Алсыз экспорт жана «голландия илдетти»: туруктуу сом кайда алып барат?

25.07.2018, 10:30 Азиза Бердибаева
Алсыз экспорт жана  «голландия илдетти»: туруктуу сом кайда алып барат?

Bloomberg белгилүү финансы маалымат басылмасынын талдоочуларынын эсеби боюнча мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттердин улуттук валюталары акыркы жарым жылда кандай өзгөрдү деп анализ жасап чыгышкан.

Айтмакчы, кыргыз сому акыркы жарым жылда гана эмес, башка убакта деле туруктуулугун сактап келет. Сом биздин соода өнөктөштөр – Казахстан менен Россиянын девальвациясына туруштук берип -  жакын арада наркы түшүп, кунары кетчү валютадан эмес

«Өлкөнүн туруктуулугун аныктоочу көрсөткүчтөрдүн бири улуттук валютанын,  айрыкча анын ишенимдүүлүгү менен  стабилдүүлүгү саналат. 25-жылдык сомдун тарыхына кайрылсак, ал туруктуулугун көрсөтүп, экономиканын олку-солку кырдаалында дагы куну түшпөй, алдын ала болжого мүмкүндүгүн көрсөттү», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын торагасы Толкунбек Абдыгулов сомдун 25-жылдык мааракесинде.

Бирок, биз «туруктуу сом» –деп канчалык мактанбайлы, узак убакытта бир калыпта болуунун экинчи жагы дагы бар, ал келечектеги экономикабызга жакшылык алып келбейт. 

Жакшы да, жаман да жактары бар 

Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы (МСД) Аскар Сыдыков Улуттук банк сомдун туруктуулугун сактап, төмөнкү инфляцияны кармап турууга багыт алган деген пикирде

«Бул бир чети жакшы, бирок деген бар да. Макроэкономикалык туруктуулук инвестициялык климат үчүн маанилүү. А башка жагынан алсак,жогорку курс экономикадагы атаандаштыкка жол ачат», - деп билдирди ал.
 

Туруктуу сом-керектөөчү экономиканын алкагында керектүү чара деп белгилейт экономикалык эксперт Умбриэль Темиралиев.

«Сомдун курсун кармоо боюнча Улуттук банк жакшы иштерди аткарып жатат. Тилекке каршы, ал керек, анткени бизде керектөөчүү экономика, биз мигранттардын акчасы жана реэкспорт менен жашайбыз. Ошондуктан,  улуттук валютабыздын соода сатыкта узак мөөнөткө туруктуу жана болжолдонууга мүмкүн болусу маанилүү», - деген пикирде ал.

 

Ал эми Экспортчу?

Атамекендик өндүрүрүшчүлөр үчүн туруктуу сомдун терс таасирин тартышат, анткени алар Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) кирген мамлекеттерге продукцияларын жөнөтөт.

«Өндүрүүчүлөргө бул жакшы эмес. Эгерде биз акыркы торт жылдагы статистикалык товар айлантууга карсак, анда Казахстанга $500 млн  товар сатчуубуз. Бирок, тенге тез куну түшкөндөн улам, биздин экспорт кыскарып-  $300 млн болуп калды да, ушул убакта рынокто казактын товарлары рынокту толтуруп жатышат. Ушундай эле көрүнүш Россия жана Белорусия товарларына жүрүүдө», - деп түшүндүрдү экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров.

КР Улуттук банкынын мурдагы башчысы Марат Султановдун айтымында, күчтүү, туруктуу сом республиканын рыногундагы импорт товарлар көбөйөт.

«Өз өндүрүшүн жаңыртып жаткандар үчүн сомдун туруктуулугу жакшы. Бирок, технолгия менен тетиктерди чет элден сатып алабыз да. Учурдагы экономикабыз мигранттардын акчасына кармалып турат. Эгер ал кыскарса, анда сом дагы солгундай түшөт. Ошондуктан, биз экспортко багытталган кызматтарды көбөйтүп, сатып алуу жөндөмүбуздү сактап, күчтөнтпөй турсак туура болмок», - деп белгиледи ал.

Баардык өлкөлөрдө улуттук валютанын куну төмөндөсө, экспорт өнүгөт. Тилекке каршы экономикабыз сыяктуу валюта рыногу чакан да. Айрымдар сомдун наркын кармап турбай, рынокто кой бериш керек деген пикирде. Анда өндүрүшкө жакшы болсо, бирок жалпы кыргызстандыктарды материалдык кыйынчылыктарга алып келет.

 «Мамлекет экспорту жасалма жогорулатып, аярлуу катмарга бааны көтөрө албайт. Учурда Кыргызстандагы экспорт импортко караганда уч эсе аз. Сомду төмөн түшүрүү социалдык чыналууну жаратат», деп эсептейт Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы.

 

«Голлания илдети»

Туруктуу  кыргыз сому  чет элдик рынокто товарлардын атаандаштыгын төмөндөткөндөн сырткары, ички рынокто дагы кыйынчылыктарды жаратат. 

«Валютанын курсун бекемдеген кайсыл гана өлкө болбосун, экономика жабыркайт. Өндүрүшчүлөр сырткы гана эмес, ички рынокту дагы жоготушат. Алсак, импорт товарлары  бизге арзанга келет. Түштүк тарапта ишкерлер Өзбекстан менен чек араны жабып коюну суранышууда.  Анткени алар өзбек сумунун куну тушкөндон улам, арзан баада келген жашылча-жемиштерге туруштук бере албай жатышат.  Буга чейин биздин өнөктөштөрдө  туруктуу валюталары бар болчу.  Девальвацияга туш болгон Россия менен Казахстанга эми  Өзбекстан дагы кошулду», -деп билдирди экномикалык эксперт Азамат Акенеев.

Анын пикиринде чет элдик валюталардын активдүү агымы менен учурдагы экономикалык абал жакын арада тез өсүүгө жол ачпайт.

«Чет элдик валюталардын агымы менен туруктуу  болгон улуттук акчалар тууралуу экономикалык теорияда жакшы жазылып, ал “голландия илдети” деген аталыш менен белгилүү.  Бул бир убакта Голландиядагы мунай,газ кенин ачууда сырттан чет элдик валюталардын кирүүсү менен курс бекемделген.

Ал эми Кыргызстанда  «голландия илдетинин» белгилери байкалууда. Бизде керектөө өсүүдө, а өндүрүш төмөндөп жатат. Экономика өскөн жок. Качан өндүрүш төмөндөсө, жумушчу орундар дагы жок болуп, бюджетке каражат түшпөйт. Булардын баары оор кесепетке алып келет», - деп айтты Акенеев.

Сомдун аз болушу инфляцияга жакшы 

Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу боюнча акчанын массасын чектеген максаттуу саясат жасап жатат деген пикирлер бар. Эксперттердин пикиринде  кыска аралыкта бул керектүү багыт.

«Улуттук банк принципиалдуу сомду кармап турган жок. Ошол эле учурда түшүруп да жиберген жок. Менин жеке пикирмде сомдун курсун кармооо боюнча максаттуу саясатты көргөн жокмун. Тескеринче, финансы көзөмөлдөчү рынокто акча сатып алууну көп жасайт, сатканга караганда. Анткени, анын эң башкы максаты инфелацияга жеткирбөө», - деп белгиледи эксперт.

Темиралиев өлкөдө  акчанын массасын уччурда гана эмес, келечекте дагы азайтуу керек деген пикирде.  

«Улуттук банк туура багытта бара жатат. Акчанын массасы көбөйсө, импортун инфиляциясы жогорулап, сомдун курсун түшүрөт.  Бул социалдык толкундоолорго алып келет. Бизде жакырчылыкта 30% адамдар жашайт,  алар  айына 5-7 миң. Сом алып, үй-бүлөсүн багууга аракет кылгандар. Сомду сатып алуу  30-40% төмөндөйт, элестетсеңиз, адамдарга кандай таасир берерин?!» - деп эскертти ал.

Бекемдөө керекпи же жокпу? 

Улуттук валютабыздын туруктуу болгону азыкы учурга жакшы, бирок узак мезгилдеги келечекте экономиканы өнүктүрүү үчүн чара көрүү зарыл. Сомду ойлонбой эле алсыздандырууга дагы болбойт. Бул дагы жакшы вариант эмес.

 «Бизге так багыт керек, мамлекет кайда бара жатат,  алдыдагы беш жылда эмнеге жетишебиз жана кантип жетишебиз. Азырынча КР мындай стратегиялык план жок. Эгерде бийликтегилер так экспорттук багыттарды аныктаса, анда рынокту, коомду  акырындык менен керектөөчү экономикадан, өндүргөн экономикага даярдамакбыз. Ошондо экономиканы транфармация жасаса болот. Сомду азыр солгундатуу, таяктын эки учундай таасир этет», -деп жыйынтыктады өз сөзүн эксперт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу