Насыялар кайдан алынат?

17.05.2019, 09:46 Өнөктөштүк макаласы
Насыялар кайдан алынат?

Бизнести өнүктүрүү үчүн албетте каражат керек. А каражатты кайдан алабыз. Ооба, бизнести өнүктүрүү үчүн банктагы насыялар ыңгайлуу эмеспи. Былтыр Кыргызстанда 128 млрд сом кредиттер үчүн берилсе,  анын көп бөлүгүн дал ушул бизнес чөйрөсү алган. Бирок, алынган карыздардын пайыздык чени кайдан чыгат, эмнеге төмөндөп кайра жогорулап турат?  Ишкерлер,бизнесмендер  насыя алуудагы кредиттик продукция  кандайча түзүлөрү  тууралуу маалыматтары жок болгондуктан, өз каражаттары менен гана чектелүүдөбү. 

Насыяларды алып жаткандагы пайыздык чендер кайдан алынат? Эмне үчүн айрым учурда төмөн же жогору пайыз сунушталат. Дегеле, пайыздарды аныктоодо банктар эмнеге таянышат? Биздин  суроолорубузга  «Айыл Банк» ААК  кредиттерди башкаруу башкармалыгынын насыялоо боюнча бөлүмүнүн  талдоо боюнча менеджери  Айбек Султановго кайрылып, түшүндүрүп берүүнү сурандык. 

- Азырынча, Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө берилген насыялардын  пайыздары жогору деп келишет. Бул эмнеге байланыштуу? Пайыздык чен кантип аныкталат?

- Пайыздык чендер бир нече фактордон улам куралат:

  • сунушталган ресурстардын өтүмдүлүгү – элден алынган аманаттар, эл аралык донорлордун салымы ж.б.у.с
  • банктын операциялык чыгымдары, кызматкерлердин айлык акысы,имараттын ижарасы, коммуналдык жана концелярдык товарлардын чыгашасы;
  • резервдерди чогултуу, чыгашалар менен реалдуу жоготууларды эске алуу;
  • маржа, банктардын пайыздык пайдасы.

Жогорудагы факторлорго жараша пайыздык чен жогорулайт же кыскарат. Алсак, «Айыл Банк» айыл чарба тармагындагы насыялоо боюнча пайыздык чендерди төмөндөттүк: эгерде кайра иштетүү тармагында жылына 16% болсо, ал азыр  14%  болуп төмөндөдү. Ошондой эле, мал чарбачылыгы менен дыканчылыкка дагы пайыздык чендер 18% дан 16%  төмөндөдү.

- Кредиттик сунушту  кантип талдаса болот? Анын негизине эмнелер кирет?

- Биринчи керекте финансы рыногунда байкоо салып, кандай насыяга суроо талап бар экенин аныктайбыз. Жогорудагы изилдөөлөр жаңы продукциянын негизин түзөт. Тактап айтканда, берилип жаткан кредиттерге карата элдин сунушу, каалоолору жана мүчкүнчүлүктөрү эске алынып жасалат. Мындан тышкары, банк кызматкерлери жаңы идеялар менен жаңы сунуштарды беришет. 

- Бизнеске алынган кредиттердин кайтарымдуулугу канчалык?

- Учурда бизнестеги насыялардын кайтарымдуулугу жогору. Ал 98% түзүп банктардын бизнеске ишеними чоң.

- Таасирдүү  сандар экен. Айтсаңыз «Айыл Банк» сунуштаган кредит башка насыялардан эмнеси менен айрымаланат? 

- Жалпысынан алганда баардык эле коммерциялык банктардын сунуш кылган бизнес кредиттери бирдей эле. Айрмачылыктары пайыздык чен менен төлөө мөөнөтү. «Айыл Банктын» сунуш кылган кредиттеринин артыкчылыгы, төмөнкү  пайыздык чендеринде. Ошондой эле, төлөм жасоодогу ийкемдүү графиги  адамдарга ыңгайлуу. 

- Бизнестегилер пайыздык чендердин дагы төмөн түшүшүн күтсө болобу? Жыл аяктаганга чейин кардарларга кандай сунуштарды бересиздер ? 

- «Айыл Банк»  ресурстардын баасына жараша рынокту изилдеп, жыл сайын кардарлардын суроо талабына жараша пайыздык чендерди карап келебиз. Быйыл дагы жаңы сунуш беребиз деген тилектебиз. Жогоруда айткандай рыноктогу  талапка жараша продукциялар сунушталат. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу