Үмүтсүздүктөн үмүткө: Кыргызстанда ВИЧ илдетин азайтууга Глобалдык фонддун таасири

22.08.2023, 12:38 Акчабар
Үмүтсүздүктөн үмүткө: Кыргызстанда ВИЧ илдетин азайтууга Глобалдык фонддун таасири

Биздин өлкөдө ВИЧ илдети менен ооруган адамдарга бир катар жеңилдиктер каралган. Толук кандуу жана сак-саламат өмүр сүрө алуу үчүн, алар сапаттуу жана натыйжалуу АРВ-терапиясы менен дарылана алышат. 

Жалпы жагдай

Дүйнө жүзүндө ВИЧ жуктургандардын сандык көрсөткүчү улам азайууда. Бул тууралуу “ВИЧ менен байланышкан улуттук чыгымдарды баалоонун” отчётунда айтылат. 2020-жылы дүйнө жүзүндөгү ВИЧ илдетинин таралуусу 31%га, б.а. 2010-жылдан бери 2,1 миллиондон 1,5 миллионго чейин азайган. Бирок, анткени менен  ВИЧ илдети Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө абдан тез тарап, бул өлкөлөр эпидемия өтө тездик менен өсүп жаткан чөлкөмдөрдүн катарына кирип калууда. 

Ал эми Кыргызстанда ВИЧ илдети концентрациялуу баскычта турат. Тобокел тобуна калктын төмөндөгү категориялары кирет: баңгизатка байлангандар жана аны инъекциялык түрдө колдонгондор, алардын сексуалдык өнөктөштөрү; секс бизнесинин кызматкерлери жана алардын кардарлары; андан сырткары башка эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер. 

Акыркы маалыматтар боюнча жыныстык катнаш ВИЧ илдетинин эң көп таралган жодорунун бири болуп саналат. Мындай жол менен гетеросексуалдык мамиледе болгон 6,1 миң кыргызстандык аталган илдетти өзүнө жугузуп алган.

 

2022-жылдын жыл жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда ВИЧ илдети менен жашаган 12,2 миң адам катталып, алардын 11,5 миңи өлкө жараны жана миңге жетпегени чет элдиктер болуп чыккан. Өткөн жылы өлкө боюнча бул ооруну жуктурган миң учур, үстүбүздөгү жылдын март айын кошо эсептегенде жаңы 182 учур катталган.

Эгерде статистикадан 2023-жылдын үч айын кемите турган болсок, катталган жаңы учурларды эсептей келгенде 2021-жылдан бери карай ооруну жугузуу учурлары өскөнүн байкайбыз. 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы вирусту жуктуруунун саны 25,4%га, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы 26,4%га көп болгон. Бирок, анткени менен жуктургандардын саны оорунун өсүп жатканын билдирбеши да мүмкүн. Бул ооруну аныктоонун натыйжалуу болуп жатканын билдириши ыктымал. 

Донорлор менен биргеликте вируска каршы күрөшөбүз 

ВИЧке каршы күрөшүү багытында Кыргызстанга эл аралык ар кыл уюмдар көмөкчү болуп келишет. Бүгүнкү күндө өлкө ВИЧ-инфекциясын жеңүүдө ДССУ, ЮНЭЙДС уюмдары менен, СПИД, кургак учук, безгек ооруларына каршы күрөшүүдө Глобалдык фонд менен ошондой эле АКШ президентинин СПИДге каршы күрөшүү боюнча өзгөчө кырдаалдуу планы жана башка дагы өнөктөштөр менен биргеликте Улуттук саясатын жүргүзүп келет. Мына ушундай эл аралык уюмдар менен болгон тыгыз кызматташтыктын натыйжасында, ошондой эле мамлекеттин бул илдетке карата жоопкерчиликтүү мамилесинин аркасында ВИЧти профилактикалоо жана дарылоо боюнча натыйжалуу система иштеп чыгарылды десек болот. 

Кыргызстан 2018-2020-жылдардын арасында СПИД программасына 34 миллион 353 миң 146 АКШ долларына жакын каражат жумшаган. Мында жалпы чыгымдардын арасынан мамлекеттик чыгымдардын үлүшү 14,7%ды, ал эми эл аралык донор уюмдардын үлүшү 82%ды түзгөн. 

2017-жылы ВИЧ-инфекциясын дарылоого карата мамлекеттик бюджеттен кошумча 300 миң АКШ доллары,  2018-жылы 620 миң АКШ доллары, ал эми 2020-жылы антиретровирустук дары-дармектерди жана ооруну аныктоо тестин сатып алууга 2 миллион 131 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Башкача айтканда, 2018-жылдан берки мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат 7 эсеге өскөн. 

Ошол эле маалда ВИЧ-инфекциясына каршы күрөшүү программасын ишке ашыруунун суммасы мамлекеттик бюджеттен которулган суммадан 5 эсе көптүк кылат эле.

Ортодогу айырманы төмөндөгү донорлор жаап келишкен: Глобалдык фонд, АКШ президентинин СПИДке каршы күрөшүү боюнча өзгөчө кырдаалдуу планы, Орусия Федерациясы жана БУУнун агенттиктери. Алардын ичинен эң негизгиси Глобалдык фонд болуп, ал ВИЧке каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик программага өлкө тарабынан бөлүнгөн каражаттын бир топ бөлүгүн жаап келет. 

Андыктан, Кыргыз Республикасындагы ВИЧ жана СПИД илдеттерин каржылоо программасын колдоо мамлекеттик жана эл аралык булактардын эсебинен ишке ашырылат. Эл аралык уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жаткан сырткы жардамдар Кыргызстандагы ВИЧти профилактикалоо жана дарылоо программаларынын туруктуулугун сактоого көмөкчү болууда.
ВИЧке каршы күрөшүү программасына тиешелүү чыгымдар тууралуу айта турган болсок, 2017-жылдан бери дары-дармектерди сатып алуу жана ооруну аныктоого багытталган мамлекеттик каржылоонун көлөмү өскөнү байкалат. 2023-жылдан тарта дарыланууга болгон муктаждыктын 80%дан ашыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылууда. 

Каражаттар кандайча бөлүнүп берилет? 

Ошол эле маалда калктын негизги тобун профилактикалоо программаларынын 90%ын жана АРВ дары-дармектерге (ВИЧ илдетине багытталган дарылар) болгон суроо-талаптын 40%ын жабуучу донордук каржылоого муктаждык менен андан көз карандуулук сакталып турат. 

СПИДге каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун ВИЧ илдетин каржылоосунун үлүшү 2018-жылдан 2020-жылга чейин эки эсе өскөн жана ал 2020-жылдагы чыгымдардын жалпы көлөмүнүн 42%зын түзгөн. Бул каражаттар ВИЧ оорусун профилактикалоого, тестирлөөгө жана консультациялоого, ооругандарга кам көрүүгө жана дарылоого, социалдык факторлорго жана программаны башкарууга жумшалган. 

Глобалдык фонддун каржылоосунун алгылыктуу багыттарынын арасында инъекциялык жол менен баңгизат колдонуучу адамдарга (ЛУИН) арналган программанын алкагында стерилдик шприцтерди жана ийнелерди алмаштыруу багыты бар. Эгер аталган уюм 2018-жылы бул максаттарга 350 миң 622 АКШ долларын бөлгөн болсо, 2020-жылы 26,5%га көбүрөөк, б.а. 443 миң 563 АКШ долларын бөлүп берген. Ошол эле маалда алмаштырылуучу терапияга жана социалдык колдоого 242 миң 566 АКШ доллары (2018-жылга +134,2%) багытталып, ал эми тестирлөө жана консультациялоо компонеттеринин жалпы чыгымы 139 миң 533 АКШ долларын түзгөн. 

Муну менен катар эле Глобалдык фонддун маанилүү багыттарынын бири – 2020-жылы 420 миң 442 АКШ доллары бөлүнгөн антиретровирустук терапия жана 291 миң 595 АКШ доллары бөлүнгөн дарылоонун лабораториялык атайын мониторинги болгон. 

“Кыргызстанда ВИЧ илдети менен ооруган 500гө жакын бала бар. Алардын дары-дармеги эл аралык программалар аркылуу Глобадык фонддун каражатына сатылып алынат. Булар бренд дары-дармектер. Аларды чыгарган фармкомпаниялар биздин өлкөдө каттоодо турбагандыктан, мамлекет бизге бул дарыларды алып бере албайт” – дейт “Партнерская сеть” ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиев. 

Анын айтуусу боюнча мурдагы жылы Кыргызстанда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ага дары-дармектерди БУУнун эл аралык уюмдары аркылуу сатып алууга болот деген берене киргизилген. Анын ишке ашуусуна карата Өкмөттүн тийиштүү токтому чыкканына карабастан, бул мыйзам толугу менен ишке кирген эмес. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” жаңы мыйзам кабыл алынган. 

“Чоңдор үчүн өтө сонун женериктер сатылып алынып жатат. Бизге азыр долутегравиранын негизиндеги дүйнөдөгү эң мыкты дарыны алып келишүүдө. Анын өзгөчөлүгү бир таблетканын ичине үч дары камтылган. Башкача айтканда адам күнүнө бир эле таблетканы өмүрү өткүчө ичет. Бул жылы адам башына бир айлык курстун баасы 5,5 АКШ долларын, ал эми жылына 70 АКШ долларына түздү”, - деди Султангазиев. 

Казакстанда ВИЧ илдетинин жылдык терапиясы аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2017-жылы 600дөн 1000 АКШ долларына чейин болгон. Ал эми Тажикстанда Health Policy Plus уюмунун маалыматы боюнча 2019-жылы 1 миң 861 АКШ долларын түзгөн.

“Глобалдык фонддун дары-дармектерди кепилдиги менен сатып алганы абдан маанилүү. Мындайча айтканда, бул биз үчүн резерв. Анткени, мамлекеттик сатып алуулар буйрутма берген дары-дармектер көп учурда кечигет. Бул көрүнүш өткөн жылы да кайталанды. Сентябрь, октябрь айларында дары-дармектер бир айга гана берилип жатты. Демейде алар 3 же 6 айга чейин ашыгы менен берилет. Мунун себеби эмнеде? Анткени, тендерден утуп алган компания дарылардын келишин дээрлик эки айга чейин кечиктирди. Ал эми бул өтө чоң көйгөй болуп саналат” – дейт өз сөзүндө эксперт.   

Ошондой эле ал Глобалдык фонддун гранты жалаң гана дары-дармекке кетпей тургандыгын кошумчалады. Бул каражатка ВИЧ менен жашаган адамдарга колдоо көрсөткөн уюмдар иш алып барып, вирусту аныктоочу экспресс-тесттер сатылып алынарын белгиледи. 

2011-жылдан бери ар жылы саламаттыкты сактоо уюмдарында 400 миңден ашуун адамдар тестирлөөдөн өтүп келет. Бул калктын 6,5%ын түзөт. Медициналык мекемелердеги тестирлөөлөрдөн сырткары, калктын негизги  тобу үчүн капиллярдык кан аркылуу жана бейөкмөт уюмдардын базасында шилекейден экпресс-тесттер алынып турат.

Иммуноферменттик анализ ыкмасы (ИФА) менен ВИЧке тестирлөөнүн баасы мамлекеттик лабораторияларда Кыргызстандын жарандары үчүн – 2 АКШ доллары, чет элдиктер үчүн – 4,4 жана экспресс-тесттер – 4,5 АКШ долларын түзөт. Андан сырткары ВИЧ илдетине купуялуу медициналык текшерилүү бекер жүргүзүлөт. 

Мамлекеттик мекемелердин деңгээлиндеги ВИЧке тестирлөө бардык СПИД борборлорунда жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт. Муну менен бирге эле облустардын борбордук бөлүктөрүндө ВИЧке текшерүү кызматтары жетиштүү. Алыс аймактарда жана айылдарда жашаган эл аталган илдетке текшерилүү үчүн борбордук ҮБМБга жана СПИД борборлоруна келүүгө мажбур. Жеке менчик лабораториялардын көпчүлүгү Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан. 

2022-жылы ата мекендик саламаттыкты сактоо мекемелеринен 720 миң 570 адам тестирлөөдөн өткөн. Экспресс-тесттер капиллярдык кандын тамчысынан жана шилекейден алынат. ВИЧ илдетин дарылоого мониторинг жүргүзүүгө тест-системаларга болгон муктаждык негизинен Глобалдык фонддун жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. 

Мамлекеттик каражатка болгон сатып алуулар Республикалык СПИД борборунда “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. Облустук СПИД борборлору, шаардык жана Республикалык СПИД борборлору тест-системасын сатып алууну өз алдынча жүргүзүшүп, жалпы калкты акылуу түрдө тестирлөөдөн өткөрүшөт. Булар атайын эсептин каражатынан жүргүзүлөт. Керектөөнүн эсебине негизделген сатып алуулардын планы калдыктарды эсепке алуу менен тендер аркылуу бир жылга жана буфер аркылуу кийинки жылдын 6 айына чейин түзүлөт. 

Калктын негизги топторун тестирлөөгө карата экспресс-тесттерге болгон суроо-талап ВИЧ-бюджетинин күнүмдүк аныктоосу боюнча Глобалдык фонддун грантынын эсебинен жабылат. Экспресс-тестке жумшалган чыгымдар 2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу өсүп, 159 миң 613 АКШ долларын түзгөн. Ал эми Глобалдык фонддун грантынын алкагында анын 67%зы жабылган. 

Жалпылап айтканда Кыргызстан ВИЧ илдети менен колдон келишинче күрөшүүдө. Белгилүү болгондой, учурда негизги илдеттен жабыркаган топтор аныкталган жана алар адистердин көзөмөлүндө. Бир нече убакыттан бери топтолуп отурган ВИЧке каршы күрөшүүдөгү эл аралык тажрыйба өтө чоң роль ойногонун баса белгилей кетүүбүз керек. Аталган илдетти профилактикалоо жана дарылоо боюнча акысыз программаны киргизүү прогматикалык кадамдардын бири болгон. Бул биринчи кезекте донордук жардамдардын, анын ичинде Глобалдык фонддун аркасында ишке ашты десек болот. Аталган фонддун ишмердүүлүгү өтө кеңири болгондуктан, ага ВИЧти профилактикалоо жана дарылоонун төмөндөгү бардык багыттары кирет: ВИЧти профилактикалоо, негизги топторду колдоо, ВИЧти аныктоо, тесттерди сатып берүү, ВИЧ менен ооруган балдарга жана өспүрүмдөргө дары-дармек алып берүү иштерин жүргүзүү жана ошондой эле гемоконтакттык вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча Республикалык борбору, Улуттук фтизиатрия борбору сыяктуу улуттук институттарга техникалык жана каржылык колдоо көргөзүүлөр кирет. Мунун баары, Кыргызстандын Глобалдык фонд жана ПРООН менен болгон биргелешкен кызматташуусу – 2030-жылга карай СПИД илдетин түп тамыры менен жок кыла алат дегенди билдирет. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу