Кытайга айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо пландалууда

26.04.2024, 16:05 Акчабар
Кытайга айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо пландалууда

Кытайдан Кыргызстанга айыл чарба тармагындагы атайын делегация келди. Соода-өнөр жай палатасында өткөн жолугушууда Кыргызстандан экологиялык таза айыл чарба продукцияларын Кытай рыногуна жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, делегация менен жолугушууну Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев өткөрдү. 

“Тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташууну талкуулашты. Кытай тарап экологиялык жактан таза продукцияны Кытайдын шаарларына жеткирүүгө кызыктар. Ошондой эле, өлкөдөгү логистикалык борборлорду түзүү жана жүк агымын уюштуруу маселелери каралды”, - деп айтылат маалыматта. 

Кыргызстанда жүк агымын оптималдаштырууга жана эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн логистикалык борборлорду түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
 

 

 

Тэги: айыл чарба Кытай экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу