Эмне үчүн Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар жок?

16.11.2022, 09:26 Злата Тетерь
Эмне үчүн Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар жок?

Акыркы убакта Бишкектин Моссовет акча алмаштыруу жайларында болуп көрбөгөндөй доллардын таңкыстыгы байкалууда. Мындан улам, аталган жайларда америка валютасын сатып алуу дээрлик мүмкүн эмес. Мүмкүн болсо да, расмий курс боюнча эмес, кымбат баада гана сатылууда. 

Бул таңкыстык жыл башынан бери биринчи жолу болуп жаткан жок. Эксперттердин айтымында доллардын тартыштыгына Украинанын аймагындагы аскердик жаңжал себеп болууда. Мындан улам, кыргызстандык банктарга доллардын түшүүсүнүн негизги жолдору жабылды. Кыргызстанга америкалык накталай акчаларды жеткирүүнүн бардык логистикасы кыйрады. Ошондуктан учурда Кыргызстандын финансы-кредиттик мекемелери өлкөнүн валюта базарына накталай долларды жеткирүүнүн жаңы жолдорун издөөгө мажбур болууда. 

“Албетте, бул көйгөйдү чечүү үчүн иштер жүрүп жатат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө долларды жеткирүүдө дагы деле кыйынчылыктар бар. Бул маселе Кыргызстанда гана эмес, постсоветтик башка өлкөлөрдө да болуп жатат”, - дейт Кыргызстандын Банктар союзунун жетекчиси Анвар Абдраев. 

Акча алмаштыруу бюролору ассоциациясынын жетекчиси Думан Рыскулов“Акчабарга” берген маалыматында ата мекендик банктар БАЭ, Грузия жана Европа өлкөлөрү сыяктуу башка мамлекеттер менен накталай долларды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө аларын белгиледи. Рыскуловдун айтымында, рынокту накталай долларга толтурган банктар эле эмес. Бул жагдай Улуттук банк валюта рыногуна долларды сатуусу менен ишке ашты. 

Эске салсак, Улуттук банк интервенция менен 10-мартта чыккан. Анда  66,6 миллион доллар сатылган.

“Ошондой эле, акча алмаштыруу жайлары чет элдик туристтер алып келген акчанын эсебинен накталай доллар алышат. Ошонун аркасында быйыл жаз-жай айларында ушундай кырдаалда валютанын жетишсиздиги теңделди”, - деди Рыскулов.

Ал бүгүнкү күндөгү доллардын тартыштыгын суроо-талаптын көптүгү, сунуштун аздыгы менен байланыштырды.

“Алар алмаштыруу үчүн 500 доллар алып келишет дагы, 5 миң доллар сатып алууну каалашат”, - дейт Рыскулов. 

Бирок, Рыскуловдун баамында аптанын аягында баары өз нугуна түшөт. Салык мөөнөтү жакында бүтүп, ири фирмалар менен компаниялар салыкты улуттук валютада сом менен төлөшү керек.

“Буга байланыштуу компаниялар ири суммадагы чет элдик валюта менен салык төлөп, акырындык менен тартыштык толукталат. Бирок доллардын туруксуздугу келерки жылдын башына чейин күтүлөт”, - дейт ассоциациянын жетекчиси. 

Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 доллар 84,42 сомго бааланууда. Акыркы 2 айдын ичинде доллардын көрсөткүчү дээрлик 5%га өстү. Акча алмаштыруучу жайлардагы тактадагы маалыматтарга ылайык, доллар 84,5 сомго бааланууда. Антсе да, чындыгында, алмаштырган кызматкерлер 1 долларды 86 сомго же андан да жогору баалашууда.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу