Кыргызстанда насыяларды супер маркеттердин кассаларында төлөсө болот. А Сиз бул тууралуу билчүү белеңиз?

21.01.2019, 13:40 Азиза Бердибаева
Кыргызстанда насыяларды супер маркеттердин кассаларында төлөсө болот. А Сиз бул тууралуу билчүү белеңиз?

Кыргызстандагы банк карттарынын ээлери жарым жылдан бери дүкөндөр, май куючу станциялар, дарыкана жана башка соода түйүндөрүндөгү кассаларда POS-терминал бар болсо, анда нак акча гана чыгарбастан, насыясын дагы төлөй алышат. Бирок, аны бир дагы кыргызстандык колдонгон жок. Анткени, ал тууралуу маалыматтары жок. 

Улуттук банк августун ортосунда төлөм карт ээлерине соода түйүндөрү  менен почта бөлүмдөрүндө кассасы аркылуу нак акча чыгарууга уруксат берген. Мындан тышкары, азыр   POS-терминал бар жайларда насыяларды, коммуналдык төлөм, салык,  айып пулдарды төлөп, алтургай акча которо алашыат.

Мындай кызматтар банк инфраструктурасын кеңейтип, республика боюнча жетишсиз болгон банкоматтардын  милдетин аткара алат. Анткени, өлкө боюнча болгону  1,5 миң гана банкоматтар бар. Салыштырып көрсөңүз бир гана Москва шаарында алардын саты 7 миңден ашат.Мындай жагдай, калк арасында нак эмес төлөмдөрдү жасоого шарт түзмөк деп билдирди Улуттук банктан. 

«Карт ээлерине каражаттарын акчага айландырууда эч кандай көйгөй жок болушу үчүн, ошондой эле банктарга кымбат банк жабдууларын сатып алууда чыгымдарды азайтуу максатында,  банкоматтардан гана эмес, банк агентери аркылуу нак акча алууга мүмкүнчүлүк ачылды » деп билдирет — КР Улуттук банкы.

 банкоматтарга альтернатива 

Банк Союзу бул демилгени колдоду. Алардын айтымында, бак карттарын банкоматтарда гана эмес,  дүкөн, соода тармагындагы POS-терминалдарда нак акчага айлантуу банк инфраструктурасын кеңейтет.

«Бул кызмат кеңири жайылып, банкоматтарды издөө  көйгөүн жоюп, аймактарда бул кызматка талап чоң болот деген ойдобуз. Анткени, ал жакта банкоматтар жетишсиз. Ошентип, карттагы акчаны соода түйүн, дүкөндө же дарыканадан нак акчага айлантып алса болот. Болгону, ал жайларда  POS-терминал болуусу» — шарт дейт Банктар союзу.

Коммерциялык банктар бул  жаңы кызматтар тууралуу   расмий  пикир  жарыялашкан жок. Ошондуктан, азырынча, унчяукпай турушат. 

 

«Демилге албетте жакшы. Бирок, изилдөөгө алуучу ар кандай ньюанстар бар. Банк жабдууларына токтолсок, банкоматтар түйүнү кеңири тараган эмес. Өлкөгө банкоматтарды алып келүүдөгү жеңилдиктерге карабай жылына болгону 15 гана банкоматты киргизе алабыз.  Анын ар бири арзан эмес. Жеңилдикти кошсок дагы»— деп билдирди өзүн ачкка чыгаргысы келбеген банк кызматкери. 

Ага карабай дүкөндөр аркылуу нак акча чыгаруу банктарга банкоматтар  менен инкассация кызматынан үнөмдө жасай алышат. Ошол эле учурда кошумча кызматтар көрсөтүлөт. 

Сатуучулар кандай пикирде?

Банктар Союзу соода тармагындагы бул кызмат  артыкчылыкка ээ деген пикирде. Дүкөн, соода маркеттери, дарыкана жана май куюу станциялары  жаңы кызматты көрсөтүүдөн кошумча киреше таба алышат, анткени нак акчага айлануудагы комиссиялык чыгымдар каралган. 

Ага карабай ири соода түйүндөрү  дагы жаңы кызматты кардарларга сунуштабай турушат. 

«Бизге азырынча бул жаңылык белгисиз. Кантип ишке киргизип, кандай аны көзөмөлгө алабыз. Эгерде өнөктөш банктар өз терминалдарын ушул кызматка ылайыкташтырып берсе, анда биз кардарларга канча акча беребиз, алардан канча салык алабыз так билип калабыз.  Эгерде система туура жана так иштелип чыкса, анда биз аны сунуштай алабыз.  Азырынча, түшүнүксүз.  Биз банк жана салыктар менен кантип иштейбиз белгисиз» — деп билдирди  «Фрунзе» гипермаркетинин өкүлү Наталя Каширина.

Эл аралык тажрыйба 

 Кошмо Штаттар менен Улуу Британияда бул кызмат 20-жылдан бери иштеп келет. Эгерде нак акча керек болуп калса, анда супермаркет, дарыкана, май куючу станциялардан чыгарып алса болот. Бирок, бул кызматтан пайдалануу үчүн  соода жасоо зарыл. Мисалы,  $20 нак алгыңыз келсе, налсыз $5 соода жасашыңыз керек.

Былтыр орус банктары менен төлөм системасы  бул кызматты тестирлеп көрүштү.  POS-терминалдар аркылуу нак акча чыгаруу жасалган. Бул кызматты «Сбербанк» жана  Mastercard төлөм системасы тестирлеген.

 Грузия менен Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү Mastercard төлөм системасынын башчысы  Игорь Степанов  «Акчабарга»,  бул тууралуу айтып берип, тез арада нак акча чыгаруу накталай эмес төлөмдүн активдүү болушуна алып келерин изилдөө көрсөткөнүн белгиледди.  

«Карт ээлери керек сумманы  каалаган жеринен ала турганын  билсе, алар өздөрүн ишенимдүү жана ыңгайлуу сезишет. Ошондуктан, карттарында каражаттарды калтырып, төлөм жасоодо колдоно беришет эмеспи. Бул кызмат аймактарга  акча  алууга мүмкүндүк түзүп, банкоматтардан акча чыгаргандай эле принципте калат. Алтургай, кассалардан акча чыгаруу   Mastercard пикиринде пайдалуу дагы болушу ыктымал» — деп кошумчалады ал. 

Степанов  Mastercard Кыргызстанда кызмат көрсөтүүнү көздөп жатканын билдирди. Бирок, ал үчүн убакыт жана дыкат даярдык талап кылынат. 

«Башка технологиялардай эле «Нак сатып алуулар» кызматы  көп даярдыкты талап кылат. Укуктук анализ жасап, мыйзамдар туура келеби,рынокко жаңы кызмат менен чыгуунун стратегиясын түзүп,  технологиялар менен төлөм системасын гана эмес, өнөктөштөрдү дагы камсыздоо зарыл. Бул кызматтын тез киришине  картты тейлөө түйүндөрүнүн өнүгүшүү, анын ичиндеаймактар менен айрым региондордо жабдууларды орнотуу кирет. Mastercard  жана банктар банк карттарынын колдонуу аймагын кеңейтүүгө баардык иш аракеттерин жасап жатышат. Бул бир гана борбор эмес, КР баардык ири шаарларында жана аймкактарын камтуу каралган» — деп билдирди ал.

кардарлар кызматтарды билишеби?

Карт ээлерине каралган кызматтардын кеңейгенине карабай, ал тууралуу билгендер аз. Менин 20 таанышымдан сурасам, алардын бирөө дагы кассадан нак акча алса болоорун  билбегенин айтышты.  

Андан тышкары шаардагы соода түйүндөрүнүн биринде соода кылып жатып,  нак акча чыгарып бериңиз деп кассирге кайрылсам, ал мага жумшак айткандай алая карады. Бул Бишкектин ири соода түйүнү экенин эске алсак, сиз аймакта айталык Нарындагы чакан дүкөндөн кандай жооп аларыңызды элестете бериңиз.   Ал эми сиздин терминал аркылуу: «Мен насыямды төлөп алсам болобу?»-десеңиз  чалкасынан түшөөр... 

Банк картынын активдүү колдонуучусу катары айтарым: демилге жакшы жана эң керек, бирок, акырына чейин иштелип чыккан эмес. Быйылкы жылы бул кызматтын тейлөөсү үчүн  баардык шарттар түзүлөт деп ишеним арталы. Азырынча, биздин өлкөдө нак акчасыз жашоо  анчалык деле женил эмес. Мен кантип бир ай боюу акчасыз  жашадым төмөнкү макаладан окууңуздар. «Испытано на себе: можно ли прожить в Кыргызстане без налички?».

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу