Бизнестеги өзгөрүү: Кантип 12 млн жоготуп, башка адам болдум

03.12.2018, 11:45 Азиза Бердибаева
Бизнестеги өзгөрүү: Кантип 12 млн жоготуп, башка адам болдум

Ийгиликтүү өнүгүп жаткан бизнеске ээ болуп, алдыга зор максаттарды коюу менен рынокто ишенимдүү келе жатып, зор пландарды койгон  бизнестен бир түндө эле кол жууп калуу америкалык тасмадагы сюжетти элестетет. Кантип эле дейсизби? Бирок,  ушундай кырдаал бизнестеги чыныгы окуя. Дал ушундай кырдаалга кыргыз бизнесмени Тилек Токтогазиев туш болгон.

Чынын айтайын, Тилек менен жолугушканымда success story же ийгиликтин сырларын жазам деп ойлогом. Бирок,  коомдо ийгиликтүү делген адамдын жакында эле жашоосу баштан аяк башка нукка бурулганын угам деп элестеткен эмесмин.

Күнөсканаларды өлкөдө Тилектей билген адам жок. “Жашыл Чарба” агрохолдинг чарбасын негиздеп, ал кандай климаттык шарт болбосун кышта дагы мол түшүм алууга болоорун иш менен көрсөткөн ийгиликтүү иштерман бизнесмен. Күнөскана бизнеси 2016-жылга чейин жакшы жүргөн. Ушул таптан баштап, Тилектин жашоосу эки бөлүккө “ага чейин” жана “андан кийин” деп так бөлүнүп калды. Күнөскана бизнеси үчүн ыңгайлуу  мезгил башталып, мол түшум жана кирешелер күтүлуп жаткан чакта, жазылбаган пландар турмушта пайда болду.

«Мен ал күндү жакшы эстеп калдым. Үшүк жүрөт дегендиктен, бул кырдаалга даярданып, күчтүү генератор коюп, камдандык. Анын кубаты эгерде жарык өчсө жетмек, биздин күнөсканалар бул шартка даяр эле. Көрсө, коңшу айылдын тургундары бул өзгөрүүгө камданбаптыр. Элдин баары электр энергиясы менен жылынып баштаганда, электр берүүчү станция чыңалып, албетте жарыксыз калышкан.  А бизде жарык өчүп, генаратор иштей баштаган. Баардыгы эле көзөмөлдөнгөн абалда болчу.  Бирок, электр кубаттуулугу өйдө-төмөн түшүп, күйүп кайра жанып, кеминде 10 жолу күйүп-жанып, акыры иштебей калды. Генератор жалгыз болгондуктан, жалгыз эле вариант эле. Чоң казан, суутүтүгү, буутүтүгү, тэнь жана башка каражатардын баардыгы электр энергиясы  менен иштегендиктен, баары токтоп калды», - деп эскерип жатты Тилек.

Бир түндө буга чейин өсүрүүгө жана кам көрүүгө миллион сом жумшалган өсүмдүктүн жарымы өлүп калды. А бул күнөскана бизнесинин алгачкы мезгили эле. Ал эми калган жарым өсүмдүк ооруга чалдыкты. Айласы кеткен Тилек үшүктөн кийин илдетке кабылган жашылчалардан түшүм алуунун аракетинде болду.   

«Кыйын, абдан оор эле. Үйгө келип келинчегимдин көзүно карай албаган оор учур болду. Анда биз балалуу болуп калганбыз. Ага карабай, жашап жаткан батирибизди сатам деген чечимди айтууга туура келди. Өсүмдүктөрдү сактап калуу үчүн кымбат каражаттарды сатып алып жаттым. Күнөскананы көмүр менен жылытып, ага күнүнө 3 тоннадан таш көмүр жагып жаттым. Бул 300 миң сом айына чыгаша дегенди билдирет. Мындан тышкары жумушчулардын айлык акысы да 300 миң сом, жер семирткич жана башка каражаттарга 100 миң сомдон короду. Орто эсепте 700 миң сомдук чыгаша операциялык иштерге жумшалды. Бул иштердин баары октябрь, ноябрь декабрь айларында болуп, баары чыгашага кетти. Бир күнү баардык жасаган аракетим эч нерсени сактап калбасын түшүндүм», - деп уланты Токтогазиев.

Аргасыздык ачууланууга айланып, кетирилген каталарды талдап чыккан бизнесмен узак убакытка чейин кептелген кырдаалды моюнга албастан, андан кантип чыксам деп өзүн жемелеп жүргөн.  

«Мен өзүмдү дүйнөдөгү эң бактысыз адам деп эсептеп, чүнчүп кеттим. Өсүмдуктөрдү жоготтум, квартирамды саттым баары бир эч нерсе сактап калган жокмун. Акыркы байлыгым болсо, андан да кол жууп калдым.  Мен беттегенден кайтпаган кумарачыдай токтоно албай, акыр аягына чейин утам деп ойногондой, мен дагы токтобостон уланта бергем. Кийин бул үчүн өзүмдү жемелеп жүрдүм», - деп билдирди маектешибиз.

Тилектин ордунда башка адам болсо, анын башына келген оор жүктү көтөрө албай, кол шилтеп, бизнестин оңой жолун тандамак. А биздин каарман Тилек ал жолду тандаган жок.

«Баардык кызматкерлеримди бошотум, анткени аларга акы  төлөөгө чамам жок эле. Эч нерсем калган жок, болгону тажрыйбам бар. Ошондо, шакирттерге тажрыйбам менен бөлүшуп, ошону менен майда чыгашаларды жабып, ишкананы кармап турдум.  Миллион табайын деген оюмда да жок эле. Окуткан шакирттеримдин арасынан айлыкка эмес, келечектеги түшүмдүн үлүшүн бөлүшүп иштөөгө  макул болгондорду таптым. Ошентип, кайрадан ишти жандандырып баштадык», - деп белгиледди ал.

 

Азыр Тилек Токтогазиевдин кунөскана бизнеси 2016-жылдагы терс таасирден чыгып, минустан чыккан. Таңкалыштуусу биздин маектешибиз бул окуяны башынан кечиргенине өкүнбөйт, тескеринче тагдырдан тааасирдүү сабак алганына ыраазы.

«Тагдырыма ыраазымын. Дал ушул кырдаал башыман өткөнүнө өкүнбөйм. Мен башка адам болдум. Баардыгы биздин максаттар менен өзүбүзгө көз каранды экенин түшүндум.  Кудай бир эле учур менен ордуна коюп коерун билдим.  Бул кырдаал ден соолугумду солгундатып, нервтен улам буттарым  баспай баштаган. Бул кризисти баштан өткөргон соң, өзүмө көңүл буруп, ден соолугума оолуттуу мамиле жасай баштадым», - дейт ал.

Ден соолукту чыңдап, мээ менен нервдерди калыбына келтирип, ойлорду ордуна коюп, баардыгын башынан баштоо үчүн Индияга сапар тартып, эки жума океандын жээгинде саякаттаган. 

«Мен ал жактан кайрадан жаралгандай болдум. Жээкте жөн эле олтуруп, деңизди телмирип тиктеп, күндүн батканын карап, шамал менен кумдан дагы ырахат алдым. Ал жактан өтө жакыр жашап, бирок чыныгы бактылуу адамдарды көрүп, биз менен алардын айырмасын түшүндүм. Ал жакта эл учурду баалай билип, ар бир учурдан ырахат алып жашаса, биз өткөнгө өкүнүп же келечектен үмүттөнүп өзүбуздү-өзүбүз жемлеп жашайбыз.Ошондуктан, биз каниет алып, эмнеге ээ болсок ошондон ырахат алып жашай албайбыз», -  деген байкоолору менен бөлүштү бизнесмен.

«2016-жылдагы окуяга байланыштуу баардык күнөсканалардын талуу жерин таптым- ал энергоэффективдүүлуктун жоктугу. Бул  Nomad Greenhouse компаниясын негиздеп жана боз үй күнөсканаларын жайылтып жатабыз. 2017-жылы кийиздерди колдонуу менен күнөскана куруп, көмүрдү эки эсе кыскартууга жетиштик. Түнкүсүн кийиз менен жапкандыктан, жылуулук көпкө сакталып, имаратты жылытуу жеңил болуп, отун үнөмдөлдү», - деп билдирди ал.

Мындан тышкары биздин маектешибиз командасы менен маалыматтык системаларды иштеп чыгып, күнөсканаларды адамсыз башкарууга, дүйнөнүн баардык жеринен көзөмөлгө алууга аракеттерди жасап келишет.

« Бул менин перзентимдей жаңы үмүтүмдү жандандырып, өсүп келе жаткандыгында. Келечекте бирдиктүү борбордон туруп, башка күнөскананы дагы башкаруу системасын көзөмөлдөчү компания ачууну пландаштырып жатам.   Бул  Uber же Airbnb сыяктуу болот. Биз учурда бир боз үй күнөсканасын иштетип, экинчисин ачууну ойлоп жатабыз. Ал арзан жана функционалдык жагы көбүүрөк болот. Эгерде күнөскананы 500 чарчы метр жерге куралы деп пландасак, аны курууга кеткен 200 миң сомду үнөмдөп жатам.  Арзандоого карабай, күнөскананын сөөгү алда канча бышык жана жыйнап кетүүгө жеңил болду.  Демек, бул технология  жер ооштуруда жеңил болуп, логистикалык татаал маселе жаратпай, чакан жүк ташуучу унаа менен ташып кетсе болот», - айтты Токтогазиев.

Жогору чекке көтөрүлүүгө татаал жолду басып, кайра түбүнө түшүп калып, кайрадан жогору көтөрүлүүгө күчтүү адамдын гана эрки жетет эмеспи. Тилек чоң жоготууга кабылды, бирок, дал ушул кырдаалдан улам жаңы уникалдуу технологияларды ойлоп чыгып, фермерлер менен күнөскана менен алектенгендердин чыгашаларын кыскараты. Жогорудагы окуяны жыйынтыктасак, анда сиз күткөн максаттар канчалык оор болбосун кол куушуруп олтуруп калбай, изденгиле. А балким, ким билет жыгылып, кайра турган соң жаңы бизнестин багыттарын ачаарсыз.  

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть