Акаев: YDA Бишкек жана Ош аэропортторун күрөөгө коюп насыя алууну көздөп жатат

05.07.2022, 17:08 Акчабар
Акаев: YDA Бишкек жана Ош аэропортторун күрөөгө коюп насыя алууну көздөп жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин 30-июндагы жыйынында Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду түркиялык YDA Group компаниясына өткөрүп берүүгө каршы пикирин билдирди. «Акчабар» саясатчы менен байланышып, аэропортторду кандай шарттарда инвесторго берүү пландалып жатканын жана YDA менен инвестициялык келишим түзүү Кыргызстан үчүн кандай тобокелчиликтерди алып келерин билди.

— Жанар мырза, эмне үчүн Бишкек жана Ош аэропортторун түрк инвесторуна берүүгө каршы болдуңузКыргызстан бир нече айдан бери “Манас” аэропортун модернизациялооүчүн инвестор издеп жатканы жашыруун эмес болчу да.

Бул жерде МЖӨ долбоорунун алкагында “Манас” аэропортуна инвестор тартуу менен Бишкек жана Ош аэропортторун түркиялык YDA компаниясына өткөрүп берүүнү бөлүү маанилүү. Мен өкмөт менен IFC тарабынан ишке ашырылган “Манас” аэропортунун базасында МЖӨ долбоорун ишке ашырууга каршы эмесмин. Бул учурда инвесторлор арасында сынак өткөрүлөт деп болжолдонгон, ал тандоо процессинин ачык-айкындуулугун гана эмес, Кыргызстан үчүн, өлкө үчүн ыңгайлуу шарттарда эң ылайыктуу инвесторду тандоо мүмкүнчүлүгүн кепилдеген.

Эске салсак, 14-июнда Бишкекте “Манас” аэропортун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун алкагында МЖӨ борбору тарабынан IFC колдоосу менен уюштурулган инвесторлордун конференциясы өттү. Долбоорго тогуз ири инвестор кызыккан. Алардын арасында: Munich Airports, Korea Airports Corporation, EGIS, Corporation America Airports жана башкалар, анын ичинде YDA. Ошол эле учурда башка инвесторлордун фонунда акыркысы жакшы абалда эмес. Мисалы, анын аэропортторду башкарууда тажрыйбасы жок. Алсак, YDA 2,8 миллион адамды түзгөн жылдык жүргүнчүлөрдүн агымы менен үч гана долбоорду ишке ашырган. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош аэропортторунун жүргүнчүлөрүнүн жалпы көлөмү 3,9 миллион адамды түзөт. YDA тарабынан иштетилген аэропорттор - Даламан, Түркстан жана Актау - эл аралык каттамдарда жана жүргүнчүлөрдү ташууда төмөн көрсөткүчтөргө ээ. Башкача айтканда, 15 аэропортту ийгиликтүү башкарган Түштүк Кореядан келген инвестордон айырмаланып, YDAнын мындай чоң аэропортторду башкаруу тажрыйбасы жок.

Кыргыз Республикасынын негизги аэропортторун өткөрүп бергенде, биз түркиялык компанияга анын шарты боюнча эч кандай атаандаштыксыз беребиз деп жатабыз. Алар бизге айткандай кирешелүү болсо, эмне үчүн инвестор атаандаштыктан өтүп, түз сунуш киргизет? Анан эмне үчүн келишимдин шарттары жалпы коомчулуктан кылдаттык менен жашырылган?

— Шарт боюнча кеп кылып калдык айтсаңыз, инвестор эмне алат?

YDA бизге сунуш кылган меморандумду үстүртөн карап чыгуу да бул биздин пайдабызга эмес экенин көрсөтүп турат. Маселен, ага ылайык, инвесторду КНС, бажы төлөмдөрүнөн жана 10 жылга киреше салыгынан бошотушубуз керек. Бул жыл сайын бюджетке келип жаткан жүздөгөн миллион сом.

Мындан тышкары, аэропорттордун YDAнын башкаруусуна бериле турган мөөнөтү 39 жылды түзөт, бул МЖӨ долбоору боюнча болжолдонгондон 11 жылга көп.

Келишимдин маанилүү пунктунда инвестор аэропортторду эч кандай каржылык милдеттенмеси жок кабыл ала тургандыгы тууралуу маалымат камтылган. Башкача айтканда, аэропорттордун азыркы учурда ээ болгон жеткирүүчүлөргө болгон бардык карыздарын, банк кредиттерин ж.б., биз өзүбүз жабууга туура келет.

— Келишим боюнча Кыргызстан анын ордуна эмне алат? Инвестор канча инвестиция салууга даяр?

— Инвестор Бишкек жана Ош шаарларындагы учуу-конуу тилкелерин модернизациялоого, ошондой эле жаңы терминалдарды курууга 557 миллион АКШ долларын инвестициялоо ниетин билдирди. Борбор калаанын аэропортун алсак, жүк терминалын куруу да пландалууда.

Түрк инвестору бардык курулуш иштерин 24 айдын ичинде бүтүрүүнү убада кылууда. Бирок меморандумда бардык уруксат кагаздары алынгандан кийин гана курулуш башталат деп так жазылган. Бул процесс көпкө созулушу мүмкүн экенин билебиз. Ошондой эле, меморандумдун текстине ылайык, инвестор өзү аныктаган күтүүсүз себептерден жана жагдайлардан улам мөөнөттөр 36 айга чейин узартылышы мүмкүн. Ага ылайык, 2024-жылга чейин бардык иштер бүтөт деп, инвестор кыргыз элин адаштырып, 24 айдын ичинде инвестор өз милдетин аткара албаса, инвестициянын баары Кыргызстанга өтүп кетет, дейт Акылбек Жапаров. Бул тууралуу меморандумдун долбоорунда бир да сөз жок. Инвестордун билдирүүсү менен келишимдеги айырмачылыктар бул эле эмес.

— Дагы эмнелер боюнча бизди адаштырып жатышат, кененирээк айтып бере аласызбы?

— Маселен, бизге инвестор Кыргызстан менен кирешени тең бөлүшөт деп айтып жатышат. Бирок бул туура эмес, пайданы бул катышта бөлүштүрүү YDA аэропортун өткөрүп бергенден кийин гана он биринчи жылдан башталат. Ага чейин инвестор мамлекетке улуттук валютада белгиленген сумманы төлөп берет. Ал 1 миллиард сомдон бир аз ашык деп белгиленген, бул “Манас” аэропорту учурда алып жаткан пайданын болжол менен 33% түзөт. Башкача айтканда, инвестор негизги үлүшүн өзүнө алат. Ал эми он жылдан кийин гана Кыргызстан таза пайданын 57,5%ын алат.

Бул жерде дагы айта кетчү нерсе, мындай кадамга баруу менен Кыргызстан утулуп калаары анык. Анткени, тендер аркылуу МЖӨ механизми боюнча инвестор тартуу шарттарына ылайык, ал киреше-чыгашасына карабастан Кыргызстанга жалпы кирешенин үлүшүн төлөп бериши керек. Ал эми бул үлүш сынакта атаандаштыктын жүрүшүндө көбөйөт. Бул биз үчүн алда канча пайдалуу, анткени инвесторго чыгашаларды көбөйтүү менен таза кирешени азайтууга эч нерсе тоскоол боло албайт.

— Иш баштаган алгачкы 10 жылда пайданын мындай бөлүштүрүлүшүн инвестор кандай түшүндүрөт?

 Келишимде бул тууралуу түздөн-түз айтылбайт, бирок андан инвестор долбоорду ишке ашыруу үчүн ири өлчөмдөгү насыя тартат деген жыйынтык чыгат. Менин оюмча, YDA өзүнүн карыз милдеттенмелерин кантип төлөөнү пландаштырууда.

Бул инвестордун иши деп айтса болот. Бирок келишимде кооптуу пункт бар, ага ылайык активдерди, башкача айтканда, биздин Бишкек жана Оштогу аэропорттордун инфраструктурасын бул кредитке күрөөгө коюуга болот. Ошентип, эгерде инвестор банк алдындагы милдеттенмесин абийирсиз аткарса, эки чоң аэропортубузду карызы үчүн тартып алышы мүмкүн.

— Сиздин оюңузча, мындай кырдаалда өлкө жетекчилиги эмне кылышы керек?

Жооп так, мындай сунуштан баш тартышыбыз керек. Эгерде биз бүгүн түрк инвесторунун шарттарына кошулсак, миллиарддаган кирешеден эле эмес, "Манас" жана "Ош" аэропортторунун өздөрүн да жоготуп алуу коркунучу бар. Булар өлкөнүн маанилүү стратегиялык объектилери, инвестор бизге кандай убада берсе да, биз аларды тобокелге сала албайбыз.

Бул келишим анын мазмуну тууралуу толук эмес маалымат президент Садыр Жапаровго жеткирилгендиктен гана пайда болду деп ойлойм.

Ага чейин мен инвестиция тартуу боюнча бардык долбоорлорду колдогом, бирок бул өтө күмөндүү жана экинчи Liglass Trading CZ алабыз деп корком. Аэропортторду өнүктүрүү жана тейлөө үчүн инвесторлорго бериле турганы дүйнөдө практикада бар, ал тургай Казакстан менен Россиянын практикасы да бар, бирок биз бул жаатта жакшы репутацияга ээ, жакшы тажрыйбага ээ компанияны тандап алышыбыз керек. Ошондуктан, биз баштапкы планга кайрылып, МЖӨ борбору менен IFC тарабынан уюштурулган сынак аркылуу “Манас” аэропортун модернизациялоого инвесторду тандап алышыбыз керек.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу