Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жардам берүүнү улантат

21.11.2020, 10:00 Акчабар
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жардам берүүнү улантат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргызстандагы Дүйнөлүк банк Кеңсесинин Жетекчиси Навид Накви менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалат. 

Новиков жолугушууда Дүйнөлүк банк менен болгон кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду. 

« Дүйнөлүк банк тарабынан кризистин кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан көмөгүнө кубанычтабыз. Биргелешкен күч-аракет аркылуу экономиканы стабилдештирүү боюнча антикризистик чараларды ишке ашырабыз жана өлкө үчүн экономикалык тобокелдиктерди минималдаштыра алабыз деп ишеним билдирем», - деди Артем Новиков.

Өз кезегинде Навид Накви Дүйнөлүк банк Кыргызстан менен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экендигин белгиледи.

«Учурда республикада жалпы суммасы 750 миллион доллар болгон 24 долбоор ишке ашырылууда. Учурда бул сумманын 10% гана тартылган. Демек биздин кызматташтыктын белгиленген пландарын жүзөгө ашыруу үчүн  колубузда олуттуу сумма бар. Дүйнөлүк банк тобу келечекте каржылык жардам көрсөтүүгө даяр», - деди ал.

 

Кошумчалай кетсек, 1992-жылдан бери Кыргызстан менен Дүйнөлүк Банк жалпы суммасы 2159,6 млн АКШ долларынан ашык суммага келишимдерге кол коюшкан, анын 1332,0 млн доллары насыя, 827,6 млн АКШ доллары гранттык негизде.

Тэги: премьер-министр дүйнөлүк банк Навид Накви Артем Новиков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу