Кыргызча маркетинг согушу: MegaCom vs O!

07.05.2019, 13:15 Акчабар
Кыргызча маркетинг согушу:  MegaCom vs O!

Бир нече күн мурун  MegaCom  уюлдук оператору жаңы тарифтик кызматы  #Суперпайдалуу сунуштап, андагы эң башкы  фишка кардарларга Интернет байланыш үчүн 10 Гигабайты болгону ар жумага 50 сомго сунуштады. 

Ал эми өлкөдөгү башка уюлдук компания O! бул учурдан пайдаланып, кардарларга жаңы дал ушундай эле кызматты аптасына 10 Гигабайт Интернетти атаандаштарынан арзан   45 сомго сунуштады. Албетте,  кардарлар үчүн пайдалуу сунуш эмеспи. Бирок, сунуш кылынган экии кызматтарга салыштыруу  жасаганда, андагы айырмачлык ачыкка чыгат. 

- MegaСom  #Суперпайдалуу тарифине өтүү үчүн кардарларына жана жаңы кошула турган абоненттерге бирдей мүмкүнчүлүк түздү. Ал эми  О! компаниясынын кызматынан пайдалануу үчүн жаңы сим-картаны сатып алуу зарыл. Демек, учурдагы тарифти жаңы тарифке которуп жиберүү мүмкүн эмес. Жаңы номер алмаштыруу албетте ыңгайсыз. Эгерде номер менен бир неч жылдан бери туруктуу колдонуп келсеңиз. Баардык байланышты жаңыртуу зарыл. 

- Интернет – эки оператор үчүн эң негизги фишкасы. Ал жакта да бул жакта да 10 Гб  сунушталууда.  Айырма жоктой. Андай эмес, айырма бар.  O! компаниясы  5 Гб күндүз 5 Гб түн ичинде берет. Эгерде күндүзгү  лимит түгөнсө, түндү  ктүү керек. Ал эми MegaСom абоненттерге 6 Гб  күн-түн берип, түндөсү  4 Гб берилет. Көрсө, күндүз 1 Гб көбүрөк аласыз, айрымасы 5 сом. Бул дагы башкысы эмес. Эң башкы айрымачылык: эгерде сиз жума ичинде Интернеттеги баардык лимитти  колдонбой калсаңыз,  анда MegaСom  Гигабайттарды келерки жумага которуп берет. Теориялык жактан сиз 10 Гб Интернет ала турган болсоңуз, а калган калдык менен   20 Гб, сизде канча калганына жараша көбөйүшү мүмкүн. Ал эми  O! компаниясы мындай сунушу менен мактана албайт. Ал жакта колдонулбай калган гигабайттар күйүп кетет. Деги койчу,  «Ошкага»  асылбай эле коелу, болгону  арзандатпай эле койсо болмок. 

- Интернетин көп болсо, досторун менен бөлүшө аласың. Интернетти таратууну жалкоолор эле жасабай калбаса, азыр аны баары таратышат эмеспи. Бул абдан ынгайлуу функция. Бирок,  О! оператору өз абонентерин мындай мүмкүнчүлүктөн чектеп койгон: Интернетти таратуу үчүн дагы 40 сом төлөө керек. Сумма  анча чоң эместей, бирок 45 сомго дагы 40 сом Интернет таратуу үчүн кошулса, жыйынтыгында жумасына 85 сом чыгат. А бул биздин убакта пайдалуу тариф эмес. Чынбы?  Ал эми MegaСom бул багытта эч кимди бөлбөй Интернетти таратуу кызматтарын бекер сунуштайт. 

- Эми сүйлөшүүлөрдүн минуталарына маани берели. Алсак,  MegaСom  200 минут түйүн ичинде чектөөсүз сүйлөшүү  берсе, О! дагы зыкмданбай түйүн чинде байланышты чектөөсүз сунуштаган.  Бирок, чынын айтыш керек, бул артыкчылык дагы талаш жаратат. 200 минутту жети күндө сүйлөшү жетиштүбү?

- MegaСom жаңы тариф, а O! – жаңы акция сунуштады. Айырмачылык бир эле сөздө болгондой.  Бирок, андай эмес. Акция кайсыл бир гана убакытка берилген кызмат. Ошондуктан, расмйи сайтарында дагы муну ачык жазып, 1-августка чейин уланарын айтышкан. Ал эми MegaСom –  тарифи узак убакытка  каралып, аны жылдап пайдалансаңыз болот.  Албетте, сиз тажап кеткенче же башка ыңгайлуу сунуш болгончо. 

- Анан албетте, MegaCom арзан «ЧЫНЫГЫ АКЦИЯНЫ сунуштады. А айтмакчы, бул тарифте белек дагы бар экен». Абоненттер ажайып күмүш түстөгү номерди бекер ала алышат. А болбосо, ал 300 сом турат. Майда нерсе деңизчи, бирок маанай көтөргөн жагдай да, чынбы? 

Ошентип, эки уюлдук оператордун деталдык талдоодо MegaСom тартифтик планы чын эле пайдалуу жана ишенимдүү экенин көрсөттү.  Азырынча, байланыш тармагындагы эң оптималдуу жана ыңгайлуу сунуш. Албетте, тандоо сиздин колуңузда. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу