Банкирлер да акча топтойт, же каражатты башкаруу боюнча жеке тажрыйба

11.07.2023, 14:30 Мария Индина
Банкирлер да акча топтойт, же каражатты башкаруу боюнча жеке тажрыйба

Каржылык белгисиздикке толгон дүйнөдө жеке каражатты башкаруу оңой эмес. Бирок “Кыргызкоммерцбанктын” Жибек-Жолу филиалынын директору, каарманыбыз Наргиза Сейитовадай каржылык пландоо өнөрүн өздөштүргөндөр бар. Наргиза “Акчабар” редакциясына берген маегинде үй-бүлөлүк бюджетти башкаруудагы жеке тажрыйбасы, “кыял үчүн” акча чогултуу, финансылык көзөмөлдү жашоо образына айландыруу жана үй-бүлөсүнүн коопсуз келечегин камсыз кылуу тууралуу айтып берди. 

Наргиза Сейитова банк сферасына 2004-жылы келген. Ал “Кыргызкоммерцбанкына” чейин эки банкта иштеген. Андан кийин карьерасын  “Кыргызкоммерцбанкында” улантып келет. Эмгек жолун кассир-эсептөөчү болуудан баштап, филиалдын директоруна чейин бардык этаптарды басып өткөн. 

— Наргиза, айтсаңыз, сиздин үй-бүлөңүздө акча эмнелерге жумшалат? 

— Төрт балам бар, жолдошум экөөбүз тең иштейбиз. Айдын аягында айлык маянабызды алгандан кийин көптөгөн үй-бүлөлөр сыяктуу эле каражатты ар кандай максаттарга бөлүштүрөбүз. Акчанын бир бөлүгүн үй-бүлөбүздүн учурдагы чыгымдарына калтырсак, бир бөлүгүн келечекке чогултабыз. Көпчүлүк чоң нерсени сатып алуу үчүн акча топтойт же биз дагы кыял-максатыбыз үчүн каражат топтойбуз. Балдарымдын окуусуна, үй-бүлөм менен саякаттоого да акча топтойм. 

Улуу балам быйыл Польшада окуусун аяктады. Бюджеттик негизде окуду, бирок чет өлкөдө окуу башка күтүлбөгөн чыгымдарды талап кылат . Ошол себептен мен банкыма депозит ачып, ага дайыма акча салып турдум. Белгилүү бир сумманы дароо чогултуу мүмкүн эмес экенин түшүндүм.

Төртүнчү курста окуп жаткан ортончу кызым да чет өлкөгө магистратурага тапшырууну пландап жатат. Ошондуктан, кызыма керектүү сумманы топтоо үчүн депозит ачуум керек деп чечтим. Мындан тышкары, ата-энебиздин алдында милдеттерибиз бар жана аларды үй-бүлөлүк чыгымдарга кошобуз. 

— Жаңылбай кантип бардыгын эске тутуп каласыз? 

— Өздүк бюджетимди жүргүзүү үчүн атайын күндөлүгүм бар. Албетте, ага мен бардык чыгашаларды жазбайм, бирок сөзсүз түрдө чоң чыгышаларды жазам. Күндөлүккө киреше-чыгашалардан тышкары бардык милдеттенмелеримди жазам. Бул менин максаттарымды жана милдеттеримди эстеп калууга жана каржыны башкарууга жардам берет. Мисалы, мен ири сатып алууну пландаштырып жатсам, анда күндөлүккө пландап жаткан буюмга канча акча бөлөөрүмдү эсептейм. 

Бул ыкма мага былтыр Стамбулга саякаттоону пландаштырууга жардам берди, келерки жылы болсо уулума Европага баргым келет. 

— Пайыз менен алганда, акчанын канча пайызы депозитке, ал эми канчасы учурдагы чыгымдарыңызга кетет? 

— Мен дайыма айлыгымдын 10%ын депозитке жумшайм. Ал эми калган акчалар учурдагы чыгымдарга жана ошондой эле күтүлбөгөн чыгымдарга калат. Маалым болгондой, бизде кыргыздарда тойлор көп. Үйлөнүү той, бала той, там той ж.б. Ошолорго жумшалат.  

— Жогоруда сиз акчаны депозитте сактай турганыңызды айттыңыз. Салымды кантип тандайсыз? 

— Мен акырындык менен керектүү сумманы чогултуп жатканымды эске алсам, мен үчүн акчаны толуктоо варианты маанилүү. Ошондуктан, мен топтоо депозиттерине артыкчылык берем. Тактап айтканда, менин акчам “Кыргызкоммерцбанктын” “Топтоо плюс” (Накопительный плюс) депозитинде турат, ал жерде депозитти ай сайын же мүмкүн болушунча каражат менен толуктап туруу функциясы бар. Бул абдан маанилүү, анткени ар дайым күтүлбөгөн чыгымдар болот, ошондуктан ийкемдүү толуктоо шарттары мен үчүн эң сонун вариант.

Мен үчүн дагы жакшы нерсе, бул аманатта пайыздар мөөнөт аяктаганда төлөнөт. Аны коротууга эч кандай жол жок. Натыйжада, депозиттик мөөнөт аяктагандан кийин, мен бир эле учурда топтогон негизги сумманы жана үстөк пайыздарды ала алам. Мен үчүн бул аманатты тандоодо чечүүчү негизги критерийлер болду. 

— “Кыргызкоммерцбанкында” дагы кандай депозиттерди ачууга болот? 

— Депозитти тандоо сиздин максатыңызга жана сиз инвестициялоого даяр болгон суммага байланыштуу. Жалпысынан “Кыргызкоммерцбанкында” бардык жагдайлар үчүн депозиттер бар. Эгер мага окшоп, кандайдыр бир максат үчүн акча топтоо милдети болсо, анда “Топтоо плюс” (Накопительный плюс) депозити бар. Ыңгайлуу, депозиттин минималдуу суммасы болгону 1000 сом, же 50 доллар. Ал эми кошумча салым чексиз.

Эгерде сизде буга чейин мүлктү сатуудан, жеке аманаттардан жана башка кирешелерден ири суммада каражатыңыз болсо, анда менин  курбумдай болуп, биздин банкка “Premium” депозитине акчаңызды сала аласыз. Ал жерде депозиттин суммасы 4,5 миллион сомдон (же 100 миң доллардан) башталат. Ошондой эле, каалоосу боюнча толукталышы мүмкүн. Бул жакшы вариант. Депозиттин суммасы ай сайын чегерилген пайыздык кирешеси менен жашоого мүмкүндүк берет.

Менин курбум депозиттин ушул түрүн тандаган. Ал бир нече айдан бери иштебейт. Депозиттеги айлык чегерилген сумма менен каржылык көз карандысыздыкка жетти. 
Ошондой эле бизден “Капитал” мөөнөттүү депозитин ачып, пайыздарды ай сайын же мөөнөттүн аягында ала аласыз. Бирок бул депозиттин толуктоо функциясы жок.
Сиздердин банкка депозит салуу аркылуу максималдуу канча киреше табууга болот? 
Бул жайгаштыруунун узактыгына жараша болот. “Топтоо плюс” (Накопительный плюс) аркылуу 12 айга биз 13,5% алабыз. Ал эми 24 айга "Капитал" мөөнөттүү депозити сизге 14,5%, 36 айга — 15%, 36 айга "Премиум" депозити — 15,5% киреше алып келет.

Депозиттер биздин аманаттарыбызды индексациялоосу да маанилүү. Рыноктун шартына жараша Кыргызстандагы банктар үстөк пайызын жогорулатат. Эгерде 2022-жылы жылдык депозиттер боюнча кирешелүүлүк 10-11% болсо, азыр инфляциянын эсебинен 13,5-14% түзөт.

— Сиз каражатыңызды кайсы валютада сактайсыз? 

— Улуттук валютада жана долларда сактайм. Улуттук валютада сактаганымдын себеби менин чыгашамдын көбү сом менен кетет. Алар боюнча депозиттердин пайызы да жогору. Бирок, эки жылдай мурун жыйнаган акчамды бөлүштүрүүнү чечтим. Бул үчүн резервдик валютаны – АКШ долларын тандадым.

Акчаны эки валютага бөлүштүрүү менен мен тобокелдиктерди азайттым. Мындан тышкары, мен үчүн доллар менен акча топтоо ыңгайлуу, анткени мен уулума сапарга чыгууну пландап жатам жана чыгашаларды да ушул валютада пландап койдум. Ошентип, валюталык операцияларды жүргүзүүдө долларды сатып алуудан уттурбайм.

Валютадагы депозиттер боюнча биздин банк 12 айга 2,5%, 24 айга 3,5% жана 36 айга 4% сунуштайт. Бул азыр рынокто стандарттуу шарттар болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, “Кыргызкоммерцбанк” Орусиядан келген коноктордун эсебинен азыр популярдуулуктун туу чокусунда турган рубль менен да депозиттерди сунуштайт.

— Депозиттер акча сактоонун жана көбөйтүүнүн эң коопсуз инструменти катары бааланат. Эгер банк күтүлбөгөн жагдайда кыйынчылыкка дуушар болсо эмне болот? 

— Кыргызстанда Депозиттерди коргоо агенттиги – мамлекеттик система бар. Мыйзамга ылайык, агенттик банктын аманатчыларына кепилдик учуру болгон учурда 1 миллион сомго чейинки депозиттер үчүн компенсация төлөп берет. Бул суммага негизги депозит да, ал боюнча пайыздар да кирет. Бул банк кардарларынын кызыкчылыгын коргоо үчүн жасалган.
Жөнөкөй сөз менен айтканда, агенттик кандай гана жагдай болбосун, ар бир банктын кардарына 1 миллион сомго чейин төлөнүшүнө кепилдик берет. Депозиттер боюнча компенсациянын өлчөмү 2023-жылдын 10-июнунан тарта 1 миллион сомго чейин көтөрүлгөн, буга чейин ал 200 миң сом болчу. Бул жарандардын акчасын коркпостон банктарга салуусуна кошумча түрткү болду. 

Кыргызстандын бардык банктары депозиттерди коргоо системасынын мүчөлөрү экендигин белгилегим келет.

— Сиз өз бюджетиңизди кантип башкара турганыңызды айтып бердиңиз. Бирок, дайыма эле мындай болуп келген эмес да, туурабы? Каржылык көзөмөлдүн маанилүү экендигин качан аңдап, түшүндүңүз? 

— Менин чыгашаларым башында башаламан болуп, айдын үчүнчү же төртүнчү жумасында акчам түгөнүп калчу. Чоң суммадагы сатып алууларга жана чыгашаларга келгенде жалаң гана айлыгыма таяна албасымды түшүндүм. Ошентип, мен акчага карата мамилемди өзгөртүүнү чечтим жана өзгөрттүм. Азыр мен баарына бул нерсени сунуштайм. Анткени каржылык жаздык абдан маанилүү. Эртең эмне болору белгисиз. 

Балдарым чоңоюп калгандыктан, мен алардын үйлөнүү үлпөтүн, чоң үй-бүлөлүк иш-чараларды пландаштырышым керек. Андай иш-чараларды дароо уюштуруу мүмкүн эмес, анткени бул чоң үй-бүлөлүк чыгым. Мындай жагдайларга акча топтоо абдан маанилүү. Суммасы маанилүү эмес, 1000 сом болсо да үнөмдөө жакшы башталыш. Бизде “Топтоо плюс” (Накопительный плюс) депозити бар, ал сизге миң сомдон эле баштоого мүмкүндүк берет, ал жыл аягына чейин 12 миң сом жана 13,5% киреше берет.

Маегибиздин аягында мен баарына акча топтоого кеңеш бергим келет. Акча топтоо– башында кыйындай сезилет, кийин пайдалуу жана керектүү адатка айланат. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу