Туризм департаментинин башчысы бизнес, инвестиция жана жаңы дааратканалар тууралуу

14.02.2019, 13:54 Азиза Бердибаева
Туризм департаментинин башчысы бизнес, инвестиция жана жаңы дааратканалар тууралуу

Кыргызстанды баардыгыбыз эле туристик өлкө деп тааныйбыз. Бирок, сокур патриоттук сезимибизди таштап, чындыкка тик карай турган болсок туристик меккеге айланып кеткенибиз жок. Кооз табыгый жаратылышыбыз туристтерди тартууда. Бизге келген туристтердин басымдуусу  жайлуу эс алуу эмес, экстримди самагандар. Эксперттердин пикиринде Ысык-Көл областы Турциядай туристтерди тарткан аймакка айланууга зор мүмкүнчүлүгү бар. Ага жетүү үчүн  инфраструктураны өнүктүрүп,  туризм тармагына инвестицияларды тартуу зарыл. 

Кыргызстандагы  туризм кайсыл багытта өнүгөт жана бизнес буга кандай жардам көрсөтөрүү тууралуу департаменттин директору Максат Дамир уулу айтып берди

— Кыргызстан —өз аймагында туристик компанияларга лицензия бербеген жалгыз өлкө. Бул норманын алынып салынышы кайсыл бир жылары маанилүү чечим болду эле. Бул рынокко кандай таасир  берди?  

— Лицензия алынып салынгандан тарта туризм тармагында компаниялардын саны өстү. Эгерде лицензияланган маалда 300 эле туркомпания болчу. Учурда компаниялар өнүгүп, тажрыйба топтоп жатса, рынок дагы өсүүдө. Алдынкы туркомпаниялар өнөктөштүк  түйүндөрүн Батыш жана Чыгыш Европа,Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери менен түзүүдө. Эми бул ишканалардын өнүгүп өсүшүү үчүн кошумча шарттарды түзүү зарыл. Азыркы  өкмөт туризм тармагындагы мыйзамдарды либералдаштырууга барууда. Бул рыноктун өсүшүнө алып келет.   

— Туркомпаниялардын санын өсүшү менен көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты начарлаган жокпу?  

— Компаниялар туристер келген өлкөнүн туристик агентсволору менен иш алып барышат. Бизге туристерин жөнөткөн тараптын агентиги Кыргызстандын туркомпанияларына мониторинг жүргүзүшөт.  Эгерде турист саякатоодон кийин начар тейлөө тууралуу даттанса, анда кызматташуунун келишимине ылайык, биздин компанияларды айыпка жыгышат. Ошондуктан, бул жагдай аларды  мыкты кызмат көрсөтүүгө жана  өз абройу үчүн кам көрүүгө түртүүдө. Мындан тышкары, элдин баары Интернет колдонгондуктан, өз ой пикирлерин ар кандай ресурстарга жазып калтырышат. Эгерде компания  узак убакытка иштөөнү көздөсө, анда кардардын талаптарына жооп берүүгө далалат кылат эмеспи.

 Сиз туризм тармагын жакында эле жетектеп баштаганыңызга байланыштуу кырдаалга жаңы көз карашта карап жатсаныз керек. Кыргыз туризминде эмне аярлуу экен?

-Тез арада чечүүчү көйгөйлөр, суроолор көп. Тилекке каршы, баарын эле тегиз чечүү мүмкүн эмес. Анткени, аларды чечүүдө мыйзамдарга таянуу зарыл. Башкы маселе инфраструктура болууда.Биз туристерди тартууну көп айтабыз, бирок, туристик агым көбөйсө, анда биз аны тейлей албай калабыз. Мисалга эле алалы сезон малында Нарынга 300 турист келсе, шаар батыра албай тумчугат, анткен аларды жайгаштырууга жай жетишсиз. Албетте, суроо-талап сунуштарды жаратат. Учурда Нарында дагы мейманканалар салынып баштады. Бирок, ал жетишсиз. Мындан тышкары, бизде маркетинг начар. Биздин өлкөнүн беренди боюнча каттуу аракет жасашыбыз мезгил талабы. 

— Жогорудгы маселерди чечүү үчүн кандай аракет көрүп жатасыз?

— Маркетинг боюнча көп айтып калбадыкпы. Эгерда өлкөнү активдүү рекламалап, көп туристер келсе, а ага инфрастурктурабыз жок болсо,  анда анын кандай кажети бар дейсиң. Ошондуктан, туризм стратегиясында инфраструктура маанилүү болууда.Туризм тармагына бизнес кылуу үчүн жер алууну жеңилдетүүгө барабыз го. Мейманкана же башка туризмге байланыштуу объектилерге, дааратканаларга жер алуу кыйын. Айтмакчы, даараткана маселеси номер биринчи көйгөй. Биз бул меселенин чечүү жолун таптык. Биз эми автомай куючу станциялар менен сүйлөшүп, аларга кошумча жер аянтын бөлүп, алар даараткана куруп беришет. Туристер каттаган маршруттарды жана АЗС жайгашкан аймактарды аныктаганбыз. Учурда бизнес менен биргеликте кантип бул багытта кызматашууну ойлоп жатабыз. Даартканалар бекер болбошу мүмкүн, бул башка мамлекеттер колдонуп жаткан нормалдуу практика. Даараткана куруу көйгөй эмес, бирок, алар дайыма иштеп, таза, тыкан болушу маселе жаратууда. Ошондуктан, дааратканаларды тейлеп туруучу адамдар керек. Биз бул маселени жайкы сезон башталганча чечебиз деп турабыз. Жок дегенде негизги трассаларда пилоттук негизде ишке киргизебиз. 

— Акыркы убакта республикага инвестиция тартуу боюнча көп сөздөр айтылып башталды. Туризм тармагы дагы инвесторлорго зар. Туризмдин кайсыл тармагына инвестиция алып келүү оң? 

— Тарыхый-маданий жана табыгый жаратылыш объектилерибизди вандалдардан коргоошубуз абзел. Ошондой эле, бул жайларды коргоп, кайтарууга алуу зарылдыгы бар.  Алсак, Бурана мунарасы менен музейден башка эч нерсе жок. Даараткана, унаа коючу жай же бир нерсе сатып алууга мүмкүн эмес. Ошондуктан, биз инвестициялык лот түзүп, анда инвесторлорго туристик объекти курууга кызыктуу жайларды көрсөттүк. Бул инвесторлорго салык жеңилдетилиши мумкүн. Анткени, бизнесмендер жер алууда кыйналууда. 

Мындан тышкары реинновация жасоочу инвесторлор керек. Биздин пикирде Ысык-Көлдө туризм өнүккөн, болгону тейлөө кызматтарын жакшыртуу багытында ишешибиз керек. Бир гана Казахстан менен Россиянын туристери менен чектелбей, башка мамлекеттерди дагы тарта баштайбыз. Азырынча, табыгый табиятка суктангандар эле келүүдө. 

КР келген туристтерге жасалган биздин анализдерге таянсак, жаш туристтер көп келүүдө. Аларга көңүл ачууга арналган иш-чараларды уюштуруу талабы бар. Идея бар. Чет элдик туристтерди тартуу үчүн эл аралык бренддеги мейманканалар, отелдер  Кыргызстанга келиши керек. Батумини миссалга алсак, советтик мейманканаларды беш жылдыздуу отелдерге берип салды эле, элдин агымы көбөйдү. Бизде, бул жагдайды кантип туура  колдонуп кетүүнү ойлоп жатабыз.

—Бизнесмендер кайсыл аймакка көңүл буруусу керек?

— Өлкөнун баардык аймактарында мүмкүнчүлүктөр бар, салынган инвестициялар кайра кайтарылат. Жерди трансформациялоого мораторий бар. Ошондуктан, капиталдык курулуш жасоого бул мыйзам жол бербейт. Бул тоскоолдук, биз ушуну чечишибиз керек.  Туризм бизнеси үчүн баардык аймак кызыктуу. 

Караколдо тоо лыжа түризми  үчүн инфраструктура бар.  Акыркы мезгилде конок үйлөрүнүн саны дагы өсүп, шаар жыл боюу  акча таба баштады. Эми кызмат көрсөтүүлөрдү кантип көбөйтүп, туристтердин дагы санын жогорулатууга багыт алуубуз зарыл. 

— Премьер-министр «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасын ачуу боюнча токтомго кол койду. Бул ишкана эмне милдетти аткарат?

— «Кыргыз туризм» туризм департаментти менен идеялардын имплементатору болуп, «Кыргызстан» берендин алдыга жылдырат. Маркетингге  акцент жасалат. Бул багытта стратегия бар. Мамлекеттик ишкана конкретүү  рынокту табып, кызыккан турпродукталарды сунуштайт. Мисалы, Ысык-Көл жакынкы чет мамлекеттердин туристеринин көңүл борборунда болуп, экотуризмге Европа, Америка кызыкса, кышкы туризмге Казахстан менен Россиянын жарандары кызыгууда.  Мамлекеттик ишкана туристерди эмне кызыктырат, анализ жасап, кошумча турист  тартууга аракеттенет. Алар блогерлер,журналисттер, турагентиктер  үчүн маалыматтык  турларды уюштуруп, биздин өлкөгө кызыккандарга маалымат беришет. Биз эл аралык туризмге басым жасап, өнүктүрүүгө  бет алдык.

Мындан тышкары  «Кыргыз туризм» туристик бизнести коргоого алып, аларды алдыга сүрөп жүрөт. Учурда биздин туроператорлор жалгыздан иш алып барышат. Алдыга жылдыруу үчүн жалгыздап эмес, биригип иш алып баруу эффективдүү.  Бир же эки компанияны гана алдыга сүрөбөй, жалпы тармакты алдыга жылдыруу башкы максат.  

— Мамлекеттик ишкананы уюштуруу үчүн канча каражат талап кылынат?

—  50 млн сом алгачкы жылга пландаштырылган.  Каражаттар маркетинг багытында колдонулат. Мындан тышкары «Кыргыз туризм» бул тармакка инвестиция тартат. Сиз менен жоргоруда талкуулаган долбоорлорду ишке киргизүү каралууда. Бир гана алар гана эмес. Башка идеялар да ишке ашат деген ойдобуз. 

— Бул жылы туризм тармагынан кандай салым болот деп болжоп жатасыздар?

— 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 7 млн турист өлкөгө келди. Бул жылдын жыйынтыг боюнча алардын саны өсөт деп жатабыз. Мындан тышкары, ИДӨ туризм тармагы 5.5% салым кошот го деген пикирдебиз. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу