 миң 727;
  • токтоо эрежелерин бузуу. Тыюу салынган жерлерде автоунааларды токтотуу - 50 миң 964;
  • жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу - 3 843;
  • туура эмес токтотуулар үчүн - 50 миң 964;
  • башка жол эрежелерин бузуулар - 23 миң 727.

Тэги: Айып пул жол эрежесин бузуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть