Кыргызстанда катталган жумушсуз жарандардын саны 100.2 миңди түзгөн

20.08.2020, 11:50 Акчабар
Кыргызстанда катталган жумушсуз жарандардын саны 100.2 миңди түзгөн

2020-жылдын 1-июлуна карата жумушсуз жарандардын саны 100,2 миң адамды, алардын ичинен расмий жумушсуз макамы барлар – 78,6 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

 

«Республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,1% түзгөн, экономикалык активдүү калктын санынан (2538,7 миң адам). Ошол эле учурда расмий жумушсуздуктун денгээли Жалал-Абад (24,0 миң адам же болбосо 6,3%), Баткен (10,8 миң адам же болбосо 5,5%),   Ош (20,4 миң адам же болбосо 3,4%) облустарында байкалат. Ал эми төмөн деңгээл Бишкек шаарында (5,5 миң адам же болбосо 1,1%) жана Чуй облусунда (4,5 миң адам же болбосо 1,2%)  катталган», - деп жазылат маалыматта. 

 

2020-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 62,9 миң адам кайрылган. Жалпысынан 39,6 миң адамга эмгек жана ишке орноштурууга көмөктөшүү маселелери, кесиптик жана кайрадан окуу, кесип тандоо боюнча консультациялар берилген.

Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жардамы менен 6,9  миң жумушсуз ишке орноштурулган.

Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 7,0 миң адам жиберилген.


 

 

Тэги: КР безработица Минтруда и соцразвития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу