Бизнести оффлайндан онлайнга өткөрүү жолдору. Ийгиликтүү ишкерлерден кеңеш

03.03.2021, 10:00 Өнөктөштүк макаласы
Бизнести оффлайндан онлайнга өткөрүү жолдору. Ийгиликтүү ишкерлерден кеңеш

Кыргызстандагы бизнес онлайн форматка беш жыл мурун активдүү туташа баштаган. Ар бир өлкөнүн онлайнга туташуу динамикасы ар башкача берилген. Бул инфраструктура, накталайсыз төлөм жана башка жагдайлар менен байланыштуу. Эгерде пандемия болбосо, баары өз нугу менен улана бермек. Карантин мезгили оффлайн иштеген компаниялар үчүн интернетке туташуу керектиги тууралуу олуттуу ойлонууга түрткү берди.

2020-жылдын алдын ала берген жыйынтыгына ылайык, дүйнөлүк электрондук сооданын чекене сатуусу глобалдуу түрдө 16.5% жогорулаган, ал эми жалпы сооданын көлөмү 3.9 трлн долларга жеткен. Бул маалыматты Insider Intelligence басылмасы жарыялаган. Сандар таң калтырат. БУУ Конференциясынын ЮНКТАДдын соода жана өнүктүрүү боюнча маалыматына ылайык, рыноктун басымдуу бөлүгүн АКШ, Япония жана Кытай өз ара бөлүштүрүп алышкан. Интернет-сооданын «гигант» өлкөлөрүнүн ондугуна Германия, Түштүк Корея, Улуу Британия, Франция, Канада, Индия жана Италия кирет.

Ал эми Кыргызстанда бизнес интернет тармагын жаңыдан гана өздөштүрүп келе жатат. Бул процессти «офлайн» иш алып барган компанияларга катуу таасирин тийгизген COVID-19 пандемиясы ылдамдатты.

«Пандемия шартында офлайн жана онлайн-бизнестин айырмачылыгы даана көрүнүп турду. Офлайн-магазиндер жабылып же иштөө мөөнөтүнө чектөөлөр коюлду. Ошол эле учурда онлайн-дүкөндөр карантин жана башка учурда деле 24/7 бою иш алып барып жатышты. Андан сырткары, онлайн бизнести ачууда ижара акысын төлөө жана кеңсени камсыздоо сыяктуу чыгашалар болбойт. Ошол себептен, товарлардын баасы төмөн болушу мүмкүн. Сайт же социалдык тармактан баракча ачууну бүгүнкү күндө интернетке мүмкүнчүлүгү бар ар бир жаран жасай алат. Онлайнды иштетүү үчүн, салтка айланып калган бизнестен дагы аз чыгаша сарпталат», — деп билдирди Кыргызстандагы PayBox.money бизнести өнүктүрүү боюнча директор Атай Соронкулов.

Анын айтымында, онлайн бизнес өзгөчө билимди же жөндөмдү талап кылбайт.

ИНТЕРНЕТТЕН БИЗНЕС АЧУУ ҮЧҮН ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ 5 КАДАМ:

- Жеке ишкер жана юридикалык жак катары катталыңыз.

- Сайт же социалдык тармактан баракча ачыңыз. Сайтты өз алдынча иштетсе болот, бул үчүн интернетте толтура мүмкүнчүлүктөр бар.

- Сайт аркылуу төлөм жүргүзүүнү дагы кошуп коюңуз. Сатып алуучу карта, терминал же мобилдик баланс аркылуу өзүнө ыңгайлуу жол менен төлөй алат. Бул үчүнPayBox.money тутумун кошуп коюңуз. Ал үчүн көп убакыт талап кылынбайт, ал эми социалдык тармактан төлөмдү ишлтеме аркылуу жүргүзүүнү дагы кошуу керек.

- Товарды жеткирүү маселесин дагы чечип алыңыз — курьер аркылуу, өзү алып кетүү же почта аркылуу товарды алуу мүмкүнчүлүгүн түзүңүз.

- Учурдагы кардарларыңызга айтып жана жаңы кардарларды дагы тартыңыз. Бул үчүн азыркы кардарларга электрондук почта билдирүүлөрдү жөнөтүп туруу керек жана социалдык тармактарда жарнамаларды, контексттик жарнамалар, билдирүү такталарын ж.б. колдонсоңуз болот.

Бул жалпы сунуштар. Бирок, бизнестин өзүнүн тармагына жараша жолдору болот. Ошон үчүн «Акчабар» онлайн бизнести бутка тургуза алган ишкерлер менен сүйлөшүп, интернеттен бизнести ачуу оңойлугун, кандай оң жана терс жактары бар экендигин ошондой эле электрондук коммерцияны өркүндөтүү үчүн эмнелер тоскоол болуп жаткандыгын аныктап көрдү.

«Биз жеткирүү кызматтарынын дүйнөлүк тажрыйбасын жергиликтүү рынокко ийгиликтүү киргизе алдык»

Азиза Анарбекова, Namba Food компаниясынын башкы директору:

Namba Food Кыргызстандын рыногунда 2012-жылдан бери кызмат көрсөтүп келет. Иш жаңыдан башталаган учурда, дүйнөлүк  рынокко таянуу менен тамакты жеткирип берүү тармагына басым жасаган. Бирок, биздин рынокто мындай нерсе иштебейт, себеби бул учурда тойканалардын жеке курьерлери дагы жок болчу. Ошондуктан бул ишти Namba Food өзүнө алган.

Өзүбүздүн курьердик кызматтын программасын түздүк. Бул сапатты көзөмөлдөөгө жардам берди. Биз жеткирип берүү кызматынын дүйнөлүк тажрыйбасын, талапка жараша  ийгиликтүү ишке ашыра алган компаниялардын бирибиз. Бүгүнкү күндө — бул Бишкектеги жеткирип берүү кызматы бар, күнү-түнү иштеген жалгыз компания.

Бир платформада сиз дээрлик 250 тамактануучу жайдын тамагын, рыноктогу товарлардан, медикаменттерди, гүл жана жакындарга белектерди, техника, үй жаныбарлар үчүн товар ж.б. буйрутма бере аласыз. Мунун баарын комиссиясыз Visa, Mastercard, Maestro, «Элкарт», Mbank online жана башка аркылуу онлайн төлөсөңүз болот.

ИНТЕРНЕТ БИЗНЕСИ ҮЧҮН БЕШ КЕҢЕШ:

ИНТЕРНЕТ БИЗНЕСИ ҮЧҮН БЕШ КЕҢЕШ:

Алгач талапка ылайык, кайсы продукту менен иштешесиз аныктап алыңыз, ошону менен бирге эле анын баасын так билип алуу керек. Кардар убактысын жана каражатын үнөмдөөсү керек, муну менен катар максималдуу түрдө сапаттуу кызмат ала алышы керек.

- Профессионал адистерден турган адамдарды чогултуңуз, ошондой эле сөз IT тармагынын колдоосу тууралуу дагы болуп жатат.

- Бардык тутумдарды максималдуу түрдө автоматташтыруу керек. Биринчи этапта оор болот, бирок акырындык менен жасай берсе, баары жайына келет.

- Абийирдүү өнөктөштөрдү таап, алар менен чын мамилени түзүп алыңыз.

- Процесске жана натыйжага көңүл буруңуз.

Каржы чыгымдары боюнча, мен көп же аз акча салыңыз деп айтуудан алысмын. Башкы капитал, рыноктун кабыл алуусуна жараша ар башка болот. Интернетте сиз белгилүү бир жерге байланбайсыз, ошондуктан ижара акы сыяктуу ресурстарды башка жакка колдонуп, үнөмдөсөңүз болот.

Электрондук коммерция долбоорлорунун жакшы жактары абдан көп. Бул эркин жана ийкемдүү. Бул кызматтарды башка өлкөлөрдө физикалык катышуусуз камсыздоого жана так сатуу үчүн чоң маалыматтарды чогултуу мүмкүнчүлүгү бар.

Көпчүлүк үчүн алгач ыңгайсыз болушу мүмкүн (бирок, бул баарын социалдык тармакка чыгара берген  жаш аудиторияга тиешеси жок). Бул жерде катуу чуркоо, марафон деген сыяктуу нерселер жок. Ар бир майда нерсеге чейин көнүл буруу керек. Эгерде майда нерселерге анча маани берилбесе, чоң каталарга алып келиши мүмкүн. Дагы бир адашуу — кооз сайт жасасам эле, баары болот деген ишеним. Профессионал адистердин жардамына кайдыгер мамиле кылуу, индивидуализм жөнүндө ойлонбоо, даяр контентти көчүрүү жана башка ушул сыяктуу көптөгөн каталар, онлайн бизнестин жүрүшүнө тоскоолдук жаратат.

Ошондой эле, онлайн-төлөмдү кошуу керек. 2015-жылы биз коопсуз болуу үчүн накталайсыз төлөм жүргүзүү платформасын киргизгенбиз. Бул үчүн көптөгөн адистерди жалдаганбыз. Эгерде ошол учурда  PayBox.money сыяктуу даяр кызмат болгондо, биз канчалаган убакытты үнөмдөп жана нервди сактай алмакпыз.

«Бизнести онлайн жүргүзүү үчүн, бир аз программист дагы болуу керек»

«Кассета.KG» аткаруучу директору Улан Шеримбеков:

Кыргыз тилдүү кинолорду камтыган «Кассета.KG» кызматы — AK ORGO CITY чыгармачыл студиясынын продукциясы.

Бул продукцияны «тамашоучулар» жаратышкан. Алгач алар сахнада тамашалуу номерлерди жаратышчу андан соң, команданын башкы бөлүгү өздөрүнүн студиясын ачып, кино тартууну башташкан.

Мен студияга 2018-жылы кошулгам. Бул учурда балдар өз алдынча бир канча кино тартууга жетишишкен. Биз ким, кайсы жакта болбосун, каалаган кыргыз тилдүү кинолорун акы төлөп көрө алгыдай сервис ачууну чечтик.

Долбоорду ишке ашыруудагы, башкы мүмкүнчүлүк катары  — географиясын кеңейтүү, көрсөтүү үчүн аянтча түзүү, мисалы кинону Орусияга алып чыгуу үчүн чоң каражат керектелет. Анан, албетте, биздин иштен акча табуу. Каржы инвестициясыз фильмдерди тартуу жана андан ары өнүктүрүү мүмкүн эмес.

Мындай порталды Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырган биздин команда боло алды. Бүгүнкү күндө бизден контентти көчүрүү боюнча лидер катары — Кыргызстан, Россия жана Казакстан, андан сырткары бизди АКШдан, Италиядан, Бельгия, Франциядан дагы көргөндөр бар.

 

Артты карап, биз кабылган бир катар кыйынчылыктарды атай алам. Биринчиси — порталдын ишин көзөмөлдөп туруу үчүн бир программалоонун тилин дагы билүү керек. Бул үчүн мен өзүм кыска мөөнөттүү курсту окуганга туура келди. Мен программист боло алган жокмун, бирок, иштин башкы багыттарын түшүнүүгө мүмкүн болду. Экинчиден, сайтты ишке киргизип жаткан учурда — накталайсыз төлөмдөргө атайын шлюз керек экенин билдик. Жыйынтыгында, биздин өлкөдө бардык төлөмдөрдү өзүнө камтый алган, бир провайдер PayBox.money компаниясы бар экенин биле алдык.

Эгерде PayBox.money болбосо, «Кассета.KG» сервисин түзүү абдан узак убакытты талап кылмак. Себеби, ар бир банк менен өз алдынча келишим түзүү керек эле.

Үчүнчүсү, региондо жашаган кыргызстандыктар, онлайн-кызматтар, банк карталары менен  колдоно алышпайт. Айрым маалыматтар менен бөлүшпөө керектигин биле беришпейт жана онлайн-төлөмдөрдүн куралдары тууралуу дээрлик маалыматтары жок. Чындыгында бул жерде, көптөгөн маселелер бар — бул суроо боюнча калктын төмөн сабаттуулугу, инфраструктуранын жоктугу жана башка. Бул, бардык мүмкүнчүлүктөргө карабастан, Кыргызстандагы бизнестин онлайн форматка өтүүсү үчүн башкы маселе деп ойлойм. 

«Интернетке көчүү — бир гана бизнес үчүн эмес, жоопкерчилик дагы болуп эсептелинет»

Дарья Суходолова, Lalafo.kg башкы директору:

Башка бизнес аркылуу интернетке чыгуу жолун жөнөкөйлөтүү үчүн биз товарларды сатуу жана онлайн кызмат үчүн сервис ачтык. 2019-жылы жүргүзгөн акыркы анализ көрсөткөндөй, «Лалафодо» 30 миң ишкер жана компания иштери белгилүү болду.

Долбоор 2015-жылы пайда болгон, анын негиздөөчүсү — Анна Полищук жана Юрий Мухин. Ал учурда алардын бул тармактагы тажрыйбасы абдан мол эле. Анна мындай бизнести КМШ өлкөлөрүндө өнүктүрүп келген, ал эми Юрий — Украинада.

Өздөрү айткандай, алар ишти кичинекей бөлмөдөн башташкан. Долбоор бир убакта бир катар мамлекеттерде, ошондой эле Сербия, Греция жана Азербайжанда башталган.  Кыргызстанда «Лалафо» динамикалуу түрдө өнүгө баштады. Бүгүнкү күндө «Лалафонун» жарым сутка ичиндеги аудиториясы  дээрлик 300 миң адамды түзөт, ал эми уникалдуу колдонуучулардын бир айлык аудиториясы 1.8 млн адамды түзөт. Бул бир гана кыргызстандык аудитория. Эгерде өлкөнүн калкы менен салыштырып көрсө, ар бир төртүнчү кыргызстандык айына жок дегенде бир жолу, «Лалафону» ачып карайт.

Карантин маалында биздин трафик беш эсеге төмөндөп кетти. Бирок, биз мурунку көлөмгө бат эле кайтып келе алдык жана өскөндү токтоткон жокпуз, себеби элдер экономикалык активдүүлүгүн жана айлануусун калыбына келтирүү үчүн сатуу жана сатып алуулары керек эле.

Биздин долбоордун башкы максаты — бул элдерге интернеттен соодалашууга мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү. Өздүк сайт түзүү, аны өнүктүрүү, трафикти тартуу — кымбат жана оор тапшырма. Биз ишкерлерге ири аудиториясы бар даяр аянтчаны сунуштап жатабыз. Каалоочулар «Лалафону» бекер, бирок чектөөсү менен колдоно алышат. Бизнес үчүн биз атайын өзгөчө инструментти иштеп чыкканбыз. Ал ишкерлерге өзгөчө мүмкүнчүлүк берген  бизнес-профиль . Бул инструмент аркылуу жарнамаларды 50% арзандатуу менен чектөөсүз, профилдеги  атаандашсыз  жарыяласа болот.

Колдонуучуларга төлөмдүн ыңгайлуулугун түзүү үчүн PayBox.money кызматын кошуунун үстүндө иштеп жатабыз. Биз, бул кошумча кызмат жакшы жемиш берээрине ишенебиз. Азырынча биз интеграция процессиндебиз. Азыркы учурда биз төлөмдү банк карталары, Элсом электрондук капчык, «О! Деньги», Balance.kg, «Пэй 24» төлөм терминалы жана башка аркылуу алабыз. Биз бул кызматтарды бир канча жыл мурун, ар бири менен өзүнчө келишим түзүп, кошконбуз. Ал учурда PayBox.money сыяктуу кызматтар жок болчу. Азыр бул кызмат аркылуу төлөм системаларын кошуу оңой.

Интернет бизнесине көчүү – өз аудиторияны табуу, сооданы күчөтүү, эл аралык рынокко чыгуу, иш процесстерин оптималдаштырууга мүмкүндүк түзөт. Бирок, өз кезегинде жоопкерчиликти, көп убакытты жана каражатты сарптоо керек. Ошон үчүн жаңы аймакта - онлайн режимде бизнес жүргүзүүдө сизге жардам бере турган подрядчиктерди кылдаттык менен тандап алуу өтө маанилүү.

«Биз Орто Азиядагы AliExpress  менен атаандаш боло алган соода аянтчасын түздүк»

Бакыт Ирсалиев, Ooba.kg компаниясынын башкы директору:

Бакыт Ирсалиев, Ooba.kg компаниясынын башкы директору:

Биздин башкы компаниябыз «Борбор Азиядагы почто кызматы» (Центрально-Азиатская почтовая служба) деп аталат. Юридикалык компания 2016-жылы түптөлгөн. Башкы жумуш— Кытайдан оор жүктөрдү ташуу. Биздин рыноктогу 70-80% товардын бардыгы тең Кытайдан келери жашыруун эмес. Ошол себептен, биз ишибизди ушул тармакта жүргүзүүнү чечтик.

2016-жылы биз почто аркылуу жеткирип берүү кызматтарын өнүктүрө баштадык. Кыргызстанга посылкаларды жеткирүү жолунун бардык этаптарын көзөмөлдөгөн жана логистикалык байланыштын оптимизациялоо боюнча маалымат тутумун ишке ашырган трекинг тутумун биринчилерден болуп киргиздик. Мунун баары кардардын ишеничин актоо үчүн ишке ашырылган.

Өкүнүч менен айтканда, бизде Кыргызстанда чек ара почтосу аркылуу жүк ташуу тармагы өнүгө элек. Бул боюнча AliExpress көп алектенет. Соода аянтча улуттук почта байланыштарынын операторлору менен гана иш алып барат. AliExpress аркылуу Кыргызстанга товар 40 күн жана андан көп күн ичинде жетет. Биз кытайдын соода аянтчасы менен колдонуп көрүүнү чечип, 2018-жылы Алиэксперэсстин аналогу болго өзүбүздүн ooba.kg ишибизди баштадык. Биздин өзгөчөлүк, жакшы курулган логистика аркылуу бизде жеткирип берүү 7 күндөн 12 күнгө чейинки убакытты алат (пандемияга чейин), азыркы учурда жүктү авиабайланыш аркылуу жеткирип берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Бул бизге үч иш күн учурунда жүктү жеткирүүгө мүмкүндүк түзөт.

Жакынкы пландарда биз Өзбекстан, Казакстан ж.б. рынокко дагы кирүү. Биз AliExpress менен татыктуу атаандаш боло аларыбызга ишенем. Баалар бизде бирдей, ал эми жеткирип берүү мөөнөтү боюнча биз даана алдыдабыз.

Онлайн-бизнести өнүктүрүү үчүн төрт тапшырма:

  1. Накталай төлөмсүз тармагын өркүндөтүү. Муну менен Кыргызстандын мыйзамында маселе бар. Андан сырткары, бизнес үчүн атамекендик комплекстүү түрдө маселени чечүү керек. Жакынкы убакта рынокко казакстандык PayBox.money компаниясы чыкты. Алар башкы эл аралык тутумду чечүү үчүн маселелерди өздөрүнө алышат.
  2. Транзакция үчүн комиссияны төмөндөтүү. Бүгүнкү күндө комиссия 2.5% - 4% ортосунда турат. Бул бизнестин айрым түрлөрүнө кыйынчылыкты жаратууда. Кээ бир ишкерлер 5%  пайда көрүшөт. Ошондуктан алар пайданын жарымын накталайсыз төлөм үчүн эле короткулары келбейт. Албетте, бул акчаны товардын баасына кошуп кою мүмкүн, бирок ал учурда атаандаштык жөндөмдүүлүгү төмөндөп кетет. Мисалы, кытайда комиссиянын көлөмү 0.1% түзөт.

3.Онлайн соода үчүн товарларды санариптештирүү. Дүйнө жүзү боюнча, санариптештирүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын борборлор бар. Бизде бул багыт абдан төмөн өнүккөн.

4.Почта логистиканын ички инфраструктурасын экспресс-жүк ташууну  өнүктүрүү. Кыргызстанда бүгүнкү күндө жакшы курулган процесстери жана автоматташтырылган маалымат тутуму бар ишенимдүү логистикалык өнөктөш жок.

Жыл сайын AliExpress Европа өлкөлөрүнө төрт млрд посылка жөнөтүшөт, анын ичинен 7% Казакстан аркылуу кетет. Бул боюнча Кыргызстанда географиялык мүмкүнчүлүк чоң. Бирок, жакшы түзүлгөн ички жана тышкы логистика инфраструктура үчүн биз чек арада соода жүргүзүүнүн глобалдык экосистемасынан ажырап калуу тобокелдигине карабастан, Борбордук Азиянын ири хабына айланууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу