Дүйнөлүк банк COVID-19 менен күрөшүү үчүн 160 млрд доллар бөлөт

23 ноября 2020, 09:05

Дүйнөлүк банк өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө COVID-19 каршы вакцина, тест жана дары-дармектерди алуу үчүн 12 млрд доллар бөлөт. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

Бул каражат 1 млрдга жакын адамды эмдөөдөн өткөрүүгө жардам берет.

Белгиленгендей, бул каражат Дүйнөлүк банк 2021-жылдын июнь айына чейин вирус менен күрөшүү үчүн бөлө турган каражаттын бир гана бөлүгү. Жалпысынан 160 млрд доллар бөлөт.

Эске сала кетсек, жакында премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү менен жолуккан.