Кыйроодон кийинки кайра жаралуу. Ленин атындагы завод өнөр жай паркы болушу мүмкүн

05.07.2023, 15:29 Наргиза Токоева
Кыйроодон кийинки кайра жаралуу. Ленин атындагы завод өнөр жай паркы болушу мүмкүн

Советтик мезгилде В.И.Ленин атындагы завод миңдеген жумуш орундарын жана эбегейсиз өндүрүш көлөмүн камсыз кылган өнөр жай гиганты болгон. Андан кийин ири ишкана үчүн оор мезгил келип, ал кыйрап ээн калган. Бирок, бүгүнкү күндө ал жандана баштагандай. Заводдун айрым жайлары жана имараттары оңдолуп, алар ар түрдүү өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө даярдалууда. Ал эми айрым заводдордо иш кызуу жүрүүдө. 

“Акчабар” редакциясы аталган заводдо болуп, учурда жүрүп жаткан оңдоо иштери менен жеринен таанышып кайтты.  

Заводдун ээн калган аймагына киргенде эле көзгө урунган нерсе -  шыбагы түшкөн дубалдар, сынган айнектер жана дубалдары жарактан чыккан имараттар. Алардын басымдуу бөлүгү ондоп-түздөлүүгө муктаж. 

Имараттарга өндүрүштү жайгаштыруудан мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын  бекемдигин жана туруктуулугун текшеришет. Адистердин чечиминен кийин гана аталган жайлар ишке даярдана баштайт.    

Эске салсак, 2021-жылдын 24-декабрында Министрлер кабинети токтоп турган жана көйгөйлүү өнөр жай ишканаларын жандандыруу максатында “Кыргызиндустрия” өнөр жайын ишке киргизүү боюнча токтомго кол койгон. Анын алкагында 2022-жылы март айында ишкана үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд. сом ишкананын уставдык капиталы, бир акциянын номиналдык наркы 1000 сомду түзгөн 1 млн. даана акцияны чыгаруу жолу менен түзүлгөн. 

Өндүрүш тармагындагы инновациялык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Шамил Борончиевдин айтымында, алгач компаниянын карамагына 16 ишкана башкарууга берилген. 

Бирок, алардын көбүнүн Мамлекеттик мүлк фондунун балансында турган документтери жок же туура эмес болгон. Азыркы тапта юристтер бул маселенин үстүндө иштеп жатышат, анткени тийиштүү юридикалык каттоодон өтпөстөн “Кыргызиндустрия” бул ишканаларга инвестиция сала албайт. 

Документтерди даядоо учурунда “Кыргызиндустрия” башка ишканаларды ишенимдүү башкарууга алды. Бүгүнкү күндө уюм 19 долбоорду ишке ашырууда. Анын ичинде өндүрүш ишканалары гана эмес, транспорттук, анимациялык ж.б.компаниялар бар. 
“Кыргызиндустрия” башкарган ишканалар өлкөнүн бир топ аймагында жайгашкан. Алардын көбү Чүй облусунда, тактап айтканда, Бишкек шаарындагы мурдагы Ленин атындагы заводдун аймагында орун алган. 

Алгач “Кыргызиндустрия” топчуларды өндүрө баштаган. Заводдогу оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттардын бирине 100% “Кыргызиндустрияга” таандык “Кыргызтопчу” ЖЧК ишканасы жайгаштырылды. 

“Кыргызтопчу” ишканасынын директору Манап Айдаралиев “Акчабарга” ишкана кийимдерге сыдырма чыгарууну да пландап жатканын белгиледи. 

“Бизде топчу жана сыдырмаларды чыгаруучу жабдыктарыбыз бар, ага 54 млн. сом сарпталды. Сыдырма өндүрүүнү жакынкы аралыкта ишке киргизүү пландалууда. Учурда имаратта оңдоп-түзөө иштери жүрүп, жакында жабдуулар орнотулат. Азырынча сырьё жетишсиз болгондуктан, бул этапта топчулардын чакан партиялары чыгарылат. Ал эми буйрутмаланган чийки заттар өз нугунда жана жакында ишкана толук кубаттуулукта иштей баштайт”, - деди ал. 

Ишкана даяр өнүмдөрдү Дордой жана Мадина базарларында аксессуарлардын дүңүнөн сатат. Ошондой эле, “Кыргызтопчу” тигүүчүлөрдөн буйрутмаларды кабыл алууга даяр.  

Мындан тышкары, аталган өндүрүш ишканасына таандык мык чыгаруучу ишкана бар. Учурда бул жерде мык, токулган жана тикен зымдар жана курулуш торлорун өндүрүү иштери кызуу жүрүүдө. “Темирмык” ишканасы жакында бурамаларды чыгарууну ишке киргизүүнү пландоодо.  

“Темирмык” ишканасында “Кыргызиндустрия” ишканасынын үлүшү 89,58%. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 6 миң тонна өнүмдү түзөт. Оңдоо иштеринин аякташын күтүп отурбастан, мык чыгаруу тез арада ишке киргизилди. Ошондой эле, чатыр оңдолуп, жакынкы арада терезелерди алмаштыруу жана мүмкүн болсо, имараттын ичин жылуулоо пландалууда. 

Азырынча ишкана иштөөгө чийки затты Орусиядан сатып алат. Ал эми “Кыргызиндустрияда” жакында Кыргызстанда эритүүчү завод ачылып, ишкана жергиликтүү сырье менен иштей турганын билдирди. 

Ошондой эле “Кыргызбетонкурулуш” ишканасы тарабынан италиялык технология боюнча үй куруучу панелдерди жана стационардык опалубаларды чыгаруучу жана түштүк кореялык технология менен медициналык пластырларды жана бинттерди чыгаруучу жайларда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. “Би Кей Медикеар” фирмасында “Кыргызиндустриянын” үлүшү 100%ды түзөт.

Дегеле, “Кыргызиндустриянын” учурда жасап жаткан аракеттери канчалык натыйжалуу экенине азырынча баа берүү кыйын. Ишкананын натыйжалуулугун баалоого али эрте, анткени компания долбоорлорду инвестициялоо үчүн каражаттарды1 жыл мурун, 2022-жылдын июль айында алган. Бүгүнкү күндө бул маселе боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Кимдир бирөө “Кыргызиндустрия” киреше алып келет десе, айрымдар “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинин тагдырын болжолдоп жатат.

“Кыргызиндустрия” алдыга коюлган милдетти аткара алабы, аны убакыт көрсөтөт. Ал ортодо көп жылдан бери токтоп, талкаланып турган мурдагы заводго экинчи өмүр берилип жатат. Бир кезде гүлдөп турган заводдун азыркы абалына зээн кейийт. Анткени, убагында заводдун курулушуна көп күч, каражат жумшалган жана бүгүнкү күндө иштеп кете алмак.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу