Ресторан бизнеси өкмөттүн жаңы талаптарын кантип аткарууну түшүнбөй жатат

02.09.2022, 12:20 Акчабар
Ресторан бизнеси өкмөттүн жаңы талаптарын кантип аткарууну түшүнбөй жатат

Министрлер кабинети тамактануу жайлары үчүн жаңы эрежелерди киргизүүнү көздөөдө. Ал эрежелер кафе жана ресторандарда суусундуктар ассортиментине байланыштуу. Жаңы өзгөртүүлөр ата мекендик ишкерлерди колдоого багытталган. Бирок бизнесмендер аталган токтом аны иштеп чыккан адамдар ойлогондой иштей турганына күмөн санашууда. Ал турсун коомдук тамактануу жайлары үчүн кошумча тоскоолдук жана тобокелдиктер пайда болушу мүмкүн деген коркунуч жаралууда.

Сөз болуп жаткан жаңычылдыктар «Кыргызстан аймагында соода ишмердигин тартипке келтирүү тууралуу» токтомго киргизиле турган өзгөртүүлөргө тиешелүү. Маселен, жаңы эреже боюнча Кыргызстандагы кафе жана ресторандарда алкоголдук эмес суусундуктардын ассортментинин жарымы кыргызстандык өндүрүшчүлөр чыгарган суусундуктардан туруп, анда ар бир продукциянын бирден түрү туруш керек. Учурда жаңы өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу жүрүп жатат.

Авторлордун ою боюнча, жаңы эрежелердин киргизилиши менен ата мекендик өндүрүшчүлөр ички рынокто сырттан келген продукция менен атаандаштыкка туруктуу боло баштайт.   

«Ата мекендик өнүмдү сатуу жана атаандаштыгын арттыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик колдоону баскыч-баскыч менен киргизүү керек. Азыркы баскычта токтом долбооруна ылайык коомдук тамактануу жайларында сатылган продукциянын 50%ын ата мекендик болушун камсыз кылуу менен кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн сергитүүчү, алкоголдук эмес, алкоголдук суусундуктарынын ички рынокто сатылышына жагымдуу шарттарды түзүү сунушталууда», — деп айтылат маалымакат-негиздемеде.

Кыргызстандагы алкоголсуз суусундук тармагындагы абал

Алкоголсуз суусундук тармагы акыркы айларда кооптондура турган статистиканы көрсөтүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын июнь айында суусундуктардын өндүрүшү былтыркыга караганда 12,7% га, ал эми жылдык эсепте 3,6%га азайган.

Балким чиновниктер тарабынан сунушталган өзгөртүүлөр, алардын суусундуктар тармагынын өндүрүшүнүн өсүшүнө түрткү берүү аракети чыгар. 

Ишке ашыруу механизмдери жок

Аталган демилгеден ата мекендик бизнесмендер бир топ олуттуу тобокелдиктерди көрүп жатышат. Эл аралык ишкер кеңешинин директору Аскар Сыдыковдун айтымында, учурда уюмдун мүчөлөрү менен аталган документ боюнча алардын позициясын аныктоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

«Ишке ашыруу механизмдери жок болгондуктан токтом кандай аткарылары белгисиз. Жазылган ойлор так-даана болбогондуктан коррупциялык тобокелдиктер жаралбайбы деген башкы чоочулоо болууда. Себеби текшерүүчү органдардын көзөмөлүнүн күчөшү менен кошумча оорчулуктар жана тоскоолдуктар жаралат», — деди ал.

Шарттар баарына түшүнүктүү болушу керек

Өз кооптонууларын жеткирүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Гүлмира Ускенбаева да айтат. Анын пикири боюнча, коомдук талкууга талаш жарата турган текст чыгарылган.

«Биздин уюмдун мүчөлөрүнүн катарында импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр да бар. Биз мамлекет өзүнүн ата мекендик өндүрүшчүлөрүн колдоого милдеттүү экенин түшүнөбуз жана колдоого алабыз. Бирок сунушталган документте жаңы эрежелер иш жүзүндө кандай иштей турганы, ассортименттеги үлүш кандай принцип менен эсептелери жана талаптарды аткарбагандарга кандай жаза берилери түшүнүксүз болуп калган», — деди ал.

Анын айтымында, ушундай жаңы өзгөртүүлөрдүн принциптерин түшүнбөө коррупцияга жол ачат.

«Бул нерсе өндүрүшчүлөр иш жүзүндө колдоо ала албай калат дегенди туюндурат. Ошол эле учурда текшерүүчү органдардын колу туткак инспекторлору кошумча пайда көрө башташат. Андан тышкары жаңы талаптарды бизнес субъекттери эле эмес керектөөчүлөр да түшүнүшү маанилүү. Себеби алар көрсөтүлгөн кызмат-тейлөөнү карап, сапатка көңүл бурушат», — дейт Гүлмира Ускенбаева.

Сунушталган документтеги дагы бир кемтик – аныктамалардагы тактыктын жоктугу. Мындан улам бизнес эмнеге даярданышы керектигин түшүнбөй жатат. Маселен, токтомдун текстинде алкоголсуз суусундуктардын асссортиментинин көзөмөлү тууралуу гана сөз болууда. Бирок коштомо документтерде алкоголдук продукция да айтылат. Эгерде экинчи вариант кабыл алына турган болсо, рыноктун кымбатыраак бөлүгүндө көпчүлүк кафе менен ресторандар өтө олуттуу кыйынчылыктарга кабылышат.

«Эгер кардар грузин шарабын же шотландиялык вискини сурасы, ресторан ага альтерантива катары Совет шампанскийин же кыргыз арагын сунуштай албайт. Андай боло албайт. Арийне ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо зарыл. Бирок ал тушүнүктүү жана натыйжалуу чаралар болушу керек», — деди ал.

Чектөөнүн кереги барбы?

Саясий серепчи Денис Бердаков белгилегендей, коомдук тамактануу жайларында сооданы уюштуруу тууралуу токтомду кабыл алуу ЕАЭБдин мыйзамдарына каршы келбейт. Ошол эле учурда ал мындай чаралар уюмдагы башка мамлекеттерде жок.

«50%ды кантип эсептөө керектиги анча түшүнүктүү эмес: литр, сом же менюда көрсөтүлгөн позициялар мененби? Эгер сөз алкоголсуз суусундуктар тууралуу гана болсо, бул токтомду кабыл алуу менен кайсы көйгөйдү чечүүнү көздөп жатышканын тушүнбөй жатам. Кыргызстандагы кафелердин 90%ы улуттук өңдүрүштөгү суусундуктарды – шире, суу, газдалган суусундук, чайларды сатат. Алардын катарына кымбат кафе-ресторандар гана кирбейт», — деди ал.

Бердаковдун пикири боюнча, көрүлгөн иш-аракеттер чектөө чаралары болуп саналат, бирок анча зыяндуу эмес. Ошол эле учурда ал өзгөртүүлөрдүн пайдасы да күмөндүү болууда.
Ошентип жаңы өзгөртүүлөр боюнча суроолор көп, жооптор жок болууда. Маселен, кайсы өндүрүшчүлөр коргоого алынат, токтомдун аткарылышын ким текшерет жана башкысы, ата мекендик өндүрүшчүлөр сырттан келген продукциянын рыноктогу ордун толук кандуу алмаштырууга жана ага мамлекеттин колдоосу жок жетишүүгө даярбы? 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу