Кыргызстанда Жогорку Кеңешти таратуу керек дегендер күч алды

13 июня 2019, 17:30

 Кыргызстанда парламентти таратууга петиция чогултулууда ( парламенттеги депутаттардын санын 35 чейин кыскартуу талабы) Анда депутаттардын санын 35 чейин кыскартуу талабы менен чыгышууда. Учурда  6 миң 380 адам добуш берген. 

Коомчулук артка чегинбейт. 13-июнда Бишкекте ШКУ саммити өтүп жатса, бул жакта Жогорку Кеңешти таратууу күч алды. 

«90%депутаттар эл алдында сүйлөй албайт! Алар Ак үйдүн көзөмөлү менен гана добуш беришет.Мурда Атамбаев, эми Жээнбеков. Иса Өмүркуловго окшоп, «бийликтин арыгын чабуу»... 

Кыргызстанда «легендардуу» парламент болгон . Андан кийин«кол баладай» парламент да болгон. бирок,  «чимкирикке жеткен эмеспиз»  ».

«Чимкирик» парламент – элди уят кылууда!», –деп жазылган  петицияда.

 Алия Адилова деген белгисиз бирөө петициянын автору болуп чыккан. Бир сааттын ичинде  14 адам добуш берип,  парламентти таратуу күч алды.