Экономика министрлиги кафе жана ресторандардын менюсундагы ата мекендик суусундуктардын 50%ы жөнүндөгү мыйзамга ЖТТ жүргүзөт

20.10.2022, 09:52 Акчабар
Экономика министрлиги кафе жана ресторандардын менюсундагы ата мекендик суусундуктардын 50%ы жөнүндөгү мыйзамга ЖТТ жүргүзөт

Август айынын аягында Кыргызстандын Министрлер кабинети “КР аймагындагы соода жүргүзүү ишмердүүлүгүн тартипке салууу жөнүндөгү” токтомго түзөтүүлөрдү даярдап жаткандыгы тууралуу белгилүү болгон. Ал өлкөнүн бардык кафе жана ресторандарындагы суусундуктардын 50%ы ата мекендик болууга тийиш экендигин божомолдойт. Ошону менен бирге ата мекендик өндүрүүчүлөргө жардам берүү боюнча жакшы ниеттенүүлөрдү бардыгы, анын ичинде алардын кызыкчылыктарын камтып жатканына карабастан бизнес өзү дагы колдогон жок. 

ЭИК (Эл аралык иштиктүү кеңештин) башчысынын айтымында, өндүрүүчүлөрдүн арасында жаңы токтомго карата бирдиктүү көз караш жок.

“Биздин уюмдун мүчөлөрүнүн пикирлери ар кандай болуп калды. Көпчүлүк жергиликтүү ишкерлер документтин кабыл алышын чындап эле бийликтердин бизнести колдоо багытындагы кадамы катары баалашууда. Экинчилери, тескерисинче, каршы чыгышууда, анткени токтомду басмырлоочу катары эсептешет”, — дейт  Аскар Сыдыков.

Кыргызстан мүчө болуп саналган ДСУ (Дүйнөлүк соода уюму) жана ЕАЭБ (Евразия экономикалык биримдиги) принциптерине карама-каршылыктардан тарта, ушул мыйзам долбоору кандай иштейт жана аны кантип аткаруу керектиги тууралуу суроолорго чейин ЧУАга (ченемдик-укуктук акты) карата дооматтар көп. 

Эксперттердин көпчүлүгүнүн пикири боюнча түшүнбөстүк, түзөтүүлөр айдан-ачык эле шашылыш даярдалгандыктан жана ЧУА иштеп чыгуу этабында эффективдүү эмес чечимдерди электен өткөрүүдө негизги роль ойногон жөнгө салуу таасирин талдоо (ЖТТ) жүргүзүлбөгөндүктөн келип чыккан. 

Экономика министрлиги бизнес ызы-чуу кылгандан кийин гана эстерине келишти. Жыйынтыгында дээрлик эки ай өткөндөн кийин мыйзамдын аракети токтотулду.

“Ушул тапта бул мыйзам долбоору токтотулган. Чечим суу жана ЖТТ жүргүзүү боюнча карама-каршылыктарды чечүү максатында кабыл алынды”, — деп “Акчабар” сайтына Экономика министрлиги кабарлады.

Бирок ушул кадам дагы кырдаалды оңдой тургандыгы күмөндүү. Экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде, бул ЧУА ушул тапта парламенттин кароосунда турган “Ички соода жүргүзүү жөнүндөгү” башка мыйзам долбоорун кайталайт.

“Жаңы ЧУАнын ЖТТсы жок, ал чала даярдалган жана популисттик”, — деп эсептейт Шаршеев.

Мунун себеби, ал рынокту жөнгө салуунун рыноктук механизмдерине карама-каршы келгендигинде жатат. Ага Кыргызстандын ички рыногунда казакстандык суусундуктардын пайда болушу өбөлгө болду. Муну ата мекендик суу өндүрүүчүлөрдүн бааларынын кымбаттыгы менен түшүндүрүүгө болот. 

“Казакстандыктар КР рыногунда тазартылган суу, ал эми биздикилер — булак суусун сатышат. Биздин өндүрүүчүлөр мамлекетке роялти төлөп жаткандыктан бааларды көтөрүштү. Бирок чынында  бир бөтөлкө суу бир бөтөлкө бензинден дагы кымбат болуп калды. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн рынокту колдон чыгаруусуна алып келди”, — дейт экономист.

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн туура эмес тактикалык чечимдери атаандаштар аларды рыноктон сүрүп чыгаруусуна алып келди. Бул рынок мамилелеринин көз карашынан алганда кадимки эле окуя. Ал эми кырдаалды рынок инструменттери менен чечүү керек. Мындайларга ички дагы, тышкы дагы соода жүргүзүүлөрдү, рыноктон тышкары тоскоолдуктарды жөнгө салууну киргизүүгө болот. 

Бүткүл дүйнө жүзүндө мамлекеттик органдар бизнеске, өзгөчө кызмат көрсөтүү тармагында кардарларды кандай тейлөө жана эмне тамак берүү керектиги боюнча мажбурлабаганга аракеттенишет. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн такыр башка ыкмаларды – жеңилдетилген насыяларды берүү, чийки зат жана комплектөөчүлөрдү КНСдан бошотуу, субсидиялоо жана бизнес жүргүзүүнүн жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежелерин түзүүнү колдонушат. Бирок Кыргызстанда ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоодо өзүнчө эле жаңычыл болуу менен башка жолду тандашты. 

“Рынок өзү чечүүгө тийиш. Рыноктон тышкары тосмолор – атаандаштыкка жөндөмсүз компаниялардын мамлекеттик протекциясы. Мен муну колдобойм. Киреше, продукциянын сапаты жана сатып алуучунун ортосунда тең салмактуулукту табуу керек. Эгерде кимдир-бирөө бул тең салмактуулукту бузса, анда рынок аны өлтүрөт. Биз азыр ата мекендик өндүрүүчүлөрдө бул кандай болуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Мыйзам аларга муну оңдоого жардам бербейт, болгону алардын “өлүмүнүн” мөөнөтүн узартат. Алар тең салмактуулукту калыбына келтирүүлөрү керек”, — деп жыйынтыктады Искендер Шаршеев.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу