«Дордойдон» Интернетке. Кантип сооданы көбөйтүп, глобалдык рынокко чыкса болот

15.03.2019, 11:58 Азиза Бердибаева
«Дордойдон»  Интернетке. Кантип сооданы көбөйтүп, глобалдык рынокко чыкса болот

 Alibaba менен Amazon сыяктуу компанияларды билбеген киши жок болсо керек. Баардыгы эле билишет. Биз бул жактан эч нерсе сатып же сатып албасак да, алтургай алардын сайтына кирбесек дагы бул ири соода гигантары экенин жакшы билебиз. Учурда алар дүйнөдөгү  эң ири он фирманын катарына киришет. 

А сиз Кыргызстанда дагы электрондук соода аянтчасы түзүлүп,  Борбордук Азия мамлекеттеринде Amazon болушу мүмкүнбү деп ойлойсузбу ? Бул компания келечекте бир гана республикада эмес, андан сырткары электрондук сооданы өнүктүрө алат. 

 Qoovee компаниясы жана анын негиздөөчүсү Туратом Булембаев менен үч жыл мурда таанышкам. Анда бул долбоор жаңы түзүлуп, ал кандай болоору белгисиз эле. Эми жылдар өткөн соң, Qoovee  бизнес чөйрөсү үчүн аянтча болуп, элүүдөн ашык  өлкөдөн  21 миң экспортчуларды бириктирип, кыргыз  экспортчуларына дүйнөлүк рынокко чыгууга шарт түзүп олтурат. 

Бүгүн биз компаниянын башчысы Турат Булембаев менен Кыргызстандагы электронук коммерция боючна сүйлөшүп, экспорттонун күңгөйү менен тескейи тууралуу  ой бөлүшүп,  эмне үчүн мамлекетке күчтүү бренд керек экенин талкууладык.   

- Үч жыл аралыгында сиз элекрондук коммерция менен ар кайсыл өлкөлөрдө иштеп көрдүңүз. Айтсаңыз,  Кыргызстан кайсыл деңгээлде?

- Кыргызстан  электрондук рынок үчүн өтө чаккан  мамлекет. А эгер адамдардын ой жүгүртүүсү менен алсак, анда  мурунку жылдар менен азыркы учурду салыштырсак  Интернет  аркылуу  ишти жүргүзүүнү эл билип калды.  Биз мунун өз ишибизде көрүп жатабыз. Алсак,  бизге 1.5 миң кыргызстандык товар жөнөтүүчүлөр катталды.

 

- Алардын баардыгы экспортко чыгаруучуларбы?

- Ооба,  булардын баары экспортчулар. Булардын көбү ири фабрикалар.  Алтургай, буга чейин товар жеткирүүдө маш болгон «Дордойдо»  иштеген адамдар да кантип ишти жылдырууну  билбей калышкан. Алар бизге кайрылып, жардам сурашууда. Жалпысынан алганда электрондук коммерция жандана баштады. Алтургай өсүү бар. 

- Сиздердин электрондук  сатуулар кыргыз экспортчуларына кандай мүмкүнчүлүктү ачат?

- Биздин аянтта 50 ашык мамлекет бар. 60% активдүү бөлүгү бул –КМШ мамлекеттери, мурдагы совет мамлекеттери, калгандары – Жакынкы Чыгыш, Турция, БАЭ, Бангладеш, Түштүк Азия,Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү. Биздин экспортчулар бул мамлекеттерге барып, байланыш түзүп, рынокто  сатууну  издеп келишкен. Россиядан сырткары мамлекеттерге чыгуу убакыт менен каражаты  көп талап кылган. Эми бул жогорудагы  көйгөйлөр  электрондук  коммерция аркылуу жолго коюлду. Он-лайн сатууга чыгуу орто жана чакан бизнеске өбөлгө болмокчу.  Биздин көпчүлүк товар жөнөтүүчүлөргө  ички рынок кызык эмес. Эгерде алар 1 миллион футболка алып келсе, аны бул рынокто сатып түгөтө  албайт. Алар үчүн Россия, Европа сыяктуу  ири мамлекеттер керек. 

- Сиздердин платформага өнөкөштөр канчалык ачык-айкын чыга алышышат? аларды тартуу кыйынга турдубу?

- Алгач менен жеке өзүм байланышып, миңден ашык компанияларды бул электрондук соода системасына киргиздим. Андан кийин 20 миң компания өздөрү  он-лайн режиминде катталышты. Биз азыр ар бир товар  ташуучу менен жекеме-жеке жолугушуп, биздин платформага кел деп чакырып, макулдашпайбыз. Алар эми өздөрү  табып келип жатышат. Он-лайн катталуу жасалат.

- кыргызстандагы  кайсыл товарлар  сиздин платформа аркылуу абдан өтүмдүү болууда?

- Кийим кече. Жеңил өнөр жайынын кең мүмкүнчүлүгү бар. Биздин республиканын артыкчылыгы жакшы жана сапаттуу үлгүдөгү кийимдерди тиге алышат. Жакынкы Чыгыштын  рыногу  280 млн адам. Бул өтө чоң рынок. Бул рынокту бир гана кийим менен эмес, азык түлүк менен дагы  камсыздасак болот.Адамдар көп, өндүргөн товарлары аз.  Ошондуктан, ар кандай продукцияларды жөнөтө алабыз. 

Эгерде биз  made in KG чыгарган кийимдерге кайрылсак, Россияда бул кийимдерге суроо талап жогору. Биз эми made in KG  берендин рекламалоонун эбин табып–бул укмуш дегенге жетишпей жатабыз. Алтургай, атамекенибизде  кыргыз продукцияларына  төмөн  баа берилүүдө. Буга чейинки «колдо тигилген» деген түшүнүк бизде терс кабыл алынып калган. Ошондуктан, биздин көп өндүрүүчүлөр made in Turkey  биркасын чаптап, аны Россияга жөнөтүүдө. Ошондуктан, биз атамекендик өндүрүүчүлөргө  мамилени өзгөртүүбүз керек. 

- Голобалдык рынокко чыгууга бизге эмне тоскол болуп жатат?

- Биздеги кыйынчылыктар бизнесмендер бир эле ишке байланып калышкан. Биз Россия менен Казахстанга экспорттоп ошону менен эле чектелип калганбыз.  А жаныбыздагы Өзбекстан, 32 миллион калкы менен эске алынбайт. А алар кыргыз текстиль  тармагын  жакшы баалашат.  Алар«Дордойго» келип дүңүнөн  бул жерден товар ташып кетип жатышат.  Биздин текстилдин артыкчылыгы модель  жаңы, кызыктуу  жана модага шайкеш. Ошондуктан, өзбек кыздары биздин кийимдерди жактырышат. Эгерде биз  Өзбек рыногуна олутту мамиле менен чыксак, анда Казахстандын рыногунан ашып  кетмекпиз.

Андан тышкары, Жакынкы Чыгышка жана КМШ мамлекеттериндеги айрым өлкөлөргө мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Биз жакын арада БАЭ  Экономика министри менен  келишим түзүп иштей баштайбыз.  Qoovee – азырынча КМШ мамлекеттериндеги жалгыз жана биринчи  электронндук  коммерция жасаган аянтча. Биздин аянтча Жакынкы  Чыгыш менен КМШ мамлекеттерин байланыштырган көпүрө боло алат.  

Азыр дагы бир маселе мамлекеттик  маркетинг өнүкпөгөнү. Кыргызстанда санарипке көңүл буруп, баардык проблеманы чечүүчү жол катары карадоо. А чындыгында, маркетингди эле өнүктүрүп,  товарларды ири рынокко чыгаруу зарыл. 

- Биздин экспортчулар тушуккан эң негизги көйгөйлөр кайсылар?

- Кыйынчылыктар көп:биринчиси тил барьери.  Товар ташуучулардын баары эле англисче сүйлөй алышпайт.Бул маселени дагы ортого котормочунун коюп чечсе болот. Бирок, эң башкы маселе бул адамдардын өзүнө-өзү  ишнебегени. 

- Кыргызстандын кайсыл товарлары  ири рыноктор үчүн кызыгууну жаратат, кайсыл товарларды экспорттонун көлөмүн көбөйтө  албай жатабыз?

- Бал.  Чет өлкөдө. Айрыкча Араб эмирлигинде биздин балдын  бир килограммынын баасы 9 миң сом. А бизде ал 500 сом турат.  Экинчи мисал бул – эт. Алма-Атадан жумасына эки жолу  Эмиратка эт жүктөлгөн сомолет учат. Бир аптада  200 тонна эт Казахстандан  Эмиратка жөнөтөт.  Дагы бир азык бул– алма. Жакынкы Чыгышта  алардын алмалары даамдуу эмес. Кыргызстан бул багытта дагы экспортту күчөтсө болмок .

- Айтыңыздарчы бизнесмендерге эффективдүү товар сатуу үчүн кандай кеңеш берет элеңиз?

- Экспортчуларга биринчи берер кеңешим –талаптарды текшерүү керек. Ал үчүн жакшы маркетплейс даярдап, товардын жакшы сүрөтүн жана анын мүнөздөмөсүн жазып илүү керек. Бир соода маркетинде бир эле соода сатуучу  жай кармаш керекпи же түйүн ачуу  зарылбы. Бир  маркетплейс Турцияда күчтүү болсо, КМШ мамлекеттеринде башкасы, араб өлкөсүндө  башка талаптар коюлат.  Ошондуктан, бир эле тарапка эмес, баардык жактарга маалыматтарды илип, карасаңар анда мүмкунчүлүк көбөйөт. Эгерде олутту мамиле кылсаңыз анда инвестиция тартуу керек.

Көп экспортчулар  өздөрү  тууралуу  ачык жазуудан тартынышат.  Эгерде көбүүрөк буюрутма түшсө, аны аткара албай кыйналышат. Бул маселе. Ошондуктан, тез арада талаптарды аткаруу рыноктун шарты.  

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу