Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучунда

20.09.2021, 09:30
Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучунда

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кирген. ЮНЕСКОнун баалуу мурастарына тоонун 134,7 гектар жери карайт. Мындан улам корукка алынган аймакты менчиктештирүүгө жана ал аймакка көп кабаттуу имарат курууга тыюу салынат. Бирок тоонун айланасына 2018-жылдан тарта көп кабаттуу үйлөр курулуп, башка да башаламан курулуштар орун алып келет.

Сулайман-Тоого жакын жайгаштырып же анын көрүнүшүн жаап кое тургандай курулуш толугу менен мыйзамсыз экендигин айта берип тили тешилгендердин бири Оштогу “Интербилим” коомдук фондунун жетекчиси, жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева. Ал бул боюнча президент баштаган жогорку бийлик өкүлдөрүнө бир нече ирет кайрылганы менен жыйынтык бүгүн да чыкпай жатат.

Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу уланып жатат. Буга чейин соттук теритирүүлөрү бүтпөй жатып, кайра имараттын жанына башка курулуш компаниясы бийик үй курду. Буга түздөн-түз жергиликтүү бийлик жол бергендиги өкүнүчтүү. Мисалы, “Эмаком” курулуш компаниясына тиешеси бар киши шаардык кеңешке депутат болду. Сулайман-Тоонун түбүнө ал курган үй болсо соттун териштирүүдө. Курулушту беш кабатка чейин ылдыйлытканы менен монсарддык бөлүгү чоң болуп, ал тоону тосуп турат. Бул жерде мыйзамсыз аракеттерге түздөн-түз мэриянын алдындагы түзүлгөн шаар куруу кеңеши жол берген”, - деди Мамасалиева.

Оштогу мыйзамсыз курулуштардын ээлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү табакташ деген пикирди жергиликтүү эксперт Айбек Таалайбек уулу да билдирди. Анын айтымында, ишкерлердин саясатка аралашуусу негизинен жеке муктаждыктары менен байланыштуу.

“Ишкерлерге болгон түрдүү кысымдардын алдын алуу максатында саясатчылар менен тең ата сүйлөшүү жолун таап жатышат. Сулайман-Тоонун айланасындагы корукту сактоо аракетин жүргүзүүнүн ордуна ал жерди ээлеген ишкерлерге бийлик өзү кызматтарды берип жатат. Же болбосо ал компаниялар коомдук иштерге активдүү катышып, демөөрчүлүк жактан өздөрүн көрсөтүп бийликке жакындашат. Эң биринчи кезекте мындай калың катышууларды токтотуп гана мыйзамсыз курулуштарды ооздуктоо керек”, - дейт Айбек Таалайбек уулу.

Башаламан курулуш тыйылбай жаткандыгын шаардык архитектура башармалыгы өздөрү да моюнга алат. Бирок курулушка уруксатты ким бергендиги боюнча бири-бирине гана шылтап кутулушат. Маселен, 2019-жылы “Эмаком” курулуш компаниясы курган үй мыйзам талаптарын бузгандыгы коомчулукка ачыкталгандан кийин, ошол эле үйдүн жанына башка курулуш компаниясы алты кабаттуу үй салган. Бул боюнча Ош шаардык регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ырысбек Токоев төмөнкүлөргө токтолду:

Өз алдынча курулган имаратка ошол убактагы экотехинспекциясы жооптуу болгон. Ар бир кызмат өзүнчө уруксат берет. Биз техникалык жактан гана уруксан берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алабыз”, - деди Ырысбек Токоев.

Азырынча ЮНЕСКО тарабынан Сулайман-Тоодогу курулуштар боюнча текшерүү же кандайдыр бир эскертүү бериле элек.

Ал эми бул макаланы жазуу учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү курулуш мындан ары башкы пландын негизинде гана жүргүзүлүп, башаламандыкка жол берилбейт деп ишендирүүгө аракет кылышты.

Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастарды коргоо конвенциясын ЮНЕСКО 1972-жылы кабыл алган. Дүйнөнүн бир канча мамлекеттери бул конвенциянын талаптарын активдүүлүк менен кабыл алып аткарып келишет. Ал эми Орто Азия мамлекеттериндеги тарыхый музей комплекстери бул тизмеге 90-жылдардан тартып кире баштаган. Анын ичинен Кыргызстандан Сулайман-Тоосу эң алгачкы жалгыз тарыхый обьект катары катталган. Мыйзамсыз курулуштар токтобосо тарыхый жай бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгып калышы мүмкүн.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу