2018-жылдагы он маанилүү экономикалык жана финансалык окуялар

31.12.2018, 11:17 Азиза Бердибаева
2018-жылдагы он маанилүү экономикалык  жана финансалык окуялар

 2018-жыл жыйынтыкталды. Экономика жана финансы-банктык чөйрөнүн ишмердигин жыйынтыктап, жыл ичинде  кандай манилүү, чуулгандуу  окуялар болгондугун эстөөчү убакыт келди.

Уюлдук операторлор VS банктар

Кетип жаткан  жыл уюлдук операторлор менен банк системасынын өкүлдөрүнүн  тирешүүсү менен башталды. Талаш электрондук капчыктын киргизилиши, тактап айтканда Улуттук банктын  электрондук төлөмдөр  электрондук капчыктар аркылуу жасалып, номерден баланс  толтурууга тыюу салган мыйзамдарынан улам чыккан.   

Мобилдик төлөмдөр тууралуу баардык чындык. Улуттук банк мобилдик төлөмдөрдө эмнени тыюу  салгысы келет?

Кырдаал эл арасында  ызы-чуу жаратып, айрымдар банк системасын көзөмөлдөөчү  электрондук капчыкты колдонууга тыюу салып жатат деп ойлоп калышкан. Мыйзам долбоору кабыл алынып, бирок электрондук капчыктар баштагыдай эле иштеп, өнүгүүдө. Чындыгында, Улуттук банк эмнеге тыюу салууну каалаган  ушул жерден  кеңири окууңуздар.

Улуттук валютага 25 жыл

Кыргыз сому бул жылы өз мааракесин  кеңири  майрамдады. Сомдун туулган күнү 10-майда болгонуна карабай,  расмий майрамдоо алда канча эрте башталды.  Майрамдоонун эң башкы өзөгү сомдун 25-жылдыгына арналган эл аралык конференция менен башталды. Ага Грузия, Швейцария, Өзбекстан, Казахстандын  Улуттук банктарынын башчылары катышты.  Россиядан  Улуттук банктын төрагасынын кеңешчиси келсе, Чехия менен Молдова өз өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. Конференциянын алкагында КР Улуттук банкынын төрагасы  Кыргызстандагы өзгөрүлмө валюта курсунун өзгөчөлүктөрү жана эффективдүүлүгү тууралуу айтты.

 «Акчабар»сомдун мааракесине карата  окуурмандар үчүн тест сунуштап, «Кыргыз сомунун тарыхын сиз канчалык билесиз?», кызыксаңыз ушул жерден караңыз.

Мындан тышкары «Bloomberg»   аналитикалык маалымат агентиги мурдагы СССРга кирген өлкөлөрдүн акыркы жарым жылдагы улуттук валюталарынын өзгөрүүсүнө көңүл бурган. Анын ичинде 4-орунга ээ болгон кыргыз сому дагы талкууга алынган.

Бирок, канчалык биз «сом туруктуу» деп мактанбайлы, ишенимдүү туруктуу болгон медалдын экинчи тарабы, келечекте өлкөбүз«голландия оорусуна» чалдыгышы күтүлүүдө. Кыргыз сомунун туруктуулугунун күңгөй- тескейи тууралуу бул жерден окууңуздар.

Жер үй боюнча соттук териштирүүлөр 

Жерүй алтын кенин иштетүүгө  «Альянс Алтын» компаниясы лицензия алган компания  $600 миң  кен иштетүүчү фабриканы куруу үчүн айып пул төлөшкөн. Ишкананын жетекчилиги КР Мамлекеттик өндүрүш, энергетика жана кен өндүрүү  комитетин сотко берип, анда айып негизсиз коюлду деп, фабрика курууга берилген  мөөнөтүн аяктабаганын айтышкан.

 «Акчабардын» журналисти кен  казылып жаткан жерде болуп, курулуш иштери менен таанышып келген.  Директор менен маектешүү  маалында «Альянс Алтын» келерки жылы компания өкмөткө  дагы бир айып төлөөрү белгилүу болду.Кеңири маалыматты бул жерден окууңуз.

Ошол эле учурда, эксперттер ири компания  менен  уланган соттук териштирүүлөр өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин  тийгизип жатканын  айтышууда.

 «Росинбанкка» байланышкан тарых 

Финансы полициясы  «Росинбанкта» акчаны адалдоого байланышкан схеманы табып чыгып, анын аркасы менен  3 млрд рубль  адалданган. Үч кылмыш иши козголуп, банктын  Башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары  Андрея Гойхмана кармалган.

Андан кийин  Улуттук банк «Росинбанктын»  акцияларына ээлик кылып алганы, коомчулукту, айрыкча депутаттарды кыжырдантып, төраганы мамлекеттин акчасына жеке банкты сатып алуусун сындап чыгышты. Толкунбек Абдыгулов  Улуттук банк түздөн -түз «Росинбанктын» акциясын сатып албаганын түшүндүрдү. Мындан тышкары,  «Акчабардын» журналистине коммерциялык банктьн акцияларын кайрадан каттоого алганынайтып берди.Бул жерден таанышыңыз.

Абдыгулов жана ссудалар

«Росинбанктын» акцияларын сатып алгандан кийин Улуттук банктын төрагасы ызы-чууда калды. Чырдын башы төрагага берилген ссудадан башталды. Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева  эмне үчүн Абдыгуловго 5.5 млн.сом суммадагы ссуданы жоюуп жиберген деп кызыкты.  Финансылык жөнгө салуучу бул сумманын айрым бөлүгүн төлөөгөнүн айтып,  бирок 4.8 млн сомду иштеген тажрыйбасы, вице-премьер-министр кызматына өткөндүгүнө байланыштуу жойгондугунбилдирди. Бул жерден окуусаңыздар болот.

Кыргызстандагы биринчи түз инвестициялар фонду 

 (IFC) Эл аралык финансы корпорациясы, бул Дүйнөлүк банктын тобуна кирген ири финансалык уюм, ал биринчи жолу $8 млн инвестицияны Кыргызстанга түз тартып келген. Ата Мекендик рынок үчүн бул олуттуу окуя, анткени эл аралык институционалдык органдардар  Кыргызстанга ишеними артып баштайт. Кыргыз менталитети корпаративдүү башкарууга даярбы же кантип IFC  компаниясынн инвестициялык  рынокко келди, «Акчабарга»фондун бирден бир негиздөөчүсү  Чолпонбек Жумашукуров айтып берди.

«Акнет»  жана кезектеги чыр 

 «Акнет» команиясынын бирден бир уюштуруучусу Руслан Абдумажитов, экинчи негиздөөчү  Кубан Ажимудинов  уюмдун түшкөн киреше, дивиденттер менен салык төлөмдөрүн жашырып жатат деп айтып чыккан. Абдумажитовдун айтканынан кийин Финансы полициясы  «Акнеттин» кеңселеринде  текшерүү баштап, негиздөөчүлөрдүн жашаган жерлерине дагы барышкан.

Финпол  текшерүүнү аяктап, кеңселерди жабып, баардык документтерди алып кетишип, алтургай ишке тиешеси жок  иш кагаздарын дагы көтөрө кетишкен. Негиздөөчүлөр өз ара талашып жатканда, кардарлар сапатсыз теле көрсөтүү жана Интернетсиз калышкан. Ким туура, ким күнөөлү экендигин аныктоо алда канча татаал эле, бирок «Акчабар» конфликке катышкан, калыс жана кандайдыр бир документтерди алып чыгып, кырдаалда жылчыкты ачышты.  Уюштуруучулар эмнени бөлүшө албай жаткандыгын бул жерден окууңуздар.

«Коопсуз шаар» ишке кирди

Ишке жылдап киргизилбеген долбоор акырындык менен ишке киргизилип баштады. Бул долбоор канчадан бери ишке ашпай келген. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө ишке кирүүчү долбоор узак убакытка чейин ишке ашпай келген. Жыйынтыгында  мамлекеттик  сервистик модель тандалды. Меаектен окууңуздар.

Долбоорду ишке ашыруучу эң биринчи корнкурс  23 августа өтмөк, бирок, аукцион техникалык себептерден улам  болбой калган. Экинчи аукциондун жыйынтыгын  тааныбайбыз деп чыгышкан. Бирок, соттук териштирүүлөрдөн улам россиялык  компания  «Вега» акыры жеңүүчү деп табылды. Долбоордун алкагында алгачкы камералар коюлуп баштады.  

Зилалиев жана анын мыйзамсыз миллиондору 

Мурдагы  вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалаевдын декларацияда берген маалыматтарына караганда, анын беш жыл аралыгындагы чыныгы байлыгы зор айырмачылык менен аныкталды.  Ал декларацияда 2.5 млн сом деп көрсөтсө, кийин анын банктардын биринин филалдарында  $889. миң кутучада (ячейка) сакталган акчасы ачыкталган.  Бул дагы анын баардык байлыгы эмес, ал салык кызматтарынан дагы эмнени жашырып койгондугун бул жерден окууңуз.   

Бул окуядан кийин Мамлекеттик чалгындоо коммерциялык банктардан эсеп жана кутуча (ячейка) ээлери тууралуу маалымат берүүнү талап кылышкан. Бул жаңылык банк секторун гана эмес, башкаларды дагы нааразы кылышты. Көз карандысыз юристтер, Улуттук банк, Экономика министрлиги, Банктар союзу ведомство банк иштеп жаткан мыйзамды одоно бузуп, банк системасы менен мамлекеттин инвестициялык чөйрөсүнө көлөкө түшүрүп жатат деп айтып чыгышты. Жыйынтыгында финчалгындоо өз талабын кайра артка чакырыпалууга аргасыз болду.

Кыргызстан Doning Business рейтингинде жогорулады 

Дүйнөлүк банк Doing Business жыл сайын жарыялануучу рейтингин аныктап, анда 190 мамлекетке саресеп салынат. 2018-жылы  Кыргызстан өз позициясын жакшыртып, 77-орундан  70- орунга көтөрүлүп, республикада бизнес жасоо жеңилдиги эске алынган.  

Ага карабай өкмөт бул менен чектелбей 2023-жылга чейин алдынкы 40 мамлекеттин катарына кирүүнү максат койду. Бул умтулуу куру кыялдай көрүнгөн менен айрым иштер жасалып баштады.

18 декабрда  Мухаммедкалый Абылгазиев токтомго кол коюп, ага ылайык 2019-жылы 1-январдан тартып бизнесмендерди текшерүүдөн бошотконун айтты.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу