Уюлдук операторлор алдамчыларга каршы бирикти

15.05.2019, 15:08
Уюлдук операторлор алдамчыларга каршы бирикти

2019-жылы 2-майда Кыргызстандын уюлдук тармагында биринчи жолу атаандаш компаниялар тергерк үстөлдө жолугушуп, фрод же алмачылыкка каршы күрөшүү  боюнча биригишти.  Иш-чара «Альфа Телеком» ( MegaCom соода белгиси) тарабынан уюштурулган. Чогулушка  «Нур Телеком» ( О уюлдук оператору!),  «Скай Мобайл» (ТМ Beeline) ЖЧК,  «КТ Мобайл» ЖЧК  менен Уюлдук операторлор Ассоциациясы катышты. 

Жогорудагы кызматташуу уюлдук компаниялар арасындагы байланышты күчөтү, тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.

Фрод деген эмне? Ал кайдан чыгат? Аны менен кантип күрөшу керек? Бул суроолорго жана башка маалыматтык технологиялардагы пайдалуу  кеңештериди   MegaCom компаниясынын коопсуздук боюнча директору  Тынчтыбек Самаков жооп берди. 

Тынчтыкбек Калмурзаевич, фрод деген эмне? 

- Фрод англист тилинен которгондо  «алдоо,  шылуундук» деп которулат.  Ал эми уюлдук байланышта -бул маалыматтык технологияларда мыйзамсыз аракеттер, тактап айтканда ресурстар менен кызматтарды мыйзамсыз колдонуу болуп саналат. Шылуундук адамзаттын жашоосунда баардык тармакта кездешет. Уюлдук компаниялар дагы алардын зыянын тартып келет. Айрыкча, уюлдук тармакта шылуундук жасоо үчүн трафик кеткен каналга кирип, байкалбай мыйзамсыз аракет жасашат. "Байкалбай" калабыз деген айрым адамдар бат эле мыйзамсыз иш-аркеттери жасап, уюлдук компанияларга тоскоолдук жаратып, кардарларды ар кандай алдоого алып келгени негизги маселе. 

 Кыргызстандын байланыш тармагында фрод кантип пайда болду? 

- Жылдан жылга кылмышкерлердин иш аракети дагы технологиялар менен катар өнүгүүдө. Техниикалык өнүгүү бизде тейлөөнүн гана сапатына таасир этпестен, шылуундардын дагы элди алдоого, мыйзамсыз баюуга жол ачууда. Мындан байланыш тармагы гана эмес, калк дагы запкы тартууда. 

Шылуундарга карата кылмыш ишин козгоп же кандайдыр бир жоопко тартуу каралганбы?

- Бул мыйзамсыз аракеттер байланыш кызматтарынын ишмердигине кийлигишип, мыйзамсыз аракеттен улам, компанияларга чыгаша алып келет. Кр кылмыш жаза кодексинде 2 жылга жана андан жогору  эркинен ажыратуу каралган. 

 MegaCom компаниясы фроддор менен кез келишип турабы? 

-  «Альфа Телеком»  ЖАК  13-жылдан бери Кыргызстандын аймагында уюлдук байланыш менен камсыз кылып келет. Бул жылдар аралыгында жогорку технологиялык фрод-коркунучтары менен бир нече жолу кез келдик. Ишенимдүү  айта кетчү жагдай, биз аларды оз маалында аныктап турдук. Ушул жылдын башында укук коргоо органдары менен биргеликте фродго тиешелүү адамдарды колго түшүрдүк. Учурда бул материалдар тийиштүү органдарда кароого алынган.

Биз тараптан изилдөөгө  жардам көрсөтүп, керектүү  маалыматтарды органдарга  териштирүүгө бердик.

Жогорудагы тегерек үстөл  кандай жыйынтык берди?

- Бүгүнкү фрод — бул жогорку технологиялык  кылмыш. Андыктан, ага чогуу күрөшүү керек. Фрод менен байланышкан тобокелдиктин алдын алуу үчүн күч органдары, байланыш операторлору биргеликте иштөөсү зарыл. Ошондуктан, Кыргызстандын уюлдук операторлору учурдагы техникалык кылмышкерлерге каршы биригип, жолугушууну демилгелеп чыктык. Маселе өтө маанилүү, андыктан  MegaCom компаниясы аны чечүүнүн жолдорун издөөдө активдүү  катышат. Кыргызстандын уюлдук операторлору Ассоциациясынын алдында коопсуздук боюнча комитет түзүүнү тегерек үсөлдө чечтик. Биз биригип гана мыйзамсыз аракет жасаган шылуундарга каршы натыйжалуу жана сапаттуу күрөш жүргүзө алабыз. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу