Кыргызстандагы зергерчиликтеги беш көйгөй

31.01.2019, 15:20 Акчабар
Кыргызстандагы зергерчиликтеги беш көйгөй

31 январда зергерчилик күнү дүйнө жүзүндө белгиленет.Кыргызстанда бул дата маанилүу болмок, бирок, жыл сайын 20 тонна алтын чыгарган өлкөдө  бул дата билинбей өтүп кетти. «Кыргызалтын» деген сөздү эл аралык бренд  кылып эл аралык рынокко чыгарса болмок.  Бирок, Кыргызстанда зергерчилик өтө аярлуу  катмар.

Зергерчилердин эл аралык кунүнө карата «Акчабар» зергерлердин эң башкы көйгөйлөрү  тууралуу айтып берүүнү чечти.

Сыренун жетишсиздиги

Республикада 20 тонна алтын жылына өндүрүлгөнү  менен зергерчилер болгону 200 кг алтынды иштетет. Ал эми жылдык алардын муктаждыгы 1.5 тонна экенин эске салабыз. Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын 90%  чет өлкөгө чыгарылат.

Кыргыз алтындары эл аралык алтынвалюталык биржада дүйнөлүк баада  сатылып, анда анын наркы жана өздүк баасы (50%) эсепке кошулуп эсептелинет. Бирок, дал ушулу баада дагы кыргыз алтындары атамекендик зергерчилерге сатылбайт.

Кыргызстандагы зергерлер Ассоциациясынын  башчысы Сталбек Акматовдун айтымында, республикада  кызыктай жагдай түзүлүп, анда 583-чи үлгүдөгү алтындын бир граммы дүйнөлүк рынокто 1 миң 615 сом турса, ал эми ички экинчи 1 миң 580 сом, ал эми «Кыргызалтын» ААК  1 миң 695 сатылат.

«Бизге чийки сырьену бекер эмес, а акчага сурайбыз. Бизге деле, ошол Лондондогу биржадагы баада сатсын деп суранабыз, бирок кымбат эмес. А бизге болсо, бүгүнкү күнү 5% кымбат баада сатышат», –деп бөлүштү. 

Сыренун жетишсиздигин камсыздоо үчүн жергиликтүү зергерлер буга чейин колдонулган алтын буюмдарды колдонушат.

 Колго чайкалган алтындар      

Республиканын аймактарында кенчилер колго  алтын чайкашып, аны бирок аны рынокто сатып ала алышпайт. Учурдагы абал, Улуттук банк колго чайкалган алтындары тазалап (аффинирлөө) менен аны зергерлерге сатууну демилгелеп келет. Бирок, финансы көзөмөлдөчү колго чайкалган алтынды жеке адамдарга сатууга каршы болуп, өлкөнүн алтынвалютарезервин толтуруу керек деген позицияда. 

«Эгер  мисалга алып көрөлү, колго алтын казгандар, Нарындын суусундагы алтын кумдарды чайкашкандар, Кара-Балтага барып алтынын тазалаттырбайт. Ал кошумча чыгаша. Жөнөкөй айтканда, алар көмүскө  рынокто сатышат», –  деп белгиледи  Евразиялык экономикалык  Ассоциациясынын  башчысы Светлана Шапарева.

Көмүскө рынок

Эсепке кирбеген товар жүгүртүү бюджетке олуттуу  кедергесин тийгизүүдө. Эксперттер бир добуштан, алтын тармагы реформага муктаж.  Анткени, учурдагы зергерчилик тууралуу  ченемдик-укуктук актылар  көмүскө рыноктун өсүшүнө шарт түзөт.

Болжолду колго кен казгандар ай сайын 50 кг баалуу металлдарды казып, бирок  Улуттук банк болгону анын 5-10 кг гана сатып алат. Калган көлөмдөгү алтындар көмүскө рынокто сатылат. Демек, 600 кг тазаланбаган алтын сыресу көмүскө рынокто сатылат.

Кыргызстан быйыл алтынды былтыркыга караганда аз өндүрдү

«Жылына 600 кг алтын казылып алынат. Анын ичинде  5% биз көрсөк, калганы көмүскө рынокто сатылып, Өзбекстан менен Кытайга чыгып кетүүдө. Биз колго алтын чайкагандар расмий түрдө сатышса деп суранып келебиз», –  деди терегек үстөлдө Улук Кыдырбаев.

  Биздин имортук алтын

BizExpert аналитикалык борбордун маалыматына таянсак, анда жылына КР  175 кг зер буюмдары алынып келинип, жергиликтүү рыноктог кымбат баада сатылат. Эң кызыктыуусу, ушул зер буюмдардын басымдуу бөлүгү дал ушул кыргыз алтындарынан жасалган. Атамекендик зергерлер  жылына 230 кг зер буюмдарын өндүрүшөт. Мындан дагы көп зер бум жасалмак, бирок сыре жок.

2017-жылы республиканын зергерчилиги салык түрүндө 57 млн сом төлөшкөн. Зергелердин пикирнинде, сыре  маселесин чечилсе,  салык дагы беш-он жылда бул тармакта он эсе жогорулатса болмок. 600 кг  жакын  алтын Кыргызстандын көмүскө рыногу аркылуу Кытай менен Өзбекстанга кетүүдө

Тармак начар башкарылууда 

Каржы министрлигинин алдындагы баалуу металлдар департаменти рынокто баалуу таштарды жөнгө салуучу болуп саналып, кандайдыр бир деңгээлде көзөмөл жасап, алардын ишмердигин текшерип турушат. Бирок, ведомствого нааразычылыктар көп. Алтургай, былтыркы жылы жоюп жиберүү тууралуу демилге көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев талкуу маалында учурдагы зергерчилик чөйрөсүнө кызыгып, департаменттин өкүлдөрүнө кайрылды.

«Кандай деп ойлойсуз, бул чөйрөнүн өнүгүшүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?  Сиз айтып жатасыз, зергерчиликти өнүктүрүүгө аракет жасалып жаткандай, бирок биз бир орунда турабыз.  Биздин рынокто негизинен Россия, Турция, Индия өлкөлөрүнөн өндүрүлгөн зер буюмдар сатылууда. Сиздер жакшы  мыйзам иштеп чыгып, кандайдыр бир  аракет жасайсыздарбы же бул багытта иштейсиздерби?», –  деп белгиледи.

Экономика министри Олег Панкратов дагы департаменттин ишин кайрадан карап чыгууну белгиледи.  

«Баалуу металлдар департаментинин максатуулугу тууралуу Каржы министрлигин ойногууга чакырат элем. Алар тескөөчү орган  болуп туруп, кайра ушул саясатты иштеп чыккан жана ведмство зергерчиликтен казынаны толтууруу дагы каралган.  Көрүнүп тургандай зергерчиликти өнүктүрүүгө  эч кандай шыктандыруучу жагдай жок», –  деп билдирди.

Ведомствону жоюуп жиберүү тууралуу  маселе биринчи жолу көтөрүлгөн жок. Ага карабай  бул тармакты алдыга жылдырууга аракеттер жасалган эмес.

Кыргызстандагы расмий маалыматтарга таянсак, 40 ашык зергер заводдору менен фабрика иштейт. 2017-жылдагы жыйынтык боюнча зергерчиликте 877 субъект ишкердик кылып,  анын ичинде 37 компания түздөн-түз өндүрүү менен алектенсе, 50 – алтын буюмдарын оңдоого багытталган. Мындан тышкары 442 ар кандай дүкөндөр менен 165 ломбарддар иш алып барышат. Ал эми расмий эмес маалыматтарга таянсак, өлкөдө 6 миң адам зергерчилик тармакта алектенет.  Бирок, буга чейинки чечилбей чийеленишкен маселелер жылдан-жылга уланууда. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу