Крипто индустриясында кандай кесиптер суроо-талапка ээ?

11.11.2022, 11:11 Мадият Шам
Крипто индустриясында кандай кесиптер суроо-талапка ээ?

Учурда көптөгөн кесип жана ишмердүүлүк тармактары жок болуу алдында турат. Кареьералык өсүү жолунда жогорку билим менен ийгиликке жетүү да кыйындай туюлат. Анткени базар экономикасында туруксуздук жаралып, бизнести нөлдөн баштоо кыйынчылыкты жаратууда. 

Айрым адамдар крипто валютасын жомок деп эсептесе,  башкалары инвестиция салып, туруктуу киреше алууда. Бул тармакта өзүнүн кесиптик ордун тапкандардын саны да арбын. 

“Акчабар” жана Bybit криптовалюта индустриясында кайсы кесиптер актуалдуу экендигин сизге баяндап бермекчи.

Бул тармакта билим алуудан мурун сиздин буга чейинки пайдубалыңыз жана келечектеги максатыңыз маанилүү. IT адистери үчүн бул багытка байланыштуу көптөгөн тармактар бар, брокерлер үчүн жаңы санариптик келишимдер көп. Чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү маркетинг, контент түзүү, дизайнда өз ордун таба алышат. Сиздин алдыңызда чексиз мүмкүнчүлүктөр турат.

ТРЕЙДЕР

Фондулук биржага кызыгуудасызбы? Каржылык жактан сабаттуу болууну каалайсызбы? Тобокел кылуудан коркпойсузбу? Анда трейдингге кош келиңиз!

Бул үчүн, сиз криптовалюталар базарын жана анын көлөмүн талдоо, өсүү же төмөндөө тенденцияларын изилдөөнү, келишимдерди түзүүнү, соода тарыхын билишиңиз жана үйрөнүшүңүз керек. Ал эми буга Bybit крипто биржасында сунушталган инструменттер (tools) жардам берет. Базарды карап чыгуу жана соодалоодон тышкары, сиз чыныгы соода устасы болуп, ал үчүн бонустарды ала аласыз.

Ошондой эле, санариптик активдер менен колдонуучу транзакцияларын жакшыртууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган иш-аракеттерди жасай турган ортомчу боло аласыз. Башка сөз менен айтканда, крипто брокери. Топтолгон билимди үйрөнчүктөргө туура өткөрүп, этап-этабы менен нускамаларды чогултуп, соода блогуңузду сактап, бул тармакта жакшы акча таба аласыз.   

NFTдеги ВАКАНСИЯЛАР

Эгер жаңы бир нерсени жараткыңыз келсе, ал сизден ийгиликтүү сатууну, жарнамалоону талап кылат.

NFTдеги талапка ээ тармактар:

  • UX дизайнери, сүрөтчүлөр жана визуалдык жана графикага кызыккандар;
  • продюсерлер жана маркетологдор;
  • жарнама менеджерлери.

Bybit базарында дүйнө жүзүндөгү эң акыркы автордук NFTтердин жыйнагын көрүүгө болот.

АНАЛИТИКТЕР

Күн сайын “HeadHunter” жумуш издөө боюнча сайтында "криптовалюта боюнча аналитик" кызматын сунуштагандар чыгууда. Негизги талаптар акылдуу келишимди, долбоордун веб-сайтын, социалдык тармактарды, монета боюнча  жаңылыктарды жана окуяларды ылдам талдоо. Ошондой эле, криптовалюта биржасын изилдеген, виртуалдык рынокту жана ICO(Initial coin offering) долбоорлорун талдаган ICO аналитиги үчүн жумуштар сунушталууда.

IT АДИСТИГИ

Блокчейн тармагындагы IT адиси - крипто эмгек базарында эң белгилүү тармактардын бири. Анын эмгек акысы да өтө жогору. Буга кошумча, бул адистикке муктаждык жана суроо-талап жума сайын өсүүдө. Анын себеби глобалдык санариптештирүү гана эмес, блокчейн тутумунун өзү туруктуу оптималдаштырууну, жаңыртууларды жана жалпы системага дал келген жаңы чынжырларды киргизүүнү талап кылгандыгына байланыштуу.   

Ошондуктан, ар дайым крипто индустриясында IT адистерине жумуш бар деп айтууга болот.

ЮРИСТТЕР ЖАНА ФИНАНСИСТТЕР

Бул тармакта укуктук жана каржылык кызматтарды көрсөтүү да актуалдуу болууда. Крипто валютага акча салган адамдар аманат жаатында кеңеш алууга дайыма кызыктар. Ал эми юристтер бул тармакта санариптик активдер, келишимдердин долбоорлору жана башка укуктук документтерди түзүшөт. 

КОНТЕНТ-МЕНЕДЖЕР, SMM, КОПИРАЙТЕР АДИСТЕРИ

Кимдир бирөө биткойн боюнча инстаграм баракчасын активдүү жүргүзсө, айрымдар крипто валюта тенденциялары боюнча телеграммда тематикалык баракчаларын алып барат. Бул жаңы, абдан жаш долбоордо жумуш табууга да болот. Албетте, эң башкысы кызыгуу жана тармакты кеңири түшүнүү керек.

Учурда эмне менен алектенбеңиз, санариптик дүйнөдө кесипкөй болуу көйгөй эмес. Эң негизгиси каалоо, максат жана аракет керек.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу