Агылган сүт. Эмнеге Кыргызстанда сүт суудай акпайт?

16.04.2019, 14:03 Өнөктөштүк макаласы
Агылган сүт. Эмнеге Кыргызстанда сүт суудай акпайт?

Кыргызстандын  сүт азыктары  өлкөдөн сырткары  белгилүү. Айран, сүт, быштак, йогуртту  коңшу Казахстандыктар менен Россиялыктар тамшанып ичишет. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда  2018- 22.5 миң тонна сүт жана сүт азыктары экспорттолгон. Анын баасы  $33.9 млн жеткен.

Бирок, бул аз да.Эмнеге?

Бул суроого «Айыл Банк» дагы жооп издешти. Ага жооп табуу үчүн сүт өндүрүү тармагына кылдат талдоо жасап чыгышты.

Жергиликтүү сүт өндурүүчүлөр кеңири ассортименттеги азыктарды сунуштап келишет. Алтургай, жаңы бренддер менен логотиптер менен жаңыртылып турат. Кээде сүт өндүрүүчүлөр адаттагыдай эле эмес, өзгөчө бизде жасалбаган азыктарды сунуштоодо. Анда эмнеге сүт өндүрүүдө алдыда эмеспиз?...

Экспортко көп көлөмдө чыга албай жатканыбыз эмнеден? Көрсө, өндүруштө эмес эле, маселенин баары саан уйга байланыштуу тура.

Бир саан уй канча сүт берет?

«Биздин банктын адисттери  мал чарбасын, айрыкча бодо малдар рыногун изилдеп  чыктык. Биздеги малдардын өндүрүмдүүлүлүгү  башка өлкөгө салыштырмалуу төмөн. Ошондуктан, республика сүт өндүрүүдө КМШ мамллекеттери арасында арта аутсайдер болууда» деп билдирди «Айыл Банк» ААК лизинг башкармалыгынын коштоп жүрүү боюнча бөлүмдүн башкы адиси  Максат Акаков.

Чындыгында, Россияда бир уй жылына 305 күн саанда болуп, эки гана ай эс алып, жыл  ичинде 5 тонна сүт берет. Ошол эле учурда “кыргыз уйлары” — жылына 1.9 тонна гана сүт берет.  Эмнеге  мындай айырма? Мунун баары жем,чөп же климаттан эмес, болгону тукумуна байланыштуу.

«Анткени, Кыргызстанга акыркы 20 жылда асыл тукум уйлар келбей калган . Селексия жасап, тукмду асылдандыруу да жасалган эмес»  деп билдирди «Айыл Банктын» адиси.

Уйлар эт, сүт багытында болушат. Бугүн республикада  эт багытында абердин-ангус уйлары багылат.  Бул тукум республиканын баардык аймагында бар.

Ал эми сүт берген улар Совет доорунда эле Кыргызстанда алатоо тукуму тараган. Ал швицтердин күрөң уйу менен жергиликтүү абориген тукумун аргындаштыруу аркылуу алынган жаңы тукум эле.

«Бул тукум республикада кеңири тараган. Алар жем-чөптү ылгабай жешет. Бирок, голштин-фриз уларына караганда сүттүлүгү аз. Ал эми бул тукум сүт берүүдө алдынкы. Ал жылына 5 тонна сүт берет»  деп айтты Максат Акаков.

Сандан сапатка карай

«Израиль  менен АКШ — сүт өндүрүүдө алдыда. КМШда Беларустар алдыда.Ал эми Россиядагы бир уйдан 3 миң кг сүт  менен арта калабыз.  Бизде эң төмөн көрсөткүч. Бүгүн Улуттук статкомдун эсебинде  малдын саны 1.5 млн башка жетти. Саны бар, бирок сапаты  жок. Ошондуктан, биздин банк сүт  өндүрүү тармагын жакшыртууну көздөйт. Ага жетишүү үчүн асыл тукум алып келүү зарыл»— деп айтты адис.

Фермерлер мамлекеттин колдоосу  жок өздөрү малдын генфондун жакшырта албайт.  Чарба канчалык чоң болбосун, асыл тукумдуу уйларды сатып алууга каражаттары жетишсиз. Ал эми аз санда сатууга чет элдик өнөктөштөр кызыктар эмес.

Бул жагдайды  «Айыл Банктын»  жаңы кызматы  жогорку өндүрүмдүү бодо мал лизинги  чече алат. Мамлекеттик банк тарабынан иштелип чыккан бул кызмат фермерлерге  сүт же эт багыттындагы уйларды лизинг аркылуу алууга шарт түзөт. Бул программа  2018-жылы декабрда кирип, ошондо алгачкы асыл тукум малдардын партиясы  Кыргызстанга келген.  

Лизинг кредит эмес

«Айыл Банктын»  бир нече ишенимдүү өнөктөштөрү  аркылуу бул программа ишке ашууда. Дыйкан чарбасы бодо малдарды өз  чарбасына алып келип, малдар климатка көнгөндөн кийин гана фермерлерге лизингге берилет.

«Асыл тукум бодо малды лизингге беруу бул ыңгайлуу, анткени фермер малдын өзүн күрөөгө коюп, асыл тукумга ээ  болот» деп билдирди Максат Акаков.

Бул кандай иштейт?

Банк кызматкерлери кардардын төлөө жөндөмүн изилдей баштайт.

«Фермерлерге талаптарыбыз бар. Антикени, асыл тукумдуу багуу өзгөчө. Ага чейин кардар асыл тукумдуу малды баккан тажрыйбасы болусу шарт. Өз чарбасында 10 асыл тукум бодо малдын башы болуусу талап кылынат. Андан тышкары, азыктарын сатуу планы болушу керек. Мисалы сүт болсо, аны кайда сатаары, ал эми эт багытында болсо, касапкана же колбаса өндүрүү цехтери менен келишим түзүүшү керек» деп билдирди банктын адиси.

Банк кызматкери асыл тукум чарбалары тууралуу атайын билимге ээ. Жогорку өндүрүмдүү лизингде бул маанилүү жагдай. Асыл тукумду малга ээ болуу кепилдик эмес. Ал көп факторго көз каранды. Алсак, туура жем-чөп берүү, рациондон тышкары, малдын жылуу, кургак жерде багылышы да маанилүү. Фермерлер адистен кеңеш алып, алтургай малды багуунун сырларын үйрөнүшөт. Кошумча билим албай,  асыл тукум багуу тобокелдикке алып келет.

Эгерде фермер банктын баардык талаптарына жооп берсе, анда аны адистер өнөктөш чарбага жөнөтүшөт. Алар банк адиси менен бирге боло малды тандап, өткөрүп берүү актысын түзүшөт.  Андан кийин кайра фермер банкка келип лизиннгдин 30%  төлөп, калган сумманы лизинг боюнча банк каржылайт.

«Жогорку өндүрүмдү лизинг жылдык эсепте 10% берилет. Негизги сумманы төлөөдө каникул да каралган. Ал  10 ай. Айтмакчы, ар бир фермер менен жеке график түзүлүп, ар бир өзгөчөлүк эске алынып, акча агымына жараша келишим түзүлөт» деп билдирди банктын адистери.

Лизингдеги минималдуу сумма — 1 млн сом, максималдуу — 20 млн.

Жогорку өндүрүмдүү бодо мал лизингинде   үч тарап катышат. Банк, асыл тукум мал чарбасы жана фермер. Лизинг алынган соң дагы асыл тукум мал чарбасы фермерге кеңеш берип, анын мал багуу боюнча суроолоруна жооп берип турат. И басса дагы айта кетчүү жагдай лизингге алынган малдын баары урдалып же өлүп калса андай кырсыктардан камсыздандырылган.

Учурда фермерлер «Айыл Банкына» жогорку өндүрүмдүү лизинг алуу үчүн кайрыла алышат. Алгачкы партиядагы 20 баш голштин-фриз тукумундагы уйларды  11-апрелде  «Ак Жал» дыйкан чарбасына беришти.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу