Кыргызстандын финансы рыногундагы баалуу кагаздарга байкоо салабыз. «Сенти» финансы компаниясынын адиси Дастан Аскербаев «Акчабарга» атайын маек куруп, баалуу кагаздар рыногуна талдоо жасап, акчаны кайда салып, киреше тапса болот деп керектүү маалыматтар менен бөлүштү.
Топ-компанияларга Кыргызстандын үч ишканасы кирген:
Эң биринчиден көңүл буруучу маанилүү жагдай компания Кыргыз Фондулук Биржасында (КФБ) листингинде каттталышы керек.
КФБ листинги –бул биржалардын расмий тизмеси. Эгерде кайсыл бир компания менен фирманын баалуу кагаздары литингде турса, анда алар КФБ талаптары менен шарттарына толук жооп беришет. Ал эми чет элдик инвесторлор КФБ биржалык листингине биринчи орунда көңүл буруп, ага карата мамиле жасашат.
Эми биздин мыкты делген үч компаниянын бирөө гана КФБ листинггине кирет. Бул «Манас»эл аралык аэропорту. Калган эки компания листингге кире элек.
Акцияларды алардан мурда көңүл буруучу дагы бир жагдай компаниянын рыноктогу позициясы:
Эгерде сиз жогорудагы суроолорго оң жооп алсаңыз, анда ал компаниянын акциясын сатып алып, ишенсеңиз болот.
Жогорудагы Топ-3 кирген компаниянын экөө эл арасында белгилүү жана өз тармагында лидер болбосо дагы рынокто ишенимдүү позицияда турушат. «Манас» эл аралык аэропорту менен «Бишкексүт» ААКАнын рынокто көптөн бери иштеп, өздөрүн жакшы жагынан көрсөтө алган. Ал эми «ОКБ «Аалам» анын негиги ишмердиги ижарага батирлерди берүү.
Биздин талдоо рыноктогу капиталдаштырууга багытталып, тереңдетилген фундаменталдуу анализ жасабайбыз.
Капитализация –бул анын учурдагы биржанын рыногундагы наркы. Анда анын бир акциясынын учурдагы баасы көбөйтүлүп, анын рыноктогу наркын аныктайт. Капитализация дайыма эле компаниянын реалдуу баасын бере албайт. Ал адамдарын маанайын билдирет. Алсак, рыноктогу акыркы акциялардын сатылыш менен компанияга болгон элдин маанайын, мамилесин байкаса болот.
Капитализацияны таза кирешеге бөлүштүрүү, компания канча жылда өзүн актарын көрсөтөт. 0-5-жылга чейинки аралыктагы компаниялар, бааланбаган компания болсо, андан жогорку жылдардан берки компаниялар бааланган деп саналат. Эми биз талдап жаткан үч компанияны бул критерий менен карасак, рыноктогу акцияларынын баасы -бул учурдагы туура наркы.
Эми капитализациядагы кийинки көрсөткүч бул түшкөн пайда. Эгерде 1 ден 2 чейинки көрсөткүч болсо, ал норма болуп саналат. Ал эми 1 – төмөн болсо, бааланган эмес компаниянын катарындагы фирма.
Капиталдаштырууну жеке капиталга бөлүү, анда акционерлер компания банкрот болсо төлөм алабы? Бул негизги суроо, андыктан 1 жогору болуп, 0 төмөн болбосу зарыл. Акция алууда арзандатуулар болот. А эгер «Аалам» акциясын сатып алсаңыз, анда кошумча төлөм жасайсыз.
Келерки кадам, акциялардын динамикасын дайыма байкоого алып туруңуз. «Манас» эл аралык аэропортунун акциялары 2018-жылдан бери 110 сомдон, 270 сомго чейин өстү. Баанын көтөрүлүшү 2017-жылдагы дивиденттердин төлөнүшүнөн кийин, рынокто суроо талап күчөгөндөн улам пайда болгон. Ар бир акцияга рыноктогу 100 сомдук баасына 30 сом кошулушу, бул 30% кирешелүү.
«Бишкексүт» акциялары дагы тездик менен өсүүдө. Былтырдан бери бул компаниянын акцияларына суроо талап жогору. Азыр бир акциянын баасы 470 сом, бирок мындай баада соода жасалбайт.
Бирок, баалуу кагаздар рыногунда бул компаниянын акцияларын сатып алуу сейрек жүргүзүлөт. 2018-жылы болгону эки жолу акциялары сатылган. Көп инвесторлор бул акцияны сатып алгылары келишет, анткени финасалык абалы туруктуу жана жакшы дивиденттерди төлөйт. Алтургай бир акцияны 600 сомго алайын деген адамдар дагы көп.
Эмесе эң кызыктуу маалымат. Дивиденттердин өлчөмүнө байкоо салалы. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, таза киреше менен аяктаган компаниялар кандай дивидент төлөгөнүн караңыздар:
Эми жылдар боюнча динамикаларга салыштыруу жасайлы:
Биз эч кимди дал ушул компанияларын акцияларын сатып ал деп таңуулабайбыз. Болгону бул өткөн жылдардын анализдерине таянып жасалган маалымат. Алдыга божомол дагы жасабайбыз. Болгону КФБ учурдагы рынокко байкоо салдык.
Көпчүлүктү канча каражат менен инвестиция жасасам болот деген суроо түйшөлтөт. Сиздер жогоруда билгендей ар бир компаниянын акциялары ар кандай. Алар тыйындан башталып, бир нече миң сомдон аяктайт. Ал эми анализге алынган компаниялардын акцияларынын орточо баасы 200-300 сом. Демек, 1 миң сомго бир нече акция сатып алып, инвестор боло аласыз. Андагы минималдуу киреше 12%. Биздин өлкөдө фондулук рынок анча өнүгө элек, бирок туруктуу иштеп, билген адамдар баалуу кагаздарга каражаттарын салууда.
Эгерде баалуу кагаздарга кызыгып калсаңыз, эми аны кайдан сатып алсам деген суроо жаралат. Ал дагы өтө жөнөкөй: сиздер «Сенти» финансы компаниясына же башка брокердик (бажы брокерлери менен алмаштырып албаңыз) компанияларга кайрыласыз. Консультация алган соң, кайсыл баалуу кагаздарды сатып аласыз тандоо жасап, болгону паспортуңуздү көрсөтүп, инвестицияга салуучу сумманы алып келесиз. Бул иш-чара болгону 15 минуттук убакытты алат.
Ийгиликтүү инвестиция жасаңыз!