Пайдалуу стартаптын жаралуу тарыхы: Кыргызстанда бизнес үчүн керектүү тиркеме иштелип чыкты

26.04.2021, 11:58 Өнөктөштүк макаласы
Пайдалуу стартаптын жаралуу тарыхы: Кыргызстанда бизнес үчүн керектүү тиркеме иштелип чыкты

Күн сайын ишкерлер көптөгөн отчетторду толтуруудан баштап, өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга чейин бир катар көйгөйлөргө туш болушат. Ошондой эле ишкер канчалык таланттуу болбосун, бардык нюанстарды билүү мүмкүн эмес. Эреже боюнча, жардамчылардын бүтүндөй "армиясы" көмөккө келишет, аларды тейлөө арзан эмес.

Ал эми чакан жана орто бизнеске келгенде башка кеп. Жолдун эң башында, ал тургай өнүгүү этабында дагы ашыкча ресурстар деле жок болот, ал эми адистердин колдоосу керек.

Кыргызстандык тарабынан ойлоп табылган жана иштелип чыккан Quick Expert стартапы чакан жана орто ишканалардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн аянтча болот.

“Акчабар” жаңы платформа, анын мүмкүнчүлүктөрү жана бизнес үчүн пайдалуулугу жөнүндө компаниянын негиздөөчүсү Лунара Сагыналиева менен баарлашты.

— АЙТСАҢЫЗ, НЕГИЗИ КАЙСЫ КОМПАНИЯНЫН ӨКҮЛҮ БОЛОСУЗ?

— Мен "Smart Service" ЖЧКсынын негиздөөчүсүмүн анын соода маркасы — Quick Expert. Биз бизнеске кеп-кеңеш берүү үчүн онлайн платформа түздүк. Ал чакан жана орто ишканаларга жана башталгыч ишканалардын өсүшүнө жардам берүү максатында түзүлгөн.

Бүгүн Quick Expert веб-сайт аркылуу персоналдык компьютер колдонуучулары үчүн жеткиликтүү, ошондой эле Androidтутумунда иштеген мобилдик тиркеме бар. Учурда биздин IT адистер тиркемени iOS тутумуна интеграциялаштырууда.

— СИЗДЕРДИН АЯНТЧАДА ИШКЕРЛЕР КАНДАЙ КЫЗМАТТАРДЫ АЛСА БОЛОТ?

— Биз эксперттердин 50дөн ашык категорияларын — юристтерди, финансисттерди, бухгалтерлерди жана интернет-маркетологдорду топтодук. Ошондой эле, тар чөйрөдөгү адистер бар — ХАССП тамак-аш өнөр жайы, продукциянын экспорту жана импорту, брокерлер, эл аралык логистикалык компаниялардын өкүлдөрү. Башкача айтканда, бир терезеде, түз эле телефондо, ишкер ушул эксперттердин кызматтарын колдонууга  мүмкүнчүлүк алат.

Quick Expert платформасы ишкер биринчи суроону акысыз бере тургандай кылып иштелип чыккан. Ал эксперттин компетенттүүлүгүн баалоо үчүн жасалды. Эгер кардарга кененирээк консультация керек болсо, балким укуктук актыларга, мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга шилтеме берүү менен, же, мисалы, кандайдыр бир документтерди иштеп чыгуу керек болсо, анда бул кызматка акы төлөнөт.

Биздин колдонмонун уникалдуулугу КМШ өлкөлөрүнүн эксперттерин бириктиргенибизде. Биз көбүнчө Борбордук Азия үчүн бирдиктүү онлайн платформаны түзгүбүз келет, бирок биздин компанияга болгон кызыгуу менен биз КМШнын бардык рыногун камтый аларыбызды түшүнөбүз, анткени аймакта аналогдор жок. Ошол эле учурда, бизнестин көйгөйлүү аймактары бири-бирине абдан окшош.

Биздин платформа ишкерлерге убакытты жана акчаны үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул, өзгөчө, ишкердик жаңы коронавирустук инфекциянын пандемиясынан улам келип чыккан катуу каатчылыкты башынан кечирип жаткан учурда абдан орундуу. Көптөгөн компаниялар айрым адистерди тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экендиги менен туш болушат. Биз аларга айрым функцияларды аутсорсингге берүүнү сунуштайбыз. Башкача айтканда, тигил же бул адиске муктаж болгондо, бул ишти бизден заказ кыла алышат. Ошентип, алар социалдык жөлөкпулдарды, эмгек акыларды жана жумуш орундарын үнөмдөшөт.

Маанилүүсү бардык Quick Expert консультанттары чоң тажрыйбага ээ практиктер. Биз аларды кылдаттык менен тандайбыз. Каттоодо эксперттер компетенттүүлүктү текшерүүнүн бир нече этабынан өтүшү керек: резюмеден баштап дипломдорго жана сертификаттарга чейин. Биздин компаниянын имиджи ушундан көз каранды экендигин жакшы түшүнөбүз.

— ЭКСПЕРТТИН ИШИ ЖӨНҮНДӨ КАРДАРЛАРДЫН ОҢ ЖАНА ТЕРС СЫН-ПИКИРЛЕРИ АНЫН ПЛАТФОРМАДАГЫ ПОЗИЦИЯСЫНА ТААСИР ЭТЕБИ?

— Quick Expert кардарлары өздөрүнүн эксперттик рейтингин түзүшөт. Консультациядан кийин, тутум беш баллдык шкала боюнча алынган кызматтын сапатын баалоону сунуштайт. Бул маалыматтар рейтингдин негизин түзөт. Кызматты алган ишкер гана добуш бере алат, бул жасалма алдамчылыкка жол бербөө үчүн жасалган. Мындан тышкары, система сиздин белгини акчага көтөрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Бул рейтингди толугу менен көзкарандысыз жана объективдүү кылат.

Эксперттердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын баалоонун ички тутуму бир эле учурда эки функцияны аткарат. Биринчиси — кардар мыкты адисти тандай алат, экинчиси —  эгер эксперт терс сын-пикирлерди алса жана төмөн балл алса — бул биз үчүн мындай адис менен келишимди бузуунун көрсөткүчү. Биздин максат бизнес үчүн чындап эле пайдалуу аянтча болуу.

— ИШКЕРЛЕР ҮЧҮН ТИГИЛ ЖЕ БУЛ КЫЗМАТ ОРТОЧО ЭСЕП МЕНЕН КАНЧА БОЛОТ?

— Биздин адистер өз кызматтарынын бааларын өз алдынча аныкташат. Тажрыйбасына, иштин багытына жана адис келген өлкөгө жараша. Биз бул базаны тынымсыз кеңейтип жатабыз, бул кардарга кыйла кеңири тандоо берет. Орточо алганда, Кыргыз Республикасынан келген адиске консультация берүүнүн баасы 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин, Казакстан Республикасынан келген консультанттардын баасы жогору.

Ошондой эле DAI Europe Ltd. жеке компаниясынын филиалынын колдоосунун аркасында Кыргызстанда (PEAK) жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкында ишкерлер 85% га чейин консультациялык кызмат көрсөтүү үчүн субсидия алууга мүмкүнчүлүк алышарын белгилеп кетким келет.

Бир ишкер өзүн-өзү көтөрө албайт жана анын компаниясынын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгышы керек деп коёлу. Ал бизге кайрылып, анын ишинин шарттарына ылайык, колдоо программасына киргенин байкасак, ага ушул жардамды сунуштайбыз. Мындай учурда кардар эксперттин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасынын 25% гана төлөшү керек болот. Мындай учурлар бизде тигүү жана билим берүү тармагындагы ишканалар менен болгон.

— QUICKEXPERT ПЛАТФОРМАСЫНЫН ЭКСПЕРТТЕР БАЗАСЫНА КИРҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

— Алгач сиз каттоодон өтүшүңүз керек. Бул ишкердин ыңгайлуулугу жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн жасалууда. Төлөм ишке ашпай калса же болбосо, ага кызмат толугу менен көрсөтүлбөй калса, биз аны менен байланыша алышыбыз керек. Биздин тутум кардар алган кызматына ыраазы экендигин тастыктаганга чейин, төлөм тоңдурулуп тураарын камсыз кылат жана кырдаалга жараша ишкерге же кызмат көрсөтүлөт, же төлөм кайтарып берилет.
Андан кийин кардар платформага кирип, экспертти тандайт, "акысыз суроо берүү" баскычын басат. Кызмат көрсөтүлгөндөн кийин, система 30 мүнөткө же бир саатка консультация алып, акысын дароо төлөөнү сунуштайт. Бул үчүн биз электрондук капчыктарды жана Visa жана MasterCard банк карталарын платформабызга киргиздик. Ошентип, операцияны телефон аркылуу жасаса болот.

Формат боюнча айта турган болсок, система ишкер менен эксперттин ортосундагы байланыш WhatsAppка окшош баарлашууда боло тургандай иштелип чыккан. Ал суроо жазып же үн билдирүү жөнөтсө болот. Учурда видео баарлашуу функциясы боюнча да иштеп жатабыз.
Кардардын ыңгайлуулугу үчүн, биз анын сервери боюнча анын адис менен болгон баарлашуусун сактап калабыз. Ошентип, ал каалаган учурда эксперттин сунуштарына кайтып келе алат.

— ДОЛБООР КАНТИП КИРЕШЕ ТАБАТ? СИЗДИН КОМПАНИЯНЫН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ЭМНЕДЕ?

— Бул суроого жооп берүү үчүн, долбоордун келип чыгуу тарыхы жөнүндө айтып берүү керек. Төрт жылдан ашык убакыттан бери КМШ өлкөлөрүнүн ишкерлери менен билим берүү тармагында иштешип келем. Ушул мезгил аралыгында мен ишкерлер өнүгүүнүн кайсы бир баскычында токтоп калган же алар көтөрө албаган көптөгөн көйгөйлөргө туш болгон ар кандай окуяларды көрдүм.

Мен ар дайым алардан эмнеге эртерээк, алгачкы баскычта экспертке кайрылышпагандыгын сурадым. Анан кимге кайрылууну, кайдан кеңеш алууну билишпейт деген жоопту алдым. Андан кийин бардык керектүү адистер телефондо болсо кандай сонун болот деп ойлодум. Ошентип, QuickExpertти түзүү идеясы пайда болду.

Башында долбоорду социалдык долбоор катары ишке ашыргым келди. Бирок тиркеме түзүү жана аны тейлөө өтө кымбатка тураары белгилүү болду. Анан эксперттерден чакан комиссияларды алабыз деген чечим кабыл алынды. Башкача айтканда, каттоонун бардыгы акысыз, эгер эксперт кардардан акча албаган болсо, анда бул дагы жакшы, эгерде ал алган болсо, бизге кичинекей пайызы чегерилет. Биз үчүн эң негизгиси бул колдонмо бизнеске жардам бериши керек болгон жана ошол бойдон кала берет.

— СИЗДИН ДОЛБООР "КЫРГЫЗПАТЕНТКЕ" ЖАГЫПТЫР. АЛАР СИЗГЕ КАНДАЙ КОЛДОО КӨРСӨТҮШТҮ?

— Мен “Кыргызпатент” жарыялаган сынак жөнүндө IT адистер платформада иштеп баштаганда билдим. Бул кыйын мезгил болчу, каржы булагы жетишсиз, жөн гана колдоо да керек болуп турган мезгил болчу. Ошондуктан, стартаптарды колдой турган программа бар экендигин укканда аябай кызыгып кеттим. Чындыгында, Кыргыз Республикасында учурдагы бизнести колдоо боюнча көптөгөн долбоорлор бар ал эми жаңы баштаган ишкерлер үчүн таптакыр эч нерсе жок.

Сынакка 300 арыз келип түшкөн, алардын арасында биздики дагы бар болчу. Биз тандоо этабынан өтүп, акселерация программасы уюштурулган 30 компаниянын катарына кирдик. Менин чоң иш тажрыйбама, анын ичинде консультант болуп иштегениме карабастан, КМШ өлкөлөрүнүн эксперттеринен билим алганыма кубандым.

Насаатчылар абдан жакшы тандалгандыгын белгилей кетүү керек. Алардын арасында Грузиядан, Беларусиядан, Казакстандан, Сколководон, Инновация фондунан жана башкалардан келген адистер болгон. Ушундай күчтүү адистерден билим алып, мен өзүмдү жеңүүчү деп эсептей баштадым. Бирок биз сынактан андан ары өтүүгө мүмкүнчүлүк болуп, төрт жеңүүчү 500 миң сомго грант утуп алдык. Бул абдан пайдалуу болду.

Бүгүн биздин компания Инновация фонду менен жигердүү кызматташууну улантууда, Сколково биздин долбоорду баса белгиледи. Конкурс аяктаганына карабастан, “Кыргызпатент” бизге жардамын улантууда. Алар ар тараптуу колдоо көрсөтүшөт, буга биз абдан ыраазыбыз.

— QUICKEXPERT ПЛАТФОРМАҢЫЗДЫН БЕТ АЧАРЫ КАЧАН ЖАНА КАНДАЙ ФОРМАДА ӨТКӨРҮЛӨТ?

— Долбоордун бет ачарын 29-апрелде өткөрүүнү пландап жатканбыз. Бирок, бизде даярданууга убакыт өтө аз. Мындан тышкары, дата Орозого туура келет. Ишкерлерге жана эксперттерге иш-чараны кийинчерээк өткөрүү ыңгайлуу болот деп чечтик. Алдын ала айта турган болсок бет ачар 20-майга пландаштырылган.

Биз PEAK, Евразия өнүктүрүү банкы жана “Кыргызпатенттин” өкүлдөрүн чакырып, масштабдуу иш-чара уюштургубуз келет. Биздин идеяга ылайык, болжол менен үч сааттын ичинде биздин адистер чакан жана орто бизнеске, ошондой эле жаңы башталган ишкерлерге эң курч маселелер боюнча акысыз кеңеш беришет.
Бардыгын биздин иш-чарага келүүгө чакырабыз.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу