Стипендия же студентке айына канча каражат керек?

05.04.2019, 10:00 Мария Пак
Стипендия же студентке айына канча каражат керек?

Студенттик жашоо – эсте калган өмүрдөгү эң бир керемет учур да. Алгачкы өз алдынчалык, эркиндик, жалындап турган жаштыктын деми. Жоопкерчилик жоонго минбесе дагы эркиндикке жеткен кез. Айрымдар студенттик кезин эстеп жылмайса, кай бирлери эми гана студенттик жашоонун даамын татчуулар. А айрымдар үчүн "байкуш жакыр студент" -деген учурдагы абалы эмеспи. Расмий статистикага таянсак, бир гана борборубуз Бишкекте 106 миң студен жашайт. Студенттер кандай тамак жемек эле, тез-татым кофе менен фасфутдардын кардарлары эмеспи. Мендагы алардын биримин. 

Студентик кезде  өз каражаттарыңды чындап эсептеген мезгил го. Эгерде акчаңды ойлонбой туруп керексиз бир нерсеге жумшап алсаң, анан апталап ачка жүрөсүң. Алтургай коомдук транспорттко дагы жол кирең калбай, жөө калышың дагы толук ыктымаал. Мындай абалга туш келген соң, болгон каражатты  үнөөмдүү пайдаланууну үйрөнүп баштайсың.Студент үчүн айына канча каражат керек?  Ага бир жактуу жооп жок. Студенттер – жашоого жакшы ыңгайлашкан жаштар эмеспи. Ошондуктан, студенттер короткон чыгашаларды эсептөөдө  форс-мажордук чыгашалар  телефон, ноутбук оңдоого же дары-дармек сатып алууларды эсепке албай, жай жашоодогу чыгымдарды гана эсептедим. 

ТУРАК ЖАЙ

Мен ата-энеси менен чогуу жашаган студенттердин биримин. Ошондуктан, ижарга  акы төлөө,коммуналдык чыгымдар менен тамак-аш сатып алууга чыгаша жасабайм. Андыктан, ата-энеме гана рахмат деп жашап жатам. Ушул эле учурда, аймактардан келген менин курсташтарым 4 миңден  10 миң сомго чейин батирлерди арнедага алып жашашат.

 

ТАМАК-АШ

Дайыма  ачка студентти баардыгы эле билишет го. Жогорку билим алам деп кезерип ачка болгон жаштар тууралуу не деген гана сөздөр айтылбады. Ачка студенттердин икаяга айлануусу жөн жерден эмес. Өсүп жатпаса дагы жаш организм үчүн албетте жакшы тамактануу дайма актуалдуу тема. Элестетип көрүңүз студенттер университеттерге жакын жайгашкан буфеттер менен дүкөндөрдө  канча каражат коротушат.  

Студенттер үчүн тамактанууга короткон каражаттары маанилүү. Туура тамактануу тууралуу көп сөз болгонуна карабай, студент кезде  аны сактоо мүмкун эмес. Мисалы  мен төртүнчү  кабатта окууйм.  Ысык тамак  менен тамактануу үчүн  беш мүнөт алыстыктагы ашканага барышым керек. Бирок, 10 минуттук танаписимди жолго короткум келбегендиктен, жакын буфетке кирем.  А буфетте эмнелер сатылат билесиздер,  самса, пирожкилер, кофе мене чай. Айтмакчы, куурулган, майга бышырылган тамактар экинчи курстан баштап эле жүрөккө тийип баштайт. Йогурт, шоколад батончиктери же жемиштер гана тамактануудагы түрдүүлук катары кабыл алынат. 

Буфетке бир киргенде 50 сомдон 100 сомго чейин чыгаша жасам. А эгер буфет аябай тажатса же  мен аябай ачка болсом  кофейния же ашканага барам. Албетте, ал мен үчүн кымбат болуп 150-250 сом чыгаша жасайм. Бирок, таза жана тынч жерде ысык тамак ичсем болот. Эгерде кунүмдүк минималдуу чыгашамды санасам, айына күндүзгү эле тамактануума 2-2.5  миң  сом коротом.

ТРАНСПОРТ

Эгерде коомдук транспорттук колдонсоң, анда 1 миң сом чыгаша жасашың мүмкүн. Бирок, мен канчалык таксиге түшпөй, андан үнөөмдөйүн десем дагы аргасыз  андан пайдаланып калам. Кээде маанилүү иш-чарага кечиксең, айрым учурда коомдук транспорт келбей сабакка кечигишиң мүмкүн.  Ошондуктан, чыгашаларыма айына бир же эки жолу таксиге түшөрүмдү кошо эсептедим.

Ошентип, экономдоп жашаса деле студент айына орто эсеп менен 1.5 миң  сом коротом. 

КИЙИМ

Кийимге кеткен чыгашаны саноо абдан татаал: бир айда бир нече кийим алсаң, кээде бир а айрым айда эч  нерсе сатып албай каласың. Анын үстүнө  кийим кечеге каражаттарды үнөмдөөгө такыр болбойт. Анткени, мезгил алмашканда кийим дагы алмаштыруу зарылдыгы бар. 

Андыктан, кийимди ири соода түйүндөрундөгү арзандатууларга, акцияларга карап алам. Биринчиден ынгайлуу,  ченеп көрсөң  болот. рынокко караганда баалары жогору, бирок  сапаты жакшы.Ал эми бут кийимди «Дордойдон» алам. Анткени, тандоого мумкүнчүлүк көп. Орто эсеп менен кийим-кечеге 2 миң  сомдн кетип турат. 

КОСМЕТИКА

Баардык студенттер үчүн косметкага каражат бөлүү зарыл эместир. Бирок, кыздар үчүн маанилүү чыгашалардын бири. Күнүмдүк бетке же колго кам көрүү  каражаттарынан тышкары, декаративдүү  косметикаларды колдонуу зарыл. Бул чыгашалар үчүн айына миң сом деп эсептеп койдум. 

КӨҢҮЛ АЧУУ

Көңүл ачуу  үчүн ар ким ар кандай чыгаша жасайт эмеспи. 500 сомдон 5000 сомго чейин чыгаша кылгандар бар. А мен үчүн айына  1.5-2 миң сом жетиштүү. Бул каражатка бир жолу барга барууга, бир жолу киного кирүүгө жана эки жолу кофенядан тамактансам болот. 

Эми  студентке айына канча каражат  керек дегенге токтойлу. Менимче, минималдуу  эсеп менен 5-апрелдеги доллардын курсуна карата $115 доллар же 8 миң сом зарыл. Ал эми Бишкекте баардык эле студенттер стипендия албай, тескеринче контрак төлөп окушат эмеспи. Ал эми бюджеттен  алган стипендия жогорудагы минималдуу чыгашадан 10 эсе аз. Болгону 800 сом степендия берилет.  Бул  чыгашалардан косметика, эс алуу, буфетке баруу сыяктуу (ата-энеси менен жашагандыктан ижарага акысы кереги жок деген)  чыгашаларды кыскартсак дагы, 800 сом студентке  бир айга жашоого мүмкүн эмес.  Ал үчүн жок дегенде  4.5-5 миң сомдук каражат керек. Анын ичинде 1 сом эле коомдук транспорт менен жүрүгө коройт. Демек, студенттердин алган 800 каражаты алардын эч кандай чыгымын жаба албайт. Болгону балмуздак жегенге гана жетет экенин айткым келет. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу