Жаркын Таштанова: «Банкта иштөөнү кыялданбай, бирок банкир болдум»

02.08.2019, 11:51 Өнөктөштүк макаласы
Жаркын Таштанова: «Банкта иштөөнү кыялданбай, бирок банкир болдум»

Жаркын Таштанова банкир болууну кыялданган эмес. Банкта карьералык көтөрүлүү  болорун билген эмес. Үй-бүлөдөгү  салттуу  адатка байланыштуу так илимдерине ык коеп,  КМУУ  «Информатика  жана  математика» факультетине тапшырган. Бирок, окууну бүтөрүү  менен ал кесибин башка нукка буруп, «Айыл Банкта» эмгектенип баштаган.​

Учурда Жаркын Таштанова «Айыл Банк» ААК  бирден бир ири бөлүмү  болгон Нарын облустук филиалын жетектеп келет. Анын жетекчилиги асытында филалдын кызматкерлеригана эмес, үч аймкактык сактык кассасы менен үч аймактык бөлүмдөр дагы  баш ийет. 

— Сиз банкта иштейин деп кыялданчуу  белеңиз?  Кантип ушул кесипке келип калдыңыз? 

— Менинин биринчи мугалимим жолукканда эске салган бир окуясы:: «Чонойгондо ким болосуң?»-деп сураса, мен министрдин апасы боломун деп жооп бериптирмин. Бирок, ал окуя эсимде жок. Ал 1982-жылдары болгон окуя да.  

Мектепти аяктаганда ким болоорумду деле так билбей эле, үйдөгүлөрдүн шары менен эле так илимдер боюнча билим алдым. Бирок, окууну бүткөн соң, өзумдун жан дүйнөмө жаккан жумушту издей баштадым. 

Менимче, бул туура эле жагдай деп ойлойм.  Анткени, тандаган кесибиң дал ошол өмүрдун баардыгына таасир этет эмеспи.Тандоо  канчалык туура болсо, жашоо дагы кызыктуу болоорун өзумдөн улам айтып жатам.  

— Банктагы карьераңыз  кантип башталды? 

— Банктагы  карьерам эң төмөнкү кызмат өндүрүш-катчысы катарында башталган. Өзүмдү  жакшы жагымдан көрсөткөн соң,  карьералык өсүү башталды. 

— Элде калыптанган түшунүк боюнча эркектер мыкты башкаруучу болушат деген пикир бар. А сиз буга кошуласызбы? 

— Эркектер эмоцияга алдырбайт. Алар  маселенин чечилишин көрүшөт, бирок  кесепеттерин аңдашпайт. Эркектер башкарууда коркутуу тактикасын колдонсо, аялдар шык берүүчү болушат. 

Албетте, ар бир жетекчи өзгөчө. Ошондуктан,  «эркек» же «аялдын» башкаруусу деп формалдуу эле бөлбөсөк. Аялдарга дегеле бир нерсени далилдөөнүн канчалык зарылдыгы бар? Болгону, иштеп жумуштан жыйынтыкка жетишип, элдин сый-урматына ээ боло берүү  керек. 

— Аял жетекчинин артыкчылыктары барбы? 

— Аял жетекчи жамаатты үй-бүлөсү  катары кабыл алып башкарат го. Ошондуктан, ар бир үй-бүлө мүчөсүндөй мамиле түзөт. Андыктан,  аял жетекчилердин коллективи ынтымактуу. Ал эми айрым учурда башкарууда эркектердей мүнөз күтүү  ийгиликке  жетелейт. 

— Ири коллективди башкаруу кыйынбы? Анын оң жана терс жактарын айтасңыз?

— Чоң жамаатты башкарып баштоодон мурда  «22 закона управления людьми» деген китепти окуп чыгууну сунуш кылаар элем. Анда көп  адамдарды кантип башкаруу керек, жамаатта карым-катнашты түзүү сыяктуу көп суроолорго  жооп тапса болот. Мага бул китеп өз убагында жакшы жардам берди. 

Жумуштагы атмосфера абдан маанилүү. Анткени, адам өмүрүнүн көп убактысын жумушунда өткөрөт эмеспи.  Ошондуктан, жумуш ордундагы карым-катнаштар абдан маанилүү.   

бул китептен мен өзүмө 3  мыйзамды өзгөчө болуп айткым келет: №1 эмоцияны башкара билүү, №3 камчы менен таттуу пирог принцибин кармануу, №7 уга билүү. 

Албетте, кызматкерлердин пикирин эске алып, аларды урматоо зарыл. Бирок, ар бир кырдаалды эске алуу дагы зарыл. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу