2020 - жыл Кыргызстан - Орусия кайчылаш жылы: Жерүй эки өлкө ортосундагы көпүрөнү бекемдөөдө

29.01.2020, 11:00 Чынгыз Керимбеков
2020 - жыл Кыргызстан - Орусия кайчылаш жылы: Жерүй эки өлкө ортосундагы көпүрөнү бекемдөөдө

2020-жыл Кыргызстан менен Орусия үчүн маанилүү болот. Себеби эки шериктеш өлкө үчүн Кайчылаш жылы деп жарыяланды. Тараптар 200дөн ашуун биргелешкен экономикалык жана региондор аралык иш-чараларды пландашты. Алардын арасынан негизги деп эки мамлекеттин өкүлдөрүнүн Екатеринбург менен Петербургдагы жолугушууларды белгилөөгө болот.

Тоо-кен тармагы - экономиканын флагманы

Кыргызстан менен Орусия биргелешкен чоң долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашырып келе жаткан стратегиялык өнөктөштөр. Буга «Альянс Алтын» ишканасы тарабынан иштетилип жаткан Жерүй алтын кени мисал боло алды. Аталган ишкана «Альянс Группасына» кирген «Восток-геолдобыча» ААКсы тарабынан негизделген.

Белгилей кетсек, бул эки өлкөнүн жер байлыктарын колдонуу тармагындагы кызматташуусундагы алгачкы кадамдарынын бири. 2019-жылдын март айында Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстанга болгон сапары учурунда аталган долбоордун маанилүүлүгү тууралуу айткан.

«Кыргызстан менен Орусиянын жер байлыктарын колдонуудагы кызматташтыгы ийгиликтүү өнүгүп келе жатат. «Группа Альянс» кыргызстандык «Альянс Алтын» менен биргеликте Жерүй кени боюнча чоң долбоорду ишке ашырганы жатат. Жакынкы 20 жыл ичинде долбоорго инвестицияланган каражаттардын өлчөмү 600 миллион долларды түзөт»,- деп билдирген Владимир Путин.

 

Тоо-кен тармагына болгон чоң кызыгуу анын мамлекеттин социалдык-экономикалык жагынан өнүгүүсүнө өтө маанилүү экендигинен кабар берет. Статистикага көз чаптыра турган болсок, 2019-жылы өндүрүштүн 53 пайызын алтын түзгөн. Ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 250 миллиард сомдон ашат. Жер казынансын колдонууну кошуу менен өсүү 10%, ал эми ансыз 1,1% түзөт. Бирок бул сандар Жерүй кенин кошпогондо алынганын белгилеп кетүү керек. 2020-жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтөр  бир топ жогорулайт, анткени үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта «Альянс Алтын» ишканасы биринчи алтын куймаларын алууну пландоодо.

Долбоорду ишке ашырыш үчүн «Альянс Алтын» орусиялык «ВТБ» банкынын насыялык каражаттарын тартууда. Макулдашуу эки президенттин катышуусундагы Сегизинчи кыргыз-орус регионалдык конференциясында бекитилген. Бул компаниянын лицензиялык милдеттери үчүн жоопкерчилигин жогорулатып, инвестордун ак ниеттүүлүгүнөн кабар берет. «Албетте, Кыргызстандын өкмөтү Жерүйдүн өлкөнүн экономикасы үчүн канчалык деңгээлде маанилүү экендигин түшүнүп жатат. 2020-жыл экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болот деп бекеринен айтылган жок. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев дагы өкмөттүк жыйындарда быйылкы жылы «Жерүй», «Чаарт ЗААВ», «Этибакыр Терексай», «Кыргыз унаа курулуш», «Кыргыз текстиль», «Металл кен» жана «Баден Сервис» сыяктуу чоң инвестициялык долбоорлор башталып жаткандыгын белгилеп келет.

Инвестордун алгачкы жыйынтыктары

2019-жылдын ноябрь айында «Альянс Алтын» кендеги ачуу иштерин баштаган. Алтын чыгаруучу фабрикадагы жөндөө иштерин жүргүзүүгө тоо жумушчулары 20 тоннадан ашуун кен топтогон. Кендин өзүндөгү кендин көлөмү 21 миллион тоннага жетет, жыл сайын анын 1,3 миллион тоннасы иштетилет.

«Алгачкы жети жылда кен ачык жолу менен иштетилет, андан ары айкалышкан жана жабык түрүнө өтөт. Кен ошол жерден эле Алтын чыгаруучу фабрикадан иштетилет. Заводдун  өндүрүмдүүлүгү жылына 1,3 миллион тоннана кен чыгарат. Алтынга которгондо жылына 3,5-5 тоннаны түзөт, бул анын курамындагы кымбат баалуу металлдардын көлөмүнө жараша болот», - деп билдирди «Альянс Алтын» жетекчиси Михаил Шубин. 

Алтын өндүрүшү- өлкөнүн өнүгүүсүнүн барымтасы

Белгилей кетсек, ишкананын 2015-2018-жылдардагы инвестициялары 60 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2019-2020-жылдардагы курулуш иштерине 213 миллион доллар багытталат. Кыргызстандын бюджетине түшкөн төлөмдөр 602 миллион сомду түздү. Андан сырткары, «Альянс Алтын» өкмөттүн мурунку инвестор менен 580 миллион долларлык чырын жапкан.

Иштин башталышы менен алтын кени жыл сайын Талас облусуна кирешенин 2 пайызын же 650 миллон сомдон төлөп берет. Республиканын бюджети жыл сайын 2 миллард  долларга толукталып турат.  Аталган региондо «Бакубат Талас» фонду түзүлүп, ал 2019-жылы баасы 40 миллион сомго бааланган 135 социалдык долбоорду ишке ашырып, 60 миллион сом жергиликтүү калкка льготтук насыя катары берилген.

«Чоң долбоордун ишке ашуусу жергиликтүү ишканаларда дагы жумуш орундарын түзөөрүн унутпоо керек. 2019-жылдын аягында Жерүй менен 71 ишкана кызматташып, 1 миңден ашуун жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болгон. Кен толугу менен ишке киргенде, жумуш менен камсыз болгон жарандардын саны 2 миң адамга жетет», - деп кошумчалады Шубин. 

 

Алтын иштетүүчү долбоордун ийгиликтүү жүзөгө ашуусу экономикалык көрсөткүчтөргө гана эмес, инвестициялык климатка дагы таасирин тийгизерин белгилөө абзел. Эгерде биздин өлкөдө чет элдик инвестор мындай чоң долбоорду ишке ашыра алса, бул мамлекетте чет жердик ишкерлерге болгон мамиле өзгөргөндүгүнөн кабар берет. Бул Кыргызстанга инвестиция алып келе турган чет мамлекеттик жарандар үчүн жакшы белги.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть