Банктардын жарымы Улуттук банктын талаптарына байланыштуу кошумча капиталдаштырууга муктаж болот

28.03.2022, 12:45 Мария Индина
Банктардын жарымы Улуттук банктын талаптарына байланыштуу кошумча капиталдаштырууга муктаж болот

Улуттук банк республиканын коммерциялык банктарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө талаптарды жогорулатууну пландаштырууда. Бул тууралуу 23-мартта борбордук банктан билдирди.

Такталгандай, банктын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн баскыч-баскычы менен 1 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда. Бүгүнкү күндө анын көлөмү 600 млн сомду түзөт.
Банктын маалыматына караганда, мындай чечимге өлкөдөгү валюталар курсунун жогорку өзгөрмөлүүлүгү менен коштолгон учурдагы кырдаал себеп болгон. Ушуга байланыштуу банк системасынын туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, ошондой эле ички таасирлерге каршы турууда банк системасынын ийкемдүүлүгүн жана жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылчылыгы келип чыккан.

Эске салсак, 2015-жылдын март айында Улуттук банк Башкармасы банктардын уставдык капиталын көбөйтүү чечимин кабыл алган. Анда банктар үч жылдын ичинде капиталын 600 млн сомго чейин көбөйтүүгө аргасыз болгон:

  • 2015-жылдын 1-июлуна чейин - 300 млн сом;
  •  2016-жылдын 1-июлуна чейин - 400 млн сом;
  •  2017-жылдын 1-июлуна чейин - 600 млн.

Коммерциялык банктарга болгон талаптардын жогорулашы "Чанг Ан" инвестициялык банкынын микрофинансылык компания болуп өзгөрүшүнө алып келди. Мындай чечим 2019-жылы акционерлер тарабынан кабыл алынган. Анткени аталган банк КРнын Башкы банкынын уставдык капитал 600 млн сомго чейин көбөйтүү боюнча талабын аткара албай калгандыгынан улам чыгарылган. 

Кошумчалай кете турган болсок, мындай көйгөйгө бүгүнкү күнгө чейин уставдык капитал боюнча талапты аткарбай келе жаткан "Евразиялык аманат банкы" да тушуккан. 2022-жылдын 28-февралына карата берилген маалыматтар боюнча аталган банктын акционердик капиталы 300 млн сомду түзөт. Бул КР Улуттук банкынын талабынан эки эсе аз болуп саналат. 

Бүгүнкү күндө башкы банктын талабын аткаруу үчүн капиталды 400 млн сомго жеткирүү керек болот (эң минималдуу талаптардан баштаганда). Ошол маалда бардык эле банктардын бул нерсеге муктаж эмес. Себеби, банктардын бир бөлүгү талаптарга жооп берип гана тим болбостон, ашкандары да бар. Ошондуктан, өлкөдөгү 12 коммерциялык банк үчүн эч нерсе өзгөрбөйт.

Калган ондогон каржы-кредиттик мекемелердин кошумча капиталдаштыруу үчүн жалпысынан алганда 3 млрд 164 млн 742 миң сом керек болот. 

Бул жерде 700 млн сом, керектүү сумманын 22.12 пайызы - "Евразиялык аманат банкынын" капитализация болуучу каражаты экенин белгилей кетүү зарыл. 

Кошумчалай кетсек, Улуттук банк уставдык капиталдын минималуу өлчөмүнө болгон талаптардын жогорулашы күтүлүп жатканына байланыштуу коммерциялык банктарга керектүү делген каражаттарды караштырып баштоону сунуштаган. Аны менен бирге капитал боюнча жаңы талаптар киргизиле турган болсо, банктардын эсебиндеги бөлүнбөй турган киреше катары 762 млн 209 миң сом же керектүү сумманын үчтөн бир бөлүгүнөн азы аккумуляция болот. Бул жерде жалпы көрсөткүч боюнча "Аманбанктагы" жана "ФинанскредитБанктагы" бөлүнбөй турган кирешенин чыгашалары көрсөтүлгөнүн белгилей кетүү керек.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу