Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу кызуу жүрүп жатат - Акылбек Тюменбаев

23.09.2021, 11:00 Өнөктөштүк макаласы
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу кызуу жүрүп жатат - Акылбек Тюменбаев

Ушул жылдын февраль айында Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында инфраструктуранын курулушу башталган. Долбоордун Кыргызстан үчүн масштабын жана маанилүүлүгүн эске алып, “Акчабар” каржы порталы CASA-1000 кайсы баскычта экенин, башка катышуучу өлкөлөрдө абал кандай экенин жана эң негизгиси энергетикалык долбоорго Ооганстандагы акыркы саясий окуялар кандай таасир эткенин билүүнү чечти. 

Бул боюнча биз бир катар суроолор менен "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору Акылбек Тюменбаевге кайрылдык.

Кыргызстанда CASA-1000 ири энергетикалык долбоорунун башталганына жети айдан ашык убакыт өттү. Айтыңызчы, буга чейин кандай иштер аткарылды жана алдыда эмне жумуштар бар?

— Мурда маалымдагандай, CASA-1000 долбоорунун алкагында объектилердин курулушу республиканын үч аймагы - Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда жүргүзүлөт. Биз жумушубузду Баткен облусунда баштадык, ал курулуш иштеринин жалпы көлөмүнүн дээрлик 60% ын түзөт.

Бүгүнкү күнгө чейин 450 мамыга баруучу убактылуу жолдор курулуп бүтүп, 357 мамыга пайдубал куюлуп, электр линиялары үчүн 154 мамы орнотулду. Жалпысынан долбоордун алкагында 1,2 миңден ашуун тирөөчтөр курулат.

Подрядчы Баткен районунда пайдубал куюп, тирөөчтөрдү орнотуу үчүн беш мобилдүү бетон заводун кургандыктан, иш кызуу жүрүп жатат. Сентябрдын аягында биз жалпы узундугу 455 километр келген электр линияларынын 40% ын түзгөн Ош жана Жалал-Абад облустарында курулуштун башталышын күтүүдөбүз. Бирок график боюнча зымдарды тартуу эмки жылы гана башталат.

— Кыргызстанда курулуштун жакшы темп менен жүрүп жатканын угуу кубандырат. Бирок, белгилүү болгондой, бул долбоорго Кыргызстандан башка дагы үч мамлекет - Тажикстан, Пакистан, Ооганстан катышат. Аларда долбоор кайсы этапта ишке ашырылып жатат, мониторинг барбы?

Долбоордун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн анын масштабын эске алып долбоордун, эң башында эле CASA-1000 катчылыгы түзүлгөн. Ал мониторинг жүргүзөт жана ай сайын катышуучу өлкөлөрдүн ар бириндеги курулуштун жүрүшү жөнүндө тараптарга маалымат берип турат. Долбоор төрт өлкөдө тең тиешелүү инфраструктуранын курулушу аяктагандан кийин ишке кирерин белгилегим келет.

— Ооганстанда бийликтин алмашуусу CASA-1000ге таасирин тийгизеби?

— Албетте, биз Ооганстандагы абалды тынчсыздануу менен байкап турабыз, эл аралык жаңылыктарды окуйбуз, алардан жаңы өкмөтү энергетикалык долбоорлорду колдогону жана өлкө экономикалык өнүгүү үчүн багыт алып жаткандыгы жөнүндө билебиз.

Мындан тышкары, Ооганстандын улуттук энергетикалык компаниясынын башчысынын айтымында, долбоор боюнча курулуш иштери басаңдады, бирок токтотулган жок жана "Талибан" кыймылынын бул долбоорго карата эч кандай терс аракеттери жок. Алар бул маселеде колдоо көрсөтөт деп үмүттөнөбүз.

— Кыргыз Республикасы электр энергиясын жеткирүү боюнча кандай милдеттерге ээ болот? Бүгүнкү күндө республиканын өзү тартыштыкты баштан кечирип жаткандыгын жана электр энергиясын импорттоого аргасыз болгонун эске алганда, бул маселе өзгөчө тынчсыздандырат.

Бул суроо бүгүн көп берилип жатат. Эгерде өзүбүзгө электрэнергия жетпесе, биз кантип CASA-1000ди колдонуп электр энергиясын экспорттойбуз? Белгилеп кетким келет, CASA-1000ге ылайык, электр энергияны жай мезгилинде, электр энергия көп болгон гана убакта экспорттолот.

Кыргызстанда жылына орточо эсеп менен 14-15 миллиард киловатт саат электр энергиясы өндүрүлөт, ал эми CASA-1000 долбоорунун алкагындагы келишим боюнча Кыргызстандын Түштүк Азияга электр энергиясын жеткирүү боюнча милдеттенмелери эки деңгээлге бөлүнөт. Биринчиси - кепилденген экспорттун минималдуу көлөмү, ал эми экинчи деңгээлге ылайык, электр энергиясынын көлөмү кошумча болот. Республика керек болсо бул көлөмдөрдү жылдар бою тарата алат. Мисалы, биринчи жылы Кыргыз Республикасы Пакистан менен Ооганстанга 377 миллион киловатт-саат бериши керек, эгер мүмкүн болсо дагы 881 миллион киловатт-саат экспорттолот, эгерде мындай көлөм жок болсо, анда бул көлөм экинчи же үчүнчү жылга которулат ж.б.у.с.

— Ошондо Кыргызстан электр энергиясын жайында эле экспорттосо, анда кышында инфраструктура иштебей калат экен да?

Жакшы суроо. Азыр биз башка үчүнчү катышуучулардын CASA-1000ге кошулуусун талкуулап жатабыз. Башкача айтканда, башка өлкөлөр биздин инфраструктураны колдонуп, электр энергиясын ачык жеткирүү эрежелеринин алкагында Пакистанга жеткире алышат. Мындай учурда Кыргызстан электр энергиясынын транзити боюнча киреше таба алат.

— Кыргызстаннасыяны кандай шартта алды?

Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкы Кыргыз Республикасындагы CASA-1000 долбоорун каржылоого тартылган. Бардык донорлордун шарттары окшош - төмөн пайыздык чендер, жеңилдетилген мезгилдер жана узак мөөнөттүү кредиттер.

Мисалы, Дүйнөлүк банк кыргыз өкмөтүнө тогуз жылдык жеңил мөөнөттүү 0,75% менен 30 жылга 45 миллион доллар насыя берди, анын ичинде 6,75 миллион доллар грант. Өз кезегинде, Ислам банкы жети жылдык жеңилдетилген мезгил менен 1,5% менен 25 жылдык мөөнөткө 50 миллион доллар өлчөмүндө насыя берди. Европа инвестициялык банктын кызыктуу шарттары бар. Белгилей кетчү нерсе, мурда бул финансылык мекеме Кыргызстанга коммерциялык долбоорлор үчүн эч качан насыя берген эмес. Өкмөт менен 70 миллион евролук келишимге кол коюлду, ал ар бир траншты алгандан кийин өзгөрмөлүү пайыз менен берилет. Башкача айтканда, насыя транштарга бөлүнөт, 29 жылдык мөөнөткө, ар бир транш берилген учурдан баштап кайра саноо башталат. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги бул насыяларды "Кыргызстандын улуттук электр тармагына" 1,5% менен кайра каржылады.

Бүгүнкү күндө республика долбоордун инфраструктурасын куруу үчүн алышы керек болгон акчанын жалпы суммасынын 50% га жакыны сарпталды.

Кыргызстан 15 жылдын ичинде электр энергиясын экспорттоо менен бардык инвестицияларын кайтарууну пландап жатат. Долбоордун өлкө үчүн негизги пайдасы - жыл сайын электр энергиясын экспорттоодон 80 миллион долларга жакын таза киреше табуу жана экспорттук потенциалды жогорулатуу, ошондой эле жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу үчүн кошумча инвестицияларды тартуу болуп саналат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу