Megacom  Кыргызтелеком  «туунду» компаниясы менен кантип бөлүшүүдө ?

17.05.2019, 17:49 Акчабар
Megacom  Кыргызтелеком  «туунду» компаниясы менен кантип бөлүшүүдө ?

Жакында Кыргызстанда жаңы уюлдук оператор «Салам» иштей баштайт. Мобилдик рынокко дагы бир оюнчуну киргизүү  бейшемби  16 –майда чечилген.  Компаниялар ортосундагы талашты жөнгө салуу боюнча жыйында  «Альфа Телеком» ЖАК «КТ Мобайл» ЖЧК компаниялары гана эмес, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси,  Мамлекеттик байланыш кызматы, «Альфа Телеком» (MegaCom) ЖАК менен «Кыргызтелеком» ААК башчылары катышып, жогорудагы чечимге келишкен

Азырынча, чакан 6 млн калкы бар Кыргызстан үчүн дагы бир уюлдук компаниянын канчалык зарылдыгы бар, ачык бойдон калууда. Анткени, учурда MegaCom мамлекеттик оператору , Beeline жана «О!» жеке уюлдук компаниялары  калкты байланыш менен камсыздап келет. Андыктан,  дагы бир компаниянын канчалык зарылыгы бар деген суроо жаралууда?

Жооп жөнөкөй — «КТ Мобайл» тез арада бир уюлдук операторду ишке киргизиши керек. Антпесе, 2003-жылы алган лицензиясынын мөөнөту бүтүп бара жатат. Эми баардыгын  ирээрти менен айталы.

Капарсыз 16 жыл

 «КТ Мобайл» Кыргызстанда жаңы деле компания эмес. Ал 2003-жылдан бери  «Кыргызтелекомдун» туунду компаниясы болуп келет.

GSM стандартындагы  байланышка лицензияны жана 16 жылдан бери жыштык бөлүнгөн. Бирок, компания уюлдук оператор катары рынокко чыккан эмес. 2009-жылы бир чыгып көрүүгө аракет жасалып, кайра  токтоп калышкан.  

Компания өзүнүн түз милдети менен иш жүргүзгөнүнө карабай, компания абонеттерге ээ болуу үчүн жыштыкты талашып келген.

Ошентип, калкка эч кандай байланыш кызматын көрсөтпөгөн  уюлдук оператор кенири диапозондогу жыштыкка ээ болгон: жыштыктын кеңдиги  32 МГц: 7 МГц  диапазону  900 МГЦ, 10 МГц диапозондо 1 800, 10 МГц  диапозондо 2 100, и 5 МГц — в 2100-TDD ээлик кылат.

Мындан тышкары,  2015-жылы КР Эсептөө палатасы жүргүзгөн адудиттин жыйынтыгы боюнча  компания аркылуу  ири суммадагы каражаттар агылган. Алсак, 2013-жылы декабрда «Кыргызтелеком»  ААК  «КТ Мобайл»  ЖЧК 40 млн сом карыз берип, аны электр  тармагындагы ишмердик жана радиожыштыктар үчун лицензия алууга  беришкен. Ушул эле жылы  «Кыргызтелеком» 197.2 мин сомду  Мамлекеттик Байланыш комитети менен  Мамлекеттик салык кызматтарынын  алдындагы карыздарын жабууга берген

 «Кыргызтелекомдон»  ири суммадагы каражаттарды алганына карабай, учурда бул компаниянын мамлекетке карызы 170 млн сом түзөт. Карыздар колдонулбаган жыштыктар үчүн жыйылган.

Иштебесе дагы, тиштеген компания 

Жакында парламентте бул маселе көтөрүлдү. Анда депутат Жанар Акаев  коллегалары менен өкмоттун мүчөлөрүнө  ЖЧК компания кенири мүмкүнчүлүккө ээ болуп туруп, иштебей, бирок ошол эле маалда жетекчилери олчойгон эмгек акы алары айтылган.

«Белгилүү болгондой компания 345 млн сом алып, жетекчилери көп айлык алышат экен. Эмнеге мамлекеттик компанияларда көп айлык алып дагы 345 млн эмнеге алышты эле? Териштирүү керек. Маалыматтар бар, компаниянын жетекчиси премьер-министр менен туугандык байланышы», — бар деп жарыялаган Жанар Акаев.

Туулбай жатып туйтунган туунду компания 

Парламентарий айткан баардык фактылар дал келип чыкты. 2018-жылы ноябрда компания биргелешип иштөө үчүн аукцион жарыялаган. Сынакта MegaCom жеңишке жетишип, алар  «КТ Мобайлга» 345 млн сом которушкан. Уюлдук оператор «КТ Мобайл» колдонбой жаткан кеңири жыштыкты өзүнүн түйүнүн  жакшыртып, байланыштын сапатын көтөрүүгө камынып жаткан.

Бирок, «туунду»  компания туулбай жатып өз планы бар болчу. Алар тескеринче  MegaCom  команиясынын жыштыгын, жабдыктары менен биллингди  колдонуп, рынокко чыгууну көздөгөн.  «КТ Мобайл» компаниясынын ошол кездеги жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу бул эн пайдалуу келишим деп билдирген. А эгер  MegaCom бул форматта кызматташууга барбаса, башка өнөктөшкө алмаштырарын айткан.

«Оферттин шартына ылайык, биз биринчи басыкычта алардын жыштыгы үчүн түшкөн кирешенин 67%  алабыз, кийин өз жыштыктарыбыз менен жабдыктарыбызда иштегенде кирешени тен болүшөбүз», — деп белгилеген «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу.

«КТ Мобайл» компаниясындагы Жанар Акаев айткан жогорку айлык акылар дагы аныкталды. Катардагы кызматкердин айлык акысы 30  минден  157 миң сомго чыканын далилдеген документтер  бар. Бул өлкөдөгү орточо айлыктан  10.5 эсе ашат.

Тууганчылык  отту туттанты

Тууганчылык  отту туттанты. «КТ Мобайл» компаниясынын директору Эрназар  Иманкадыра уулу  атасы премьер-министр Мухаммедкый Абылгазиевге бажа  болгону балээнин башы болду. Бул маалыматты  15-майда  премьер өзү тастыктап, «КТ Мобайл»  чуу жараткан эмгек акыларын териштирүүгө алууну айткан.

Кийин 15-майда Иманкадыр уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясында иштебей турганы айтылды. Ал ЖЧК компаниядан оз каалоосу менен кеткенин компания билдирген

Социалдык түйүндөрдө Эрназар Иманкадыр уулу, Иманкадыр Рысалиев, премьер-министр менен  Байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиевдин чырмалышкан туугандык жайлары каттуу талкууга түштү.

Кызыгы,  Шаршембиев буга чейин  «Кыргызтелеком» ААК жетектеп келген. Ал Бишкек байланыш ААК  коммерциялык дирктордон «Кыргызтелеком» ААК  директорлор кеңешине чейин ар кандай кызматтарды 2009-2016 жылдар аралыгында ээлеп келген. Эскерте кетели, дал ушул маалда  «КТ Мобайлга» жыштык үчүн  40 млн сом которулган.

Ошондуктан, Жогорку Кеңеште  депутаттык комиссия  «КТ Мобайл» компаниясын изилдеп башташкан. Бугүн, 17-майда биринчи жыйында бул маселе талкууга алынды.

 «Альфа Телеком»  ЖАК директору Акылбек Жамангулов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Иманкадыр Рысалиев коркутуу жасаганын билдирген.

Андан кийин Иманкадыр Рысалиев ЖМК бирине  берген маегинде тийиштүү органдарга барып, коркутууга алганына жооп берүүгө даяр экенин билдирген.  

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу