Эмне үчүн Кыргызстанда евронун наркы өсүүдө жана ал качанга чейин уланат?

14.12.2022, 15:47 Злата Тетерь
Эмне үчүн Кыргызстанда евронун наркы өсүүдө жана ал качанга чейин уланат?

Россиядан келген релоканттар валюта тенденцияларын белгилешүүдө. Евро доллардан "кутулуп", кымбаттады. Бул тенденция качанга чейин улана турганын «Акчабар» билүүгө аракет кылды.

Евронун сомго карата расмий курсу Кыргызстанда 2022-жылдын февраль айынын аягында Орусиянын Украинадагы аскерий операциясынын башталышынын фонунда тез өсө баштаган. Бир айга жетпеген убакытта европалык валюта тарыхый максимумга жетип, 115,4 сомду түздү. Бирок евро ал көрсөткүчтө кармалып тура алган жок. 19-марттан тарта расмий курс төмөндөп, европа валютасы позициясын жогото баштады жана 29-сентябрда минимумга чейин төмөндөдү.

Графикада евронун акырындык менен калыбына келгени көрүнүп турат. Акыркы 2,5 айдын ичинде ал 16,81% га өстү (29-сентябрдагы минималдуу көрсөткүчтөргө каршы). Ошол эле учурда, учурдагы өсүш дагы эле жыл башындагы көрсөткүчтөргө кайтуу жөнүндө айтуу үчүн жетиштүү эмес (2022-жылдын 1-январына карата -6,63%).

“Көңүлдү мындан ары евронун наркына эмес, Орусияга киргизилген санкциялардан улам биздин өлкөлөрдө өскөн суроо-талапка буруу керек”, - деди эксперт Денис Бердаков “Акчабар” менен болгон маегинде.

Ал кошумчалагандай, кыргызстандыктар рублди каалаган конвертирленген валютага алмаштырууга даяр россиялыктардан айырмаланып, негизинен еврону колдонушпайт. Кыргызстанда жана башка коңшу мамлекеттерде накталай доллардын жетишсиздигин эске алсак, рублди еврого алмаштырууга гана туура келет.

“Алар ири суммадагы рубль алып келишет. Аларды чет элдик валютага алмаштырып, анан бул жакка (негизинен банк ячейкаларына. – Ред.) катып коюшат же башка өлкөлөргө алып кетишет”, - дейт эксперт.

Анын пикиринде, бул тенденция Орусиядан санкциялар алынмайынча сакталышы мүмкүн.

“Эгер мурда бизде евро долларга байланган болсо, азыр ал америкалык валютага карабастан өсүп жатат. Буга долларды сатып алуу кыйындап кеткени себеп болду. Жакынкы жылдары Орусияга каршы санкциялар алынышы күмөн, эл акчасын алып кете берет. Демек, Кыргызстандын Улуттук банкы долларды көзөмөлдөп турса, евро дагы өсө берет”, - деп сөзүн жыйынтыктады Денис Бердаков.

Алмашуу бюролор ассоциациясынын жетекчиси Думан Рыскулов да Кыргызстандын валюта рыногунда еврого болгон суроо-талапты “Акчабарга” тастыктады. Айрыкча студенттер жана экспортерлор арасында белгиленип келет. Буга карабастан, анын айтымында, акча алмаштыруу жайларында накталай евро жетиштүү.

“Валюта чоң көлөмдө бар деп айтпайм, бирок ар бир кардар 10 миң евродон ашык акчаны оңой эле сатып ала алат”, - деди Думан Рыскулов.

Ал ошондой эле Кыргызстанда евронун мындан аркы бекемделиши боюнча эксперттин пикирине кошулат. Мындан тышкары курс мурдагы көрсөткүчтөрдөн ашып кетет деп эсептейт. Ассоциациянын жетекчисинин айтымында, бул үчүн негизги фактор европалык валютанын туруктуулугу болот.

Кошумчаласак, евро Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да өсүп жатат. Ушундай эле көрүнүштү Орусия менен Казакстандан да байкоого болот.

1-октябрдан тарта Орусияда европалык валюта Борбордук банктын маалыматы боюнча 26,5% кымбаттады. Орусиялык эксперттердин айтымында, бул туруктуу процесс жана жылдын аягына чейин 2-3 рублга өсүш күтсө болот. Бирок мындай божомол деле евронун январдагы көрсөткүчүнө кайтып келишин камсыздай албайт (11-январда 85,1315 рубль).

Казакстанда да евро 1-ноябрдан тарта 9,73%га, 495 теңгеге чейин өстү. Эксперттер жылдын аягына чейин европалык валютанын наркы 560 теңгеге жетет деп болжолдошууда, бул учурдагы курстан 13,2% жана жыл башындагыдан 14,5% жогору.

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу