Нурлан Мамытов – карьерасы, MEGA’нын максаттары жана ребрендинги жөнүндө

13.12.2022, 14:18 Акчабар
Нурлан Мамытов – карьерасы, MEGA’нын максаттары жана ребрендинги жөнүндө

Декабрь – жылдын акыркы айы, салтка айлангандай эле, дал ушул айда жыл жыйынтыгы чыгарылат. Үстүбүздөгү жылы MEGA мамлекеттик уюлдук оператору тарабынан кандай иштер аткарылды? Компания жетекчилиги тарабынан 2023-жылга карата кандай пландар коюлууда? Ушул жана башка суроолор тууралуу «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов айтып берди.

– Нурлан Токтобекович, бир нече күн мурда MegaCom компаниясы аталышын MEGA деп алмаштырып, ребрендинг кылганын жарыялады, ошондой эле коомчулукка жаңыланган логотибин жана ураанын да тааныштырды. Компаниянын мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүсүнө эмне түрткү болду?

– Ооба, туура, 7-декабрда биз этап менен ребрендинг иштерин баштадык. Бренддин аталышын MEGA деп кыскача атоо жана логотиптин дизайнын, расмий сайтын, компаниянын жарнамалык материалдарын жаңылоо «Альфа Телеком» ЖАКтын коомдук пикирди изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча ишке ашырылды. Биздин компанияны көптөгөн жылдардан бери так ушундай кыскача атап келген абоненттерибизге жакыныраак болууну чечтик. Жаңы MEGA соода белгиси брендибизди учурдагы жана потенциалдуу абоненттердин арасында мындан дагы таанымал кылат деп ишенебиз жана компаниянын продукттарын MEGA’нын экосистемасына бириктирүү максатыбыз бар.

Коомчулукта «Альфа Телеком» ребрендинг үчүн канча каражат коротту деген суроо жаралышы мүмкүн. Белгилей кетейин, бул максатты ишке ашыруу үчүн бир да сом кошумча каражат жумшалган жок. Бардык өзгөртүүлөр MEGA’нын 2022-жылдагы бюджетинин алкагында, өзүбүздүн адистер тарабынан жүргүзүлдү.

Жаңы бренд менен биз MEGA’да болгон маанилүү өзгөрүүлөрдү белгилеп көрсөткүбүз келет. Ошондой эле кыргызстандыктардын жашоосун ыңгайлуу, мобилдүү жана сапаттуу кылууга шарт түзүүчү инновациялык продукттардын, байланыш кызматтарынын жана актуалдуу санариптик сервистердин жаңы мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүн абоненттерибизге ачкыбыз келет. Ребрендинг – бул келе жаткан 2023-жаңы жылда компаниянын динамикалуу өсүүсүнө өбөлгө түзүүчү, келечектеги жетишкендиктерибиздин бекем пайдубалы болуучу эволюциялык тандообуз болуп саналат. MEGA жаңы сапат менен абоненттердин бардык талаптарына жооп берүүнү улантып, Кыргызстандын уюлдук байланыш рыногундагы ээлеген лидерлик позициясын мындан да бекемдөөнү пландап жатат.

– Нурлан Токтобекович, өзүңүздүн эмгек жолуңуз жөнүндө айтып берсеңиз?

– Мен Бишкек шаарында төрөлүп, өскөм. Интеллигенттердин үй-бүлөсүндө тарбияландым. Атам – жазуучу, акын, журналист, апам өз өмүрүн медицина тармагына арнаган дарыгер. Азыр, ата-энем мага берген тарбияны уулума берүүдөмүн.

Эмгек жолумду Кыргыз фондулук биржасында брокер болуп иштөөдөн баштагам. Ал жерде иштеп инвестиция жана банк иштери боюнча тажрыйба топтодум, өзүмдү фондулук биржанын адамы, биздин энтузиасттардын, ошол тармакта эмгектенген аксакалдардын тарбиялануучусумун деп эсептейм. 2009-жылы «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайландым. Кесиптештерибиз менен фондулук рынокту консолидациялоого жана биржанын каржы шаймандарынын өтүмдүүлүгүн жогорулатууга жетише алдык. Кийин өлкөдөгү эки биржаны бириктирип, бардык сооданы «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКсына өткөрүп бердим.

Андан кийин 2013-жылы конкурстук комиссиянын тандоосунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кадрдык резервинен түзүлгөн биринчи курамга киргизилип, «Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп дайындалдым. Кесиптештерим менен биргеликте директорлор кеңешинин ролун күчөтүү, жоопкерчиликти жогорулатуу, корпоративдик башкаруу кодексин иштеп чыгуу жана ар кандай комитеттерди түзүү демилгесин көтөрүү сыяктуу бир топ иштерди аткардык жана банктын ишмердүүлүгүнө алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүдө жемиштүү жыйынтыктарды көрсөтө алдык. Кошумча ресурстарды тартуу менен «Айыл Банк» негизинен фермерлер үчүн жеңилдетилген насыялар менен иштеген уюмдан коммерциялык насыялоо менен ийгиликтүү алектенген универсалдуу банкка айланды десем болот. Натыйжада 2013-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде активдер 4,7 млрд сомдон 29 млрд сомго чейин өстү.

Таасирдүү потенциалы бар негизги каржы институттарынын бири болгон Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү жана төрагасы болуп эмгектенген мезгилимди эмгек жолумдун дагы бир маанилүү этабы деп эсептейм. Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун жардамы менен мамлекетибиз насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө жана өлкө экономикасын башка нукка бурууга өбөлгө түзүп, жеке өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө жетиштик. Кыргызстандын экономикасын модернизациялоого жана экспорттук потенциалын жогорулатууга салым кошкон негизги өнүктүрүү институту катары Фонддун ролу чоң.

– Бала чакта эмнелер жөнүндө кыялданчу элеңиз?

– Мен жылкыларды абдан жакшы көргөндүктөн, бала чагымда жылкычы болууну каалачумун. Элибиздин жашоосунда жылкы минсе — ат, жүк артса — унаа, сааса саан эмеспи. Байыртан эле ата-бабаларыбыз жылкы баласына аяр мамиле кылып келишкен. Мен өзгөчө кыргыз жорголорунун сымбаттуулугуна суктанам, ошондуктан, бош убактым болгондо, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ат минип сейилдегенге аракет кылам.

– Спорт менен машыгасызбы?

– Короодо чогуу чоңойгон бардык балдардай эле мен өзүмдү спорттун ар кандай түрлөрү боюнча сынап көрдүм. Анын ичинде самбого жана футболго кызыктым. Азыркыга чейин досторум менен топ тээп ойногонду жактырам.

– Уюлдук оператордун башкы директорлугуна дайындалганда алдыңызга кандай максаттарды койдуңуз эле?

– Бүгүнкү күндө MEGA – бул ишенимдүү, туруктуу иштеп жаткан, техникалык жана ресурстук жактан чоң потенциалы бар байланыш оператору. Акционер биздин алдыбызга койгон негизги маселе – бул компанияны модернизациялоо жана өлкөнүн санариптик трансформациясына жооп берген жаңы кызматтарды киргизүү. Биринчи кезекте, компаниянын негизги ишмердүүлүгүндөгү мүмкүн болгон потенциалын толук кандуу ишке ашырып, рыноктогу тиешелүү үлүшүн кайтаруу, кемчиликтерди жоюу жана абоненттердин ишенимин актоо керек. Экинчиден, жаңы продукттарды өнүктүрүү жана интернет-банкинг кызматынан толук кандуу пайдаланууга, ошондой эле жеке инвесторлордун фонддук рынокко жетки алуусуна шарт түзүүчү финтех-платформаны киргизүү маселеси турат. Компанияда ийгиликтүү өнүгүп жаткан бир нече продукттар бар. Эму ушулардын негизинде жаңы сервистер киргизилип, калыптанмакчы.

Дүйнө абдан тездик менен өзгөрүүдө, ошондуктан кардар таламдуу болууга аракет жасап, кардарлардын мүдөөлөрүнө төп келген кызматтарды сунуштоо керек. Мен глобалдуу кызматтар үчүн ийгиликтүү борборлоштурулган платформа болуу үчүн MEGA’да толук мүмкүнчүлүк бар экендигине ишенем.

– «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору болуп иштөөдө кандай сапаттар жардам берет?

– Рационалдуулук, бардык нерсени практика жүзүндө аткара билүү жана тартип. Тартипсиз ийгиликке жетүү мүмкүн эмес деп эсептейм. 1000ге жакын кызматкер эмгектенген ири компанияны жетектөөдө, менеджерге чыдамкайлык жана тил табыша билүү жөндөмү жардамга келет, мен үчүн ар бир кызматкердин жалпы идеяга, бирдиктүү корпоративдик философияга берилгендиги маанилүү. Кесиптештер биздин кайсы багытта бара жатканыбызды так түшүнүп, жамааттын көздөгөн максаты бир болуусу керек.

– Үч айдан ашыгыраак убакыттан бери ишкананы жетектеп келе жатасыз. Бул убакыттын ичинде кандай иштер аткарылды?

– Алгач оператордун рыноктогу ээлеген ордун, рыноктун жалпы жагдайын изилдөөдөн жана компаниянын реалдуу потенциалын аныктоодон баштадым. Компаниянын жамааты менен биргеликте MEGA’нын артыкчылыктарын аныктап, кемчиликтерди талдап, 2009-жылдан баштап компаниянын өнүгүү стратегияларын жана ишкана түзүмүнүн өзгөчөлүктөрүн кылдат изилдеп чыктык. Бул стратегиялык кадамдын жыйынтыгы боюнча компаниянын мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарынын негизинде уюштуруу түзүмүн жана схемасын оптималдоого мүмкүнчүлүк түздү. Компанияны өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын түзүүдө, кесиптештердин сунуштары эске алынат. Жаңы стратегияны биз жаңы жылга чейин «Альфа Телеком» ЖАКтын акционерлерине, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине бекитип берүү үчүн сунуштайбыз.

– Компания түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү багытындагы иштерди улантабы?

– Албетте, биз байланыш инфраструктурасын өнүктүрүүгө, өзгөчө Кыргызстандын жетүүгө кыйынчылык жараткан аймактарын түйүн менен камтууга басым жасайбыз. 2022-жылы MEGA тарабынан өлкө боюнча аракеттеги базалык станцияларды модернизациялоо жана жүздөгөн калктуу конуштарда жаңы базалык станцияларды куруу боюнча алгылыктуу иштер аткарылды. 2023-жылы бул багыттагы иштер улантыла бермекчи.

MEGA ишенимдүүлүктү жана туруктуулукту алдыңкы орунга койгон жана кардарларга максималдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө жөндөмдүү болгон ар тараптуу, Кыргызстандагы №1 уюлдук оператор боло тургандыгына ишеним артам. Финтех-кызматтары рыногунда сап башында болуу үчүн, биз MEGA Pay тиркемесин интенсивдүү өнүктүрүүнү улантабыз. Мындан тышкары, биз Евразиялык сактык банкы, «Кыргызтелеком» ААК жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы менен тыгыз кызматташуу аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүбүздү бекемдөөгө ниеттенип жатабыз. Бул пландарды ишке ашыруу үчүн MEGA оператору Евразиялык сактык банкынын акционери болуп калды.

– Менчиктештирүү программасына ылайык 2023- жылы мамлекет тарабынан MEGAны сатыкка коюу пландалууда. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

– Мамлекет ийгиликтүү менеджер боло алат, буга далил «Альфа Телекомдо» калыптанып калган команда бар. Ошол эле учурда өлкө бийлигине тигил же бул ишкананын акцияларынын контролдук пакетине ээ болуунун кажети жок, бөгөт коюучу пакетке ээлик кылуу жетиштүү деген ойдомун.

– Жаңы жыл майрамынын алдында белгилей кетсеңиз, MEGA үчүн жыл жыйынтыгы кандай болду?

– 2022-жылга карата бийлик компанияга жетишерлик деңгээлде пландарды койгон. MEGA аларды көптөгөн пункттары боюнча мөөнөтүнөн мурда жана максаттуу көрсөткүчүн ашыгы менен ишке ашыра алды. Биз түйүндүн техникалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы менен канааттанабыз. «Альфа Телеком» ЖАК коммерциялык бөлүм боюнча планды ашыгы менен аткарды. Ошондуктан, биз алдыга чоң үмүттөр менен умтулуп, жаңы 2023-жылга позитивдүү дем менен кирип баруудабыз.

– MEGA’нын абоненттерин 2023-жылда эмнелер күтөт?

– 2023-жылга MEGA’нын командасы тарабынан компания сунуштаган сервистердин деңгээлин сапаттуу мыктылоого байланыштуу көптөгөн максаттарды койду. Биз түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүүнү, заманбап байланыш кызматтарын жана санариптик сервистерди ишке киргизүүнү уланта бермекчибиз. Тейлөөнүн эң жогорку деңгээли, кызматтардын кеңири түрлөрү, пайдалуу жана ачык-айкын тарифтөө – бул багыттар боюнча иш алып баруу Кыргыз Республикасында сапат менеджмент системасынын эл аралык ISO 9001:2015 версиясынын тастыктоосунан бирден бир жана алгачкылардан болуп өткөн MEGA компаниясынын уюлдук байланыш рыногундагы лидерлик позициясын дагы да бекемдөөсүнө, каржылык көрсөткүчүнүн мындан ары да өсүүсүнө жана абоненттик базасынын кеңейүүсүнө чоң өбөлгө түзмөкчү. Келе жаткан жылга белгиленген иш чаралар MEGA’нын мындан ары да өнүгүүсүнө негиз болгон – кардарларыбыздын ишенимин дагы да жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт!

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу