Түркияда Айтматов борбору ачылат. Анын кызматкерлерине канча айлык төлөнөт?

02.01.2024, 12:12 Наргиза Токоева
Түркияда Айтматов борбору ачылат. Анын кызматкерлерине канча айлык төлөнөт?

Кыргызстан Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы, Түркия Кыргызстанда Юнус Эмре атындагы маданият борборун ачат. Тиешелүү макулдашууну Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда жактырды.

Кыргызстан бул максаттарга 2024-жылы 34 млн сом бөлөт.

Мыйзам долбоорун кароодо депутат Айсара Абдибаева борбордун кызматкерлеринин айлык акысына нааразы болду.

“Борбордун директору 2 миң 700 доллар, ал эми техникалык кызматкерлер 2 миң 300 доллар алат деп жазып жатасыңар, бул кандай айлыктар? Ал жакка адамдарды эс алууга жөнөтөсүздөрбү? Бул кызматтарга кимдер дайындалды? — деп сурады депутат.


Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов борбордо үч кызматкер – бир директор жана эки техникалык кызматкер болоорун, азырынча эч ким дайындала электигин билдирди. Ал эми эмгек акынын өлчөмү Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына жана бул өлкөдөгү орточо айлыкка жараша аныкталды.

Министрдин орун басарынын айтымында, бул Түркия үчүн аз айлык болуп саналат. 

Бирок ал депутатты ынандырган жок. Айсара Абдибаева айлык акыны кайра кароону талап кылды.

“Мындан тышкары, сиз документтерде бир нече жолу ижара акысын көрсөткөнсүз. Экинчи окуу үчүн баарын бир макалага чогултуңуз. Депутаттарды адаштыруунун кереги жок”, - деп талап койду депутат.

Анын айтымында, борбордун кызматкерлери үчүн турак жайдын ижара акысы өзүнчө төлөнөт.

“Акчабар” Түркиядагы орточо айлык акы 2023-жылы 8,5 миң лира (болжол менен 450 доллар) экенин тактады. Ошондой эле, Түркиядагы кыргызстандык мигранттар да 2 миң 700 доллар жана 2 миң 300 доллар түрк стандарты боюнча деле өтө чоң айлык экенин белгилешти.

Түрк тарап менен түзүлгөн келишимди изилдеп чыгып, биздин редакция ар бир мамлекет өзүнүн маданий борборуна кызматкерлерди өзү дайындай турганын аныктады. Борбордун директору жана анын орун басары жөнөтүүчү тараптын жарандары болууга тийиш. Жана алар жөнөтүүчү тараптын эмгек жана камсыздандыруу мыйзамдарына баш ийет.

Ал эми кабыл алган өлкө кызматкерлерге салыктык жеңилдиктерди берип, жеке колдонуу үчүн алынып келинген товарлардын бажы төлөмдөрүнөн бошотот. 

Ошондой эле, тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана өз ара принцибинин негизинде жөнөтүүчү тарап тарабынан дайындалган кызматкерлерге, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайлар, жашы жете элек балдар жана ата-энелер) визаларды жана иштөөгө уруксат беришет. 

Белгилеп кетсек, борбордун ачылышы жана иш-чаралары республикалык бюджеттен каржыланат. Маданият министрлигинин эсеби боюнча, борбор үчүн имаратты ижарага алуу же жер тилкесин сатып алуу, кызматкерлерди жалдоо, коммуналдык чыгымдарды жабуу, имараттагы эмеректер, техникалар менен жабдуу жана башка чыгымдарга 20 млн сомго жакын каражат керектелет. 

Депутаттар келишимди биринчи окууда жактырышып, бирок борборду кармоого кеткен чыгымдарды жана кызматкерлердин айлык акысын кыскартууну талап кылышты.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу