Эмгек акынын өсүшү менен инфляциянын көлөмү андан дагы жогорулаган

20 августа 2020, 17:30

Кыргызстанда жарым жыл ичинде эмгек акынын көлөмү 4.4% жогорулаган. Ушул эле учурда инфляция 5 пайыздан 7 пайызга чейин сакталып калды. Бул тууралуу экономика министрлиги маалымдады.

Июль айынын аягында номиналдык эмгек акынын көлөмү 17 миң 999 сомду түзгөн, өсүү өткөн жылга салыштырмалуу 10.5% түзөт. Бул олуттуу өсүш, бирок инфляция андан дагы басымдуулук кылат.

Товар жана кызматтардын баасы үстүбүздөгү жылдын июнь айында, 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 3% жогорулаган. Инфляциянын орточо жылдык эсеби (2019-жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу 2020-жылдын январь-июнь айыныкы) 5.8% түзгөн.

Өлкөдөгү жумушсуздук маселеси дагы кырдаалды курчутууда. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 1-июлга карата жумушсуздардын саны 100.2 миңди түзгөн.