Баалуу мамлекеттин үлүшү же Кыргызстандан инвесторлорду качырган популизм

05.02.2019, 10:22 Азиза Бердибаева
Баалуу мамлекеттин үлүшү же Кыргызстандан инвесторлорду качырган популизм

 Кен казуу тармагы Кыргызстандын экономикасына басымдуу салым кошот. Жыл сайын бул тармактан жергиликтүү жана республикалык бюджетке 12  млрд сом киреше кирет. Бул ИДӨ  8% жана   өндүрүштүн жалпы көлөмүнүн 44% түзөт

Инвесторлор үчүн Кыргызстанда кен казуу оңой жана жөнөкөй болушу мүмкүндөй сезилет. Бирок, чындыгында алардын Кыргызстанга келүүсү  американын селкинчегиндей, айрыкча бийлик алмашканда жана бийликтегилердин каттуу жарыяларынан кийин өйдө-төмөн болот түшөт.   

Жакында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзү инвесторлордун үшүн алууда. Анда өкмөт башчы ар бир инвестор менен бизнесте  мамлекеттин үлүшүн сүйлөшүү керек деп белгиледи. 

 

«Ошондо гана биз жаратылыш ресурстарын толук башкарып, жер-жерлерде социалдык маселелерди чечип, элдин ишенимине ээ болобуз. Эгерде экономикалык жактан карай турган болсок, кен казуу тармагы динамикалуу өссө өлкөнун экономикасына басымдуу финансалык салым кошулат», — деди Абылгазиев.

Бирок, премьер баардык инвесторлордун үлүшүн мамлекетке берүүнү милдеттендирсе, анда келечекте инвесторлор келбей коюшат дегенди тактаган жок. Демек, анда экономкага "басымдуу салым" кошуп жаткан булак токтоп калат. Ансыз деле акыркы жылдары чет элдик түз инвесторлордун саны 30% кыскарган. 

Кен казуу тармагындагы ар бир ишкана мамлекетке үлүшүн берүү маселеси биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Ар бир жолу бизнес-коомчулугу менен эксперттер мындай кадамдар  эмнеге алып барарын эскертип тушат. 

Баягы, баягы бүтпөгөн баяны  

Эл аралык Ишкерлер кеңешин башчысы Аскар Сыдыков эскерти,  2012-жылы министрлер кабинети токтом кабыл алып, ага ылайык   кен казгандардын 20%  үлүшү  кайтарымсыз мамлекетке өткөрү чечими чыккан. 

«Ошондо биз бул документтин  натыйжалуу эместигин жана  негизсиз экенин айтканбыз. Ошондо, өкмөт кайра кайтарып алган. Бирок, токтом бир нече ай иштеп калгандыктан,  айрым долбоорлор  кетип калышкан. Башкача айтканда кен казуу тармагына инвестиция салабыз деген  адамдар жогорудагы документ үчүн андан баш тартышты», — деп коммантарий жасады ал.

Дүйнөлук практикада эгерде милдеттүү турдө мамлекетке үлүшүн бөлүшсө, анда алар анын ордуна -жер участогун, каражаттарды же номалдуу инфрастурктурага ээ болушат. 

«Мамлекеттин  катышуусу  бир нерсеге негизделиши керек. Ал өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталуусу шарт. А эгер эч кандай салым жасалбаса,  анда инвесторго кандай түшүндүрсө болот», — деп айтты Эл аралык ишкерлер кеңшинин башчысы .

Чиновник же парламентарий  мамлекеттин үлүшүн талкууга алганда жергиликтүү калк менен мамиле жакшырмак деген аргументи карманышат. Бирок, турмуш чындыгында бул алардын маанайына таасир этпейт. 

Салыктын салмак ташы 

Көпчүлүк адамдар компанияда мамлекеттин үлүшү жок болсо, демек алардан өлкө үчүн пайдасы жок деп жаңылыш ойлошот. Эгерде  тоо-кен тармагындагы салыктын салмагын карсак, анда аймактарда эң көлөмдүү салыктардын бири.Ишкана түшкөн кирешесинин 180 % салык жана салык төлөмдөрү үчүн төлөөгө аргасыз. Мисалга алсак, Монголия же Казахстанда бул цифра 15% ашпайт.

«Эгерде бизде Австралиядай — коррупция төмөн, жеке менчикти коргоо менен мыйзамдардын туруктуулугу болсо , мамлекеттин үлүшү болушу өзүн актамак. Анткени, кайтарымы жана кепилдиги» бар, — деп байкоосун билдирди Сыдыков.

Кыргызстандагы эң ири масташбудуу ишке кирүүү долбоорлордун бири Жерүй алтын кени. Долбоор маанилүү болгондуктан, чет элдик инвесторлордун көңүл борборунда болууда. Тилекке каршы, бул тарых КР  соттук териштирүүлөр, ири айып салуулар менен башталды. 
«Алтын Альянс» компаниясы кен казууга лицензияга ээ болгондуктан,  $600 курулуш объектилерин кечиктиргендиги үчүн айыпталды.  Жумуштун кечиктирилишине баскыч-баскыч менен аткарылуучу курулуш иштерин жөнгө салуучу токтомдун кечиктрилиши себеп болуп, жергиликтүү бийлик тарабынан 2016-жылы күтүүсүз алынып салынган. Бул инвесторлордун жалгыз көйгөйү эмес.

«Жер сатып алууда меселе жаралды,анткени сынак жарыяланып, ага ылайык мамлекет бизге жер бөлүп бермек. Бирок, биз жерди «Кыргызалтын» ААК сатып алууга тура келип, ага көп убакытты короттук. Ушундай эле абал энергетика боюнча. Жарыкка туташуу үчүн убада болгонуна карабай, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» менен келишимди октябрда түздүк. Эми февралда туташтыруу болот», — деп «Акчабарга» «Алтын Альянс»  компаниясынын директору Михаил Шубин билдирди.

Республика ири салымдарга муктаж, андыктан инвесторлого көмөк көрсөтүү керек дейт эксперттер.

«Жерүй» — өлкө үчүн маанилүү жана чоң долбоор. Эгерде бул ийгиликтүү ишке кирсе, бюджетке  каражаттар түшүп, жаңы жумуш орундары түзүлмөк. Ошондуктан, бул долбоорго жардам берүү зарыл.  Учурда маселени чечүү жолдору каралууда» — деп Сыдыков белгиледи.

Мамлекет жардам берет

Чет элдик инвесторлорго мамлекет тарабынан куратор бөлүнүп берилет. Өкүл кеңеш берип жардамдашат. Бул милдетти -инвесторлорду коргоо жана алдыга жылдыруу Агентиги (АПЗИ) аткарат.

«Инвесторлор кезиккен эң көп чыр-чатактар жергиликтүү калк жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен байланыштуу. Түшүнбөстүктөр долбоор тууралуу жеткиликтүү маалыматтардын жоктугунан, тараптардын түшүнбөстүгүнөн келип чыгат.Учурда биз 30 ашык долбоорду коштоп жүрүп жатабыз. Бул долбоордун алкагында жергиликтүү эл жана өзүн-өзү башкаруу органдарына маалыматтарды туура жеткирүү  иштери жасалууда» — деп билдирди (АПЗИ) инвестициялык долбоорлордун инвестицияларды алдыга жылдыруу  бөлүмүнүн башчысы Нурадил Баясов.

Жерүй алтын кенине байланыштуу жакын арада активдүу иштер жасалып баштайт. Элге маалымат гана берилбестен, Талас областынын тургундарына жеңилдетилген насыя алуу үчүн жардам көрсөтүү каралууда. 

«Учурда биз Жерүй компаниясынын жетекчилиги менен биргеликте Талас областына барып, долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн  аныктап келүүнү пландап жатабыз. Биздин максат — кызматташууну социалдык долбоорлорду ишке ашыруу менен күчөтүү» —деп түшүндүрдү Баясов.

Инвесторлорду чочуткан саясат 

Инвесторлордун акчасы көп болгон сайын, ал чечимди таразалап туруп чыгарат. Бизнести өнүктүрүү стратегиясы бир же эки жылга эмес, 10 жыл алдыга жазылат. 

«Милдетүү түрдө мамлекеттин үлүшү тууралу меселе саясатчылар тарабынан популистик көз карашта көтөрүлүп келет. Бирок, эл аралык практика көрсөткөндөй бул жакшылыкка алып келбейт. Монголияда мындай мисал бар. Алар ашыкча пайданын үстүнө салык жана  милдеттүү  мамлекеттин үлүшүн киргизишкен. Бул инвесторлорду чочутуп бул тармактын токтоп калуусуна алып келген. Бирок, алар өз убагында түшүнүп калып, дароо  бул чечимдерди жокко чыгарып, мыйзамдарын оптималдаштырып, кен казуу тармагына ойлонуу менен кадам жасап калышты»— деп билдирди эркин эксперт Кубан Аширкулов.

Анын  пикиринде милдеттүү мамлекеттин үлүшүнө  алуу туура эмес деген пикирди карманууда.  

 

«Мындай норма буга чейин компаниядагы чыгымдарды компенсациялап, өнөр жайды инвестициялайт. Муну жөн эле чечүүгө болбойт. Жакында өлкөнүн жетекчилиги тарабынан  жарыяланган сөздөр, кудуреттүү инвесторлордун маанайына таасир этиши мүмкүн. Азыркы аткаруучуну сөзү дагы таасир этет» — деп билдирди эксперт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу