Компанияны башкарууда каржылык отчеттуулуктун ролу жана мааниси

23.08.2021, 12:57 Өнөктөштүк макаласы
Компанияны башкарууда каржылык отчеттуулуктун ролу жана мааниси

Каржылык отчетту ишкердүүлүктүн эл аралык тили деп аташат. Компаниянын абалы тууралуу каржылык отчету камтылган, тастыкталган маалыматы жок туура чечимдерди кабыл алуу мүмкүн эмес. Бул көзү таңылуу боюнча басууга барабар.

Бүтүндөй дүйнөгө белгилүү "Дело Enronдун" иши тастыкталган каржылык отчеттуулукка кеңири мисал болуп бере алат. АКШдагы ири корпорациянын каржылык маалыматынын фальсификация болушу баалуу кагаз ээлеринин, андан сырткары компаниянын кызматкерлеринин капиталарынан кол жуушуна, акыр аягы банкрот болушуна жана андан бир жыл мурун каржылык отчеттуулукка аудитордук текшерүү жүргүзгөн Arthur Andersen аудитордук компаниясынын жабылышына алып келди.

Каржылык отчеттуулук теория жүзүндө түшүнүктүү көрүнгөнү менен практика көрсөткөндөй жаш ишкерлер каржылык отчеттуулукка маани бербей коюп кыйын учурларга дуушар болуп калышууда.

“Акчабар” финансалык отчет эмне экенин, ал кандай болоорун жана кимге керектигин аныктоону чечти.

Каржылык отчет деген эмне?

Каржылык отчет бул башкаруудагы чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат. Башкаруучу уюмду кайсы тарапта өнүктүрүү жана азыркы стратегияны кантип оңдоп түзөө керектигин билүү үчүн анда уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгынын жана каржылык жагдайынын актуалдуу жана тастыкталган маалыматы болуш керек.

Каржылык отчеттор компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу кененирээк маалымат берет. Алардын ичине төмөнкү беш отчет кирет:

  1. финансылык абал жөнүндө отчет - белгилүү бир күнгө карата компаниянын финансылык абалын көрсөтөт;
  2. пайда жана чыгашалар жөнүндө отчет - компаниянын кирешелери жана чыгашалары жөнүндө маалымат. Анда компания отчеттук жылы канчалык жакшы иштегенин көрсөтөт;
  3. акча агымы жөнүндө отчет - накталай акча кантип пайда болот, компания кайсы булактардан акча алат жана аны кайда жөнөтөт;
  4. өздүк капитал жөнүндө отчет - ишкананын өздүк капиталы кандай өзгөргөнүн көрсөтөт;
  5. финансылык отчетко эскертүү - отчеттордо көрсөтүлбөгөн түшүндүрмө маалымат.

Каржылык отчеттуулукту кимдер колдонушат?

Биринчи кезекте каржылык отчеттуулук бизнес өкүлдөрүнө жана акция ээлерине керек. Ал компаниянын ишин жетектөөгө жардам берет. Ким кандай ишкер болбосун ал эсептешүү эсебинде канча акча бар, анын канчасы накталай экенин билүүсү шарт.

Андан сырткары, ишкерлер баланс жөнүндө, дебитордук карызы канча, товардык- материалдык запасы канча, компаниянын канча суммадагы насыялык карызы бар экенин билиши керек. Буларды билбей туруп мекенин андан аркы ишин жөндөн кетүү мүмкүн эмес.

Каржылык отчеттуулугу жок иши жүрбөй турганын, компаниянын чыныгы абалын түшүнө билгендик акционерлерге жана жетекчилерге өз убагында туура чечимдерди кабыл алууга жана компаниянын ишин илгерилетүүгө жардам берет. Ошол эле маалда алар үчүн "Киреше жана чыгаша" отчету маанилүү. Ал компаниянын канча акча коротуп, канча киреше алып келгенин кабарлап турат.

"Ишкерликти жаңы баштап жаткандар каржылык отчеттуулуктун ордун анча баалашпайт. Алар аны өзү үчүн эмес Салык кызматы үчүн, иши кылып салыктык отчетту тапшыруу үчүн жасашат. Антпей түшүнүп, ошол түшүнүктү сиңирип, өз компаниясынын ишмердүүлүгүнө анализ жасашы зарыл. Көптөн бери рынокто жүргөн мекемелер отчеттуулуктун маанилүүлүгүн жакшы түшүнүшөт. Жаш компаниялар үчүн каржылык отчеттуулуктун керектүүлүгүн түшүнүүгө жана изилдеп көрүүгө убакыт керек", - деген ою менен бөлүштү Interfinance ЖЧКсынын директору Чолпон Кумашева.

Каржылык отчет эмнени түшүндүрөт?

Эгерде компания өсүүнү жана кошумча капиталды тартууну кааласа, финансылык отчеттор да керек. Анын экинчи колдонуучусу - инвесторлор. Алар ошондой эле "Пайда жана чыгым жөнүндө" жана "Акча агымы жөнүндө" отчетторуна кызыгышат. Алар компания канча акча тапканын гана эмес, аны кайдан алганын жана кайда жумшаганын да билүүгө жардам берет. Мисалы, кээде компания активдеринин бир бөлүгүн сатып, кирешесин көрсөтө алат. Инвесторлор ошондой эле "Каржылык абал жөнүндө отчетту" карашат, ал сизге компаниянын кандай милдеттенмелери бар экенин айтып берет.

Финансылык отчеттор чындап эле пайдалуу болушу үчүн, менеджерлерге компанияны башкарууда жана инвесторлорго туура чечим чыгарууда жардам берүү үчүн, алар жогорку сапатта болуп, иштин чыныгы абалын чагылдырышы керек. Ачык компанияларда аудиттин корутундусу менен тастыкталат. Башка компанияларда ишенимдүүлүк анын канчалык жоопкерчилик менен түзүлгөнүнө жараша болот.

"Көпчүлүк компаниялар бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүшөт, бирок бул канчалык чындык экенин айта албайбыз. Негизги милдет - финансылык отчеттун колдонуучуларын адаштырбоо. Алар чыныгы финансылык сүрөттү көрүшү керек. Активдердин ашыкча эмес, милдеттенмелердин төмөндөтүлүшү маанилүү. Финансылык отчетторду даярдоодо ачык компаниялар финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарын карманышат ", - деп баса белгилейт Чолпон Кумашева.

Каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары каржылык отчеттун сапатына жана түзүлүшүнө бирдей талаптарды белгилейт. Ошентип, стандарттар эл аралык отчет тили катары иштейт. Мунун аркасында кайсы гана өлкөдөн келген инвестор аны окуп, түшүнө алат. IFRSке ылайык келген финансылык отчеттор ишенимдүү, ишеничтүү деп аталат жана бул башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу системасынын маанилүү элементи болгон маалыматтын ишенимдүүлүгү.

Кыргызстан бирдиктүү стандарттарга өтүүнү 2002-жылы эле баштаган. Бул жылдар аралыгында эл аралык стандарттарды ата мекендик компанияларга киргизүү жана колдонуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. Иш ушул күнгө чейин уланууда.06:31

Ишканаларды жетектеген "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзам 19 жыл мурун кабыл алынганын эске алып, бүгүнкү күнгө чейин "Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Аудитордук иш жөнүндө" мыйзамдар жаңы редакцияда. Эки мыйзам тең берилген каржылык отчеттун сапатын жакшыртууга, ошондой эле бухгалтерлер менен аудиторлордун кесипкөйлүгүн жогорулатууга багытталган. Бардык эсептер боюнча, инновациялар ишкерлерге ишенимдүү жана сапаттуу отчетторду чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Экономикалык чечимдерди кабыл алууда кызыкдар тараптарга пайдалуу болгон каржылык абал, каржылык жыйынтыктар, акча агымы жөнүндө ишенимдүү маалыматты берүү, рынокто ачык жана ишенимдүү каржылык маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, инвестициялык климатты жакшыртуу аркылуу экономиканы өнүктүрүү үчүн актуалдуу маселе болуп саналат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу