Пенсия алуу үчүн минималдуу эмгек стажын киргизүү сунушталды

26.09.2023, 15:31 Наргиза Токоева
Пенсия алуу үчүн минималдуу эмгек стажын киргизүү сунушталды

Депутаттар пенсия дайындоонун минималдуу камсыздандыруу мөөнөтүн киргизүүнү сунушташты. Бул миңдеген адамдарды пенсия алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жактырды.

Аталган мыйзам долбоорун элдин кайрылуусу боюнча депуттатар Мирлан Самыйкожо, Аманкан Кенжебаев жана Максатбек Сарбагышев сунуштады. 

“Бизге майыптыгы бар адамдар кайрылууда. Көрсө, алар расмий түрдө үч айдан алты айга чейин иштесе, мисалы, “Шоро” суусундуктарын сатса, алардын социалдык чегерүүлөрү “Түндүктө” (электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы – ред.) чагылдырылып, аларга Эмгек министрлиги жөлөк пулду төлөөдөн баш тартат экен”, - деп түшүндүрдү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Мирлан Самыйкожо.

Ошентип, 2022-жылы пенсиялык камсыздандырууга 650 майыптыгы бар жаран өткөн.

"Бул категориядагы пенсионерлердин эмгек стажы анча деле чоң эмес. Ошондуктан алардын пенсиясынын өлчөмү да пенсия менен камсыз кылууга өткөнгө чейин алган майыптыгы боюнча ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүнө салыштырганда көп эмес", - деп айтылат мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева мындай жол менен 5 миң 400 сомдон 8 миң сомго чейин жөлөк пул алган майыптар бир айдан үч айга чейин стажы болсо 400-500 сомдон пенсия ала баштаганын билдирди.  

“Эгерде дайындалган майыптык боюнча пенсиянын өлчөмү ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун өлчөмүнөн төмөн болсо, адам пенсиядан баш тартып, жөлөкпулдарды алууну уланта алат жана тескерисинче. Башкача айтканда, мыйзам долбоору бир жолку тандоо укугун сунуштайт”, - дейт Гүлнура Жуматаева.

Жыйында депутаттардын көбү бул мыйзам долбоору калктын аялуу катмарына тиешелүү болгондуктан, кабыл алынышы керектигин белгилешти. Аталган мыйзам долбоору Соцфонддун майыптардын социалдык стажын жогорулатууга милдеттендиргенине көңүл бурушкан жок. Эскерте кетсек, жакында эле парламентте депутаттар минималдуу эмгек стажына каршы чыгышкан. 

Эске салсак, парламенттин жыйындарынын биринде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов пенсия дайындоодо эмгек стажын көбөйтүү жана карылык боюнча жөлөк пулдарды белгилөө зарылдыгы тууралуу айткан. Ошентип, Министрлер кабинети калкты конституцияда белгиленген минималдуу керектөө себетинен төмөн эмес өлчөмдө пенсия менен камсыз кыла алат. Ал эми эмгек стажы жок жарандарга карылык боюнча жөлөк пул берилет. Жыл сайын беш жылга чейинки эмгек стажы жок адамдар пенсия алууга арыз берип жаткандыгын эске алсак, мамлекет буга бир топ акча үнөмдөй алат.

Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин канча адам пенсия албай калышы мүмкүн деген суроо менен “Акчабар” редакциясы Соцфондго кайрылды. Белгиленгендей, мекемеде бир жыл ичинде беш жылга жетпеген эмгек стажы бар канча адам пенсия алуу үчүн кайрылары тууралуу статистика жок экен. 

Социалдык фонд да бул мыйзам долбоору депутаттар тарабынан демилгеленгенин жана ага Министрлер кабинетинин эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

“Министрлер кабинети экинчи окууда мыйзам долбоорунун авторлоруна камсыздандыруу мөөнөтүн көбөйтүү боюнча ченемди алып салуу боюнча сунуштама берет”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ошентип, Социалдык фонд мыйзам долбооруна аралашууну четке какты, бирок эртеби-кечпи камсыздандыруу мөөнөтүн көтөрүү маселесин көтөрөрүн танган жок.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу