Президенттин сөзүн ким маани берип угуп, ким түш көргөнү тууралуу. Санариптештирүү Кыргызстанды кандай өзгөртөт?

26.04.2019, 10:10 Акчабар
Президенттин сөзүн ким маани берип угуп, ким түш көргөнү тууралуу. Санариптештирүү Кыргызстанды кандай өзгөртөт?

Жакында Freakonomiks подкаст-каналында алып баруучу Стивен Дабнер эң кызыктуу инсан менен маектешти. Анда дүйнөдө популярдуу болуп жаткан  Spotify компаниясынын  негиздөөчүсү жана  башкы директору Дэниэл Эк менен маектешкен.

Spotify – бул платформа, анда сиз катталганыңыз үчүн акы төлөп  музыканы онлайнуга аласыз.

Компаниянын ээси бала чагын эскерип, беш жашында  биринчи компьютерге ээ болгонун айтып берди. Ал убакта Швед өкмөтү ар бир балада компьютер болуп, Интернетке туташышы керек деп чечишкен.  

Элестетсеңиз,  1997-жылы 14-жаштагы   Дэниэлдин компьютери Интернетке кошулуп, анын ылдамдыгы 10 мегабит болгон!

Бул убакта өспүрүм бала алгачкы компьюердик программаларды өздөштүруп, сайттарды иштеп чыкканы үчүн айына  $50 миң америка долларын тапчу. Эми окуяны алдыга жылдырып көрүңүзчү, дал ушул тестиер баланын учурдагы  фирмасы Spotify аркылуу  $25 млрд доллар киреше табууда.  Дэниэлдин тарыхы  бул балдардын келечегин аныктоочу эң сонун үлгү  же андай эмеспи?  

Ош шаарындагы биринчи телекоммуникациялык форумда өлкөнү санариптештирүү жана Spotify компаниясынын ээсинин окуясындай сценарийлер  айтылды. 

Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү башка учурдан айрымаланып, абдан маанилүү болду.  Эгерде анын сөзүн салмактай турган болсок, бизнеске бийлик баардык шарттарды түзүп, эл үчүн цифралык рынокто жаңылык алып келүүгө чакырык таштады. Баардык айтылган сөздөр маанилүү болду, эми аны бизнес кандай ишке ашыра алат көрө жатарбыз. Процесс бүгүн же эртең  бүтчү иш эмес, ал узак убакытта ишке ашаары белгилүү. А болбосо, мен  санариптештирүүнү   чыдамсыздык менен күтөм. Кайсыл бир маалым катты  алуу үчүн айыл өкмөтүнө барбай туруп, бир эле басуудан алсам ээ. 

ким түш көрдү, а ким маани берип, уктабай уккан тууралуу 

Айтмакчы, форму кандай өткөнү тууралуу айта кетсем. Ооба, зал элге жык-жыйма толуп турду.

Социалдык түйүндө  коомчулукта уу-дуу жаратып, уктап жаткан чиновниктер тууралуу жазгым келген жок.

Биринчиден, мен андай уйкучуларды көргөн жокмун. Анткени, мен президенттин маанилүү сөзүн угуп, ошолор ишке ашса деп кыялданып жаттым. Экинчиден, албетте, тема оор. Ага техникалык багытта болгондуктан,  мисалы дейли  Кадам-Жайдын мэри үчүн түшүнүксүздүр. Тилекке каршы, цифралык кызматтарга болгон кызыгуунун жоктугу  калың катмарга бүдөмүк жаратат. 

 «Как я встретил вашу маму» деген тасманы кисуахили менен көрүп, баарын түшүнүп жатам дегендей түр көрсөтүүнун кажети жок. 

Бул эми басып өтчү жол дечи. Анткени, баардык эле алдынкы техникалар калктын айрым бөлүгү  үчүн түшүнүксүз болуп кала берет. Бирок, ага карабай жыл өткөн сайын жылыш болот. Келечекте, мамлекеттик кызматтарды дал ушул форумда уктап жаткандар менен кезигишпей, интернеттен алууга болоор күн дагы алыс эмес. 

Рыноктогу негизги оюнчулар ким? 

Негизи мен мындай иш-чараларга катышпайм (эми баргым келип калды). Анткени, анда рынокто атаандаш  болгон тараптарды форумдан көрдүм. Айтайын дегеним, уюлдук операторлор  тууралуу. Алар биринен-бири өтүп кыйынбыз дегенин эмес, албетте атаандаштык бар деңизчи. Бирок, эң башыкысы, дал ушул атаандаштыктан улам эл, коом сапаттуу кызматтарга ээ болууда. Мага окшогон карапайым адамдарга алардын бирин-бири андып, атаандашканы пайдалуу болууда.  Андыктан сүйлөшүп албайт го деп ойлом. А айрым убакытта бир багытта иш алып барышууда. 

Кардардын көңүлүн табуу үчүн көп сунуш берүүдө.

Ошол эле, Balance, MegaPay, «О!Деньги»  баардыгы кардарларын талаптарын эске алууда. Операторлор атаандаштары али сунуштай элек кызматтарды элге жайылтып, бизнестин жакшы жагы менен өнүгүүшүдө.

Жашоону жеңил кылган технологиялар

Кыргызстандагы төлөм кызматтары кескин өзгөргөнүн айта кетүү  зарыл. Мисал, мындан эки жыл мурда  «Элсома» электрондук капчыгы тууралуу рекламалык щитти Кызыл-Кыядан көрүп алып кыжырданчумун. Шектүү  нерсени рекламалагандай сезилчү. А азыр тескеринче, айрым финансалык катнаш кылуучу адамдар төлөм системасы сунуштаган кызматтан баш тартканда жиним келет. 

Менин бир таанышым социалдык түйүндө кыргыз тилдүү ири пабликке ээлик кылат. Кызыгы кайсыл бир кызматка акы төлөөгө келгенде банкка чуркап же «жолдон жолугалы» дегенде күйбөгөн жериң күл блот. Ал төлөм системасына ишенбейт деп ойлобойм. Болгону, ал бул системаны татаал деп аны колдонуудан качып келет. Ага окшогондорго, бул система кантип иштээрин көзгө сайып көрсөтүп, нак эмес төлөм жасоонун артыкчылыгын, убакытты үнөмдөөгө үйрөтүү  керек го дейм. 

Дагы бир мисал келтирейин, мен бир жылдан бери  Balance тиркемесин ийгиликтүү колдоном. Мен деле, жогорудагы досумдай эле эч нерсени билбей жүрүмүн. Бирок, мен бүгүнкү күнү санариптештирүүгө ишенимим бар. Эгерде рыноктогу негизги оюнчулар элге пайдалуу сунуштарды берип, бири-бири менен кызматташса. Менимче, бир эле бизнес эмес, саясий эрк дагы керек го. Анткени, коомдун замандан арта калбай, дүйнө менен бирге алдыга кадам ташташы үчүн Президент эрки жетээрин көрсөттү. Андыктан, бизнес дагы эл алдындагы жоопкерчилигин сезип, аларсыз элге жаңы технологиялар жетпээрин жакшы түшүнөт деп ойлойм.

Автор:  форумдун катышуучусу Акыл Балтабаев.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу