Миссия аткарылат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өлкө экономикасын кантип жандантып жатат?

12.11.2021, 13:43 Акчабар
Миссия аткарылат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өлкө экономикасын кантип жандантып жатат?

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ушул жылдын май айынан тарта трансформацияланууда – ал стратегиялык долбоорлорду демилгелеп, прогноздоо менен алектенип, экономикадагы тенденцияларды тез түшүнүү менен ага барган сайын таасир этүүдө. Эми бул жөн гана насыя берүүчү уюм эмес. Фонд өз кызыкчылыктарынын чөйрөсүн кеңейтүүдө. Ал эми бул кызыкчылыктар мамлекеттин кызыкчылыктары менен толук дал келет.

10-ноябрдан 12-ноябрга чейин КОӨФ Россиянын Экспорттук борбору менен биргеликте Бишкек шаарында россиялык компаниялардын эл аралык диверсификацияланган бизнес-миссиясын өткөрдү. Бул иш-чара кыргыз-орус бизнес чөйрөлөрүнүн жакындашуусуна карай чоң кадам болду. Анын натыйжалары жөнүндө - бул материалда.

КҮЧТҮҮ ШИЛТЕМЕ

Форумга лизинг, логистика, IT, машина куруу, технологиялык жабдууларды өндүрүү жана агроөнөр жай комплекси тармактарынан 60 орусиялык компания катышты.

Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү. 2021-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болжол менен 1,5 миллиард долларды түзгөн. Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасы эки тараптуу форматта, Евразиялык экономикалык биримдиктин жана башка интеграциялык бирикмелердин алкагында кызматташат. Бирок алардын ортосундагы экономикалык потенциал толук пайдаланылбай жатат.

«1990-жылдардын башында ишканаларды утилизациялоону, Россиянын экономикасынын керектөөлөрү үчүн өнөр жай жабдууларын, станокторду, комплекттөөчү тетиктерди жана башка товарларды берүүнү камсыз кылган Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердүүлүгүнүн чынжырлары жоголгон. Бүгүн биз аларды биргелешип кайра куруп, аймактык экономикалык интеграцияны өнүктүрөбүз. Бизнес-миссиянын катышуучуларынын өкүлчүлүктүү курамы ЕАЭБде экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө эки тараптын тең кызыкчылыгы бар экендигибиздин далили. Сиздердин сапар биздин экономикалардын бири-бирин толукташына карай дагы бир кадам болуп саналат», - деди форумдун ачылышында КОӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы өздөрүнүн базарлары менен гана чектелбеши керек. «Биз ЕАЭБдин уставдык максаттарында жана милдеттеринде каралган эл аралык экономикалык интеграциянын алкагында биздин экономиканын артыкчылыктарын ишке ашырууга умтулушубуз керек. Бул жерде Кыргызстандын да өнөктөштөргө сунуштай турган нерсеси бар», - деп кошумчалады ал.

ЭКОНОМИКА ҮЧҮН ИМПУЛЬС

Бизнес миссиянын катышуучулары B2B форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Биринчи күнү төрт келишимге кол коюлду, маселен, «West Food » жана «Техна» компанияларынын ортосундагы келишимди алсак болот. Анда Кыргыз Республикасына кубаттуулугу 20 миң тонна бройлердик канаттуулар фабрикасын куруу үчүн жабдууларды жеткирүү каралган, бул Кыргызстандын эт жана канаттууларга болгон керектөөлөрүнүн 30%га жакынын түзөт.

Кыргызстан 20 жылдан бери бул финансылык инструментти толук өнүктүрүү үчүн лизинг рыногуна ири магистралдык оюнчуларды тарта алган эмес. Бул убакыттын ичинде орусиялык жана башка өнөктөштөр менен талкуулар болду, бирок бизге эч ким ишенген жок. КОӨФ абалды оңдой алды. Өлкө жетекчилигинин колдоосунун аркасында фонд россиялык өнөктөштөр менен Кыргызстандын рыногунда иштөө үчүн толук кандуу лизингдик компания түзүүнү макулдашты. 10-ноябрда КОӨФ «Нацпромлизинг» компаниясы менен

«Нацпромлизинг-Кыргызстан» ЖЧКсын түзүү боюнча уюштуруу келишимине кол койду. Бул компаниянын пайда болушу жакынкы жылдарда фонддун каражаттарын түз пайдаланбастан, Кыргыз Республикасынын экономикасына Россия Федерациясынан кошумча 200 миллион доллар тартууга мүмкүндүк берет. Компания өлкөдөгү финансылык институттар жана фонддор катыша албаган аймактарда ири долбоорлорду ишке ашырууга, мисалы, ГЭСтерди жана тоо-кен ишканаларын лизингге каржылоодо көмөктөшөт.

«Бүгүн ошондой эле «Кыргыз темир жолу» (локомотив паркын жана кыймылдуу курамды модернизациялоо боюнча) жана «Айыл Банк» (фермерлерди айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча) документтерге кол койдук», - деди «Нацпромлизинг» ЖЧКсынын башкы директору Дмитрий Ерошок. - Биз Россиянын өнөр жайын модернизациялоо боюнча чоң тажрыйба топтодук. Биздин аракетибиз менен Россия Федерациясы импортту алмаштыруучу продукцияларды чыгара баштады. Эми биз бул тажрыйбаны Кыргыз Республикасына өткөрүп, экономикага дем берип, жаңы жумуш орундары жана өндүрүштүк компетенциялар пайда болушун каалайбыз. Биз ЕАЭБден тышкары продукцияларды чогуу түзүп, сатууну кыялданабыз».

ЖАКШЫ ШАРТТАР БОЮНЧА

Белгилей кетсек, мындан 2,5 ай мурун эле КОӨФ Ысык-Көлдө дагы бир ири интеграциялык иш-чара - III кыргыз-орус бизнес форумун өткөргөн. Анда катышуучулар 13 документке кол коюшкан. Анын ичинде Россиянын Экспорттук борбору менен стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара аракеттенүү жөнүндө келишим жана Евразия өнүктүрүү банкы жана «Росэксимбанк» менен каржылоонун жаңы шарттары (орус рублинде) боюнча келишим бар. Көп өтпөй КОӨФ 100 миллион рублга жакын суммадагы кредиттерди берүү боюнча алгачкы алдын ала макулдашууларга кол коюлган. Бул долларга болгон көз карандылыкты азайтуу жана улуттук валюталар менен өз ара соодалоого өтүү боюнча дээрлик биринчи реалдуу кадамдар.

«Жакында биз 2022-жылы «Росэксимбанк» КОӨФтүн учурдагы ресурстарын эсепке албастан (эгер жакшы өтүнмөлөр болсо) фонд менен биргелешип каржылоо үчүн кошумча 200 миллион доллар берүүгө даяр болот деп макулдаштык. Ошентип, ушул чечимдер гана бизге жакынкы жылдарда жеңилдетилген шарттарда Кыргыз Республикасынын ишкердик тармагын өнүктүрүү үчүн Россия Федерациясынан 400 миллион доллардан кем эмес каражат тартууга мүмкүндүк берет», - деди Артем Новиков.

«Росэксимбанк» башкармалыгынын төрагасы Азер Талыбовдун айтымында, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы соода алакалары динамикалуу өнүгүп жатат – 2021-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча дээрлик бардык тармактар 20-30% өсүүдө.

«Бул жакшы жаңылык, бирок бизде мындан ары өсүү жана россиялык продукцияларды чыгаруучу ишканаларды Кыргыз Республикасынын аймагында локалдаштырууга негиз түзүү үчүн чоң потенциалыбыз бар», - деди «Росэксимбанк» башкармалыгынын төрагасы Азер Талибов. – Биздин учурдагы приоритеттүү багыттарыбыз – агроөнөр жай комплексин, өнөр жайды жана инфраструктураны өнүктүрүү. «Росэксимбанк» жана РЭЦ тобу Кыргыз Республикасындагы мындай долбоорлорду карап чыгууга жана аларды жагымдуу каржылоого даяр. Мен орус-кыргыз бизнес кызматташтыгын кеңейтүүдө чоң перспективаларды көрүп турам».

ӨЗ АРА КЫЗЫКЧЫЛЫК

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко миссиянын мүчөлөрүнө биздин өлкөдө салык системасын модернизациялоонун үч жылдык программасы жана товарларды маркировкалоо жана көзөмөлдөө программасы ишке ашырылып жатканын билдирди. Бул натыйжалуу кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ошону менен бирге Министрлер кабинети чакан жана орто ГЭСтерди куруу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга басым жасап жатат.

«Менин оюмча, биздин компаниялар бул көйгөйлөрдү чечүүгө катышуу үчүн ресурстарга ээ», - деди ал.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошевдин айтымында, соода-экономикалык жана илимий байланыштарды, айрыкча санариптик трансформация, гидроэнергетика, жашыл экономика, айыл чарбасы, импортту алмаштыруу жана бирдиктүү капитал рыногун мындан ары өнүктүрүү зарыл. 

«Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири болуп гидроэнергетикалык потенциалды кеңири пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү саналат. Бул маселелерде биз заманбап россиялык технологияларга абдан таянабыз», - деди Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев.

Кыргызстан банктар биримдигинин жетекчиси Анвар Абдраев министрлер кабинети бир жылдын ичинде эки эсеге, үч жылдын ичинде өлкөнүн бюджетин үч эсеге көбөйтүүгө умтулуп жатканын билдирди. 

«Банк секторунун алдында экономиканын бүгүнкү күндө басымдуулук кылган бөлүгүн көмүскөдөн алып чыгып, накталай эмес төлөмдөргө өтүү милдети турат. Россия Федерациясында колдонулган финансылык жана банктык продуктылар биз үчүн абдан кызыктуу болот. Биз сиздерден үйрөнгүбүз келет жана кандайдыр бир жол менен, балким, тажрыйбабыз менен бөлүшкүбүз келет», - деп баса белгиледи ал.

Инвестициялар министрлигинин инвестиция тартуу башкармалыгынын башчысы Нурлан Арипов Кыргызстан биргелешкен ишканаларды түзүүгө эмне үчүн ыңгайлуу экенине эки мисал келтирди. Анын айтымында, өлкөдөгү бир катар агробизнес компаниялар Кытайга жеткирүүгө уруксат алышкан. Ал эми Кытайдын рыногу көптөгөн мамлекеттерди кызыктырат. Кошумчалай кетсек, быйыл Баткен облусуна өзгөчө макам берилип, чек ара аймагындагы ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулду.

МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН УБАКТЫСЫ

2021-жылдын октябрында президенттин жарлыгы менен өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы Улуттук программасы бекитилген. Белгиленген экономикалык артыкчылыктар гидроэнергетика, айыл чарба жана кайра иштетүү, туризм, тоо-кен жана жеңил өнөр жай. Бул артыкчылыктардын дээрлик бардыгы КОӨФтүн кредиттик жана инвестициялык продуктылары менен айкалышкан жана орус-кыргыз кызматташтыгын кеңейтүүнүн алкагында келечектүү болуп саналат. Фонд жарлыкта белгиленген демилгелерди ишке ашырууга киришүүдө.

«Улуттук экономиканын структурасындагы Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ролун жана ордун кайра карап чыгууга мезгил жетти. Фонд мындан ары жалаң гана кредиттик мекеме болуп калбашы керек. РЭЦ жана «Росэксимбанктагы»  өнөктөштөрүбүз менен бирге биз Кыргызстандын экономикасына капиталдын, идеялардын жана технологиялардын дирижеру болууга даярбыз. Фонддун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын арасында россиялык жана кыргыз компанияларынын ортосундагы тыгыз байланыштарды издөө жана орнотуу жана биргелешкен өндүрүштүк демилгелерди колдоо болуп саналат», - деди Артем Новиков.

Ал белгилегендей, Кыргызстан гидроэнергетикалык ресурстардын эбегейсиз запастарына ээ. Бул дүйнө жүзү боюнча өсүп жаткан экологиялык күн тартибин эске алуу менен өзгөчө чындык. Өлкөдө жергиликтүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Жашыл климаттык фонддун каражаттарын тартуу боюнча активдүү иш жүрүп жатат. Финансылык мекеме катары, КОӨФ дүйнөлүк күн тартибине катышпай кое албайт жана «жашыл» облигациялар сыяктуу заманбап каржылоо инструментин киргизүүнүн келечегин изилдеп жатат. Алар үчүн алынган каражатты энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорго багыттаса болот.

Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайында, жеңил өнөр жайында жана аквакультурада да зор мүмкүнчүлуктөр бар. Фонд бул багытта бир катар долбоорлорду - Чүй облусунда жана Ошто тигүү кластерлерин куруу жана аквакультура боюнча бир катар долбоорлорду каржылап жатат. Чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор иштелип чыгууда.

Мындан тышкары, КОӨФ экология тармагында эки долбоордун үстүндө иштеп жатат. Биринчиси геотермалдык жылытууну өнүктүрүүнү жана ага борбордун конуштарында этап-этабы менен өтүүнү карайт. Бул шаар тургундарын көмүр менен жылытуудан куткарып, түтүн маселесин чечет.

Экинчи долбоор республика боюнча газ кыймылдаткычынын отун колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камтыйт. Аны ишке ашыруу экологияга оң таасирин тийгизет жана бензиндин кымбатташынын шартында унаа ээлеринин чыгымдарын азайтат. Бул долбоорлор бир жылдык эмес, бирок өлкөнүн экологиялык туруктуулугу үчүн абдан маанилүү.

Иш сапардын жүрүшүндө бизнес-миссиянын катышуучулары көптөгөн россиялык компаниялар Кыргыз Республикасында иштеп жатканын, алар кыргызстандык өнөктөштөрдүн ишенимдүүлүгүн жана биздин рыноктун потенциалын жакшы билишкенин белгилешти. Бирок азыр кызматташуунун келечеги кеңейүүдө. Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын бизнес түзүмдөрүндө КОӨФ, «Росэксимбанк», «Нацпромлизинг» жана «Нацпромлизинг-Кыргызстан» лизингдик компаниялары сыяктуу уникалдуу өнөктөштөр бар, алар өлкөдө долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген шарттарда өз ресурстарын сунуштоого даяр.

Кыргызстанда экономикалык жылыш үчүн адамдык жана жаратылыш ресурстары жетиштүү. Бир гана сабаттуу долбоорлор жана ишенимдүү аткаруучулар керек. Ишкерлер Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун баалап, өлкөдө биринчи жолу ачык, заманбап, активдүү финансылык уюм пайда болгонун, алар толугу менен алар тарапта экенин мүмкүн болушунча тезирээк түшүнүшү абдан маанилүү.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу