Кыргызстан «Манас» аэропортун кандай инвесторго бергени жатат?

14.02.2023, 18:13 Акчабар
Кыргызстан «Манас» аэропортун кандай инвесторго бергени жатат?

International Finance Corporation жарым жылдын ичинде “Манас” аэропортуна инвестор тандоо боюнча сынак өткөрүүгө даяр. Эгерде өткөн жайында тендер башталса, эчак эле жыйынтыгы чыгарылып, негизги авиахабды жаңылоо иштери башталмак. Бул тууралуу “Акчабарга” Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков билдирди. 

11-февралдагы инвестициялык кеңешмеде Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун катышуусунда кайым айтышуу болду. Буга Бишкектеги жана Оштогу аэропорттордун жеке инвесторлорго берилиши себеп болгон. Тактап айтканда, Кыргызстандын IFC менен инвесторлордун конкурсун өткөрүү боюнча келишими бар экендигине карабастан мамлекеттик мекемелердин авиахабдарды тендерсиз түз берүү аракеттери себеп болду. 

Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков Министрлер кабинетин “Манас” аэропортунун базасында МЖӨ долбоору боюнча эл аралык сынак өткөрүү боюнча баштапкы планга кайрылып, аны кечиктирбөөгө чакырды. Эксперттердин пикири боюнча, Министрлер кабинетинин ишти создуктуруусу өлкөнүн башкы аба тармагын зарыл модернизациялоонун кечеңдешине алып келет. IFC кеңешчиси Эркин Асрандиев ачык тендер алты айдан ашык убакытка созулбай турганын ырастады жана IFC Ош аэропортуна дагы тендер аркылуу инвестор тартуу маселесин кароого даяр. 

ДОЛБООРДУН ТАРЫХЫ  

IFC 2021-жылдын декабрында “Манас” аэропорту боюнча МЖӨ долбооруна кеңешчи катары тартылган. Корпорациянын милдеттерине көп тараптуу экспертиза жүргүзүү жана “Манас” эл аралык аэропорту боюнча МЖӨ долбоорун түзүмдөштүрүү, ошондой эле “МАМ” ААК аэропортунун инфраструктурасын изилдөө, финансылык талдоо, болжолдоо жана диагностикалоо жана техникалык-экономикалык негиздеме долбоорун даярдоо кирген.

МЖӨ негизинде аэропортторду модернизациялоо жеке инвесторлорду тартуу ийгиликтүү дүйнөлүк практика болуп саналат. Ал Кыргызстандагы бюджеттин тартыштыгын жана эл аралык оң тажрыйбаны эске алуу менен "Манас" аэропортун модернизациялоо үчүн IFC тарабынан колдонулган. Мындай өнөктөштүк инвесторду өзүнүн сунушун даярдап, андан кийин өкмөт тарабынан аныкталган деталдуу талаптарды жана өтө так милдеттенмелерди камтыган келишимдин негизинде аэропорттун объектилерин иштетүүнү камтыйт. 

IFC талаптарына ылайык, “Манас” аэропорту үчүн потенциалдуу инвестордун бизнес-планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

  • жүргүнчү жана жүк ташууну көбөйтүү үчүн маркетинг планы,
  • тейлөө сапатын жакшыртуу программасы, 
  • коммерциялык авиациялык эмес ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча сунуштар (дүкөндөр, тамак-аш түйүндөрү, унаа токтотуучу жайлар, жерде тейлөө ж.б.),
  • экологиялык жана социалдык программалар. 

Ошондой эле, инвестор менен түзүлгөн келишимде өкмөт алдындагы натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү жана инвестициялык милдеттенмелери белгиленет. Алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди аткарбоо өнөктөшкө каршы санкцияларга алып келет.

Ишенимсиз инвесторлор менен иштебөө жана келишимдин шарттары аткарылбай калбашы үчүн, же ушуга окшогон жагдайларды азайтуу максатында өнөктөшкө атайын жогорку талаптар коюлат.

IFC 2022-жылдын апрелинин аягында өзүнүн милдеттенмелерин аткарып, инвестордук конференция өткөрдү. Ага тогуз эл аралык компаниянын өкүлдөрү катышты: Munich Airports, Korea Airports Corporation, Incheon International Airport Corporation, EGIS, Corporation America Airports, Airports of Regions, GMR Group, ICTAS жана YDA Group. Алардын баары “Манас” аэропортун модернизациялоо долбооруна кызыктар экенин билдиришкен. 

Кийинки кадам инвесторду тандоо боюнча сынак болду. Эл аралык сынактын шарты боюнча өлкө үчүн эң ыңгайлуу шарттарды сунуштаган компания жеңүүчү деп табылышы керек болчу. Бирок бул жагынан өлкө бийлигинин өз пландары бар окшойт.

“Өткөн жылдын жай айларында сынакка баары даяр болчу. Биз сынак боюнча жарыяны күтүп жатканбыз. Бирок, акырында өкмөт сынакты өткөрбөй, башка компаниялар менен түз эле атаандашсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады”, - дейт Аскар Сыдыков. 

YDA, AD PORTS GROUP, КИЙИНКИСИ КАЙСЫ? 

Сыдыков кыргыз бийлиги аэропортту түркиялык YDA Group компаниясына өткөрүп берүү маселесин талкуулаганын эске салды. Коомчулук процесске убагында кийлигишпегенде, компания келишимди алмак. Бул келишимдин чоо-жайын депутат Жанар Акаев “Акчабарга” берген маегинде айткан. Шарттарга ылайык, өлкөнүн эки негизги аэропортунун – Бишкек менен Оштун мүлкү YDA авиа хабтарды жаңыртуу үчүн банктан алууну пландаган насыянын күрөөсү катары чыгышы керек болчу. 

Коомчулук түрк компаниясы сунуштаган оор шарттарга каршы чыгып, Министрлер кабинети артка чегинген. Келишим ишке ашпай калды. Бирок бул инвесторлор арасында атаандаштыкты жараткан жок. Анын ордуна бийлик азыр аэропортту араб компаниясына өткөрүп берүү маселесин талкуулап жатат. 

“Учурда Бириккен Араб Эмираттарындагы компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деп кошумчалады Сыдыков.

Биринчиден, бул Акылбек Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Абдулла бин Тук Аль-Марри менен жолугушуусуна байланыштуу Министрлер кабинетинин 12-декабрдагы пресс-релизинен улам белгилүү болду. AD Ports Group компаниясы Кыргызстандагы аэропортторду реконструкциялоо жана куруу менен алектене турганы маалым болду. Андан кийин 16-декабрда Министрлер кабинети дагы бир билдирүү таратып, анда: “Кыргызстан БАЭ менен келишимдердин негизинде аэропортторду, бажы инфраструктурасын модернизациялоого жана күн электр станциясын курууга киришүүдө” деп айтылган.

Аэропортторго байланыштуу маалыматтарда AD Ports Group негизги фигурант катары каралууда. Ошол эле маалда Economist.kg басылмасы өз булактарына таянып, чындыгында Terminals Holding модернизациялоо менен алек болорун билдирүүдө. Журналисттер бул компаниянын мындай ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы жок экенин, сайтында эч нерсе жок экен жазышууда.

“Манас” аэропортун модернизациялоого кызыктар болгон инвесторлордун фонунда араб компаниясы ышкыбоздой көрүнөт”, - деп жазган Economist.kg.

ЭИК директорунун айтымында, бүгүнкү күндө бийлик өкүлдөрү ЭФКсыз (IFC) “Манас” аэропортунун базасында МЖӨ долбоорун ишке ашырууга аракет кылып жатканынын негизги себептеринин бири – корпорация бул маселени созуп жатканында.

“Акыркы инвестициялык кеңеште өкмөт өз позициясын IFC шарттары боюнча сынак өткөрүү өтө көп убакытты талап кылганы менен түшүндүргөн. Кеп жылдарды талап кылат имиш, өкмөт тез арада иштеши керек экен. Бирок иш жүзүндө андай эмес. IFC алты айдын ичинде сынакты өткөрүүгө даяр. Модернизациялоо боюнча сынак жайында башталса, кышында жыйынтыгын чыгарышмак. Демек, азыркы тапта жыйынтыгы белгилүү болмок”, - деп баса белгиледи Сыдыков.

Мындан тышкары, өкмөт Бишкектин аэропортун эле эмес, Оштун да аэропортун инвесторго берүүнү көздөп жатат. IFC долбоору негизги “МАМ” аэропортун гана камтыйт.

“IFC Ош аэропортун өнүктүрүүгө даяр. Маселе өкмөт аларга мындай сунушту берген эмес.  Натыйжада бүгүнкү күндө эмне болуп жатканы белгисиз. Бирок биз түшүнгөндөй, бийлик азыр түз сүйлөшүүлөргө көбүрөөк ыктап калды”, - деп жыйынтыктады ЭИКтин жетекчиси.

Кошумчалай кетсек, учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубайда болуп, Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышууда. Өкмөттүн басма сөз кызматы Жапаровдун БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулары пландалганын билдирди.

Бул сапардан Министрлер кабинетинин башчысы келишимдер менен кайтып келери маалым. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп береби же жокпу азырынча белгисиз. Анткени, араб фирмасы менен түзүлгөн келишимдин чоо-жайы али белгисиз. Бул кызматташтыктан биздин өлкө эмне табат, эң  башкысы арабдар мындан эмне алышат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу