«Кыргызкоммерцбанк» керектөөчү насыяны беш күндө берет

03.04.2019, 16:02 Өнөктөштүк макаласы
«Кыргызкоммерцбанк» керектөөчү насыяны беш күндө берет

Кыргызстанда -керектөөчү насыя эң популярдуу кредиттердин бири. Насыя алууда эмнеге өзгөчө көңүл буруу керек экендигин «Кыргызкоммерцбанктын» директору Данил Бутов  айтып берет. 

- Көпчүлүк насыя алуу татаал жана узак процедура деп ойлошот. чындыгында, ушундайбы? Бүгүнкү күнү керектөөчү насыяны алуу үчүн эмне кылуу керек?  

- Баары эле татаал эмес. Талап кылган баардык документтерди чогултуу зарыл. Ал деле кыйын эмес. Насыя алуу үчүн сиз кирешеңизди тастыктаган документти бересиз. Мисалы, айлык акыңыз тууралуу маалымат. Ошондой эле, күрөөгө коюлучу мүлк (кыймылсыз же автотранспорткаражаты)  тууралуу документтер. Ал эми«Кыргызкоммерцбанктагы» насыя берүүнүн мөөнөтү болгону беш күн.  

- Насыяны алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?

- карыз алуучунун өздүгүн тактаган документ (паспорт);

- никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк, жубайынын өздүгүн тастыктаган документ (паспорт), никеде турушабы, эгер никеде турбаса, ажырашкандыгы тууралуу  күбөлүк. 

- акыркы 3-12  айга чейинки эмгек акысы тууралуу маалымат же кирешени тастыктаган башка документтер. Эгер бизнеси болсо жеке ишкерлик жүргүзүү боюнча күбөлүгү/акыркы айларда төлөнгөн квитанциялары тиркелген патент;

- күрөөгө коюлучу мүлктүн документтери (кыймылсыз мүлк, автотранспорт), техпаспорт жана ээлик кылгандыгын тастыктаган документ;

- Мамлекеттик каттоо кызматынан күрөөгө коюлуп жаткан мүлк аресте эмес деген маалымат;

- жашаган жеринен  катталган адамдардын саны жана чыныгы жашап жаткан үй-бүлө мүчөлөрүн көрсөткөн маалыматтар.  

- Насыя алуу үчүн күрөө керек экен. Ошондо, коюлган күрөөнүн рыноктогу баасынан канча суммадагы насыя алса болот?

- Берилүүчү насыянын суммасы коюлган кыймылсыз мүлктүн камсыздалышына жараша, Анын коюлган күрөөнүн рыноктогу баасына жараша  70-80%  насыя  алса болот. 

- Насыянын кайтарып берүүдө ыңгайлуу эсептешүүнү тапса болобу?

- Эң башкысы ай сайын банкка канча суммада кредитти кайтарасыз ошого эсепчот бере билиш керек. Турмуштук тажрыйбада  адамдын тапкан кирешесинин жарымы насыяны төлөөгө кетпеши керек. Эгерде насыя төлөө тапкан кирешенин үчтөн бирин түзсө же андан аз болсо, карызды кайтаруу ыңгайлуу болот. Мисалы дейли, эгерде үй-бүлөнүн тапкан кирешеси  50-60 миң сом болсо, анда 15 миң сом болот. Анда кардар кайсыл бир сумманы чогултуп, эртерээк карыздан кутулууга мүмкүнчүлүк алат. Анда ал кошумча пайызды төлөбөй калат. Ошондой эле, кредитти төлөө кудуретин көрсөтө алат. А бул анын кредиттик тарыхын жакшыртмакчы. 

- Сиздин банк кандай керектөөчү насыяларды сунуш кылат? 

- Керектөөчү кредиттер турмуш тиричилик маселерин чечет:  ремонт жасап, билим, эс алуу же дарылануу, баланы мектепке даярдоо сыяктуу маселерди чечет. Ошондуктан, биз «Зарылдык үчүн насыяларды» сунуштайбыз. Баардык максаттар үчүн насыя десек да болот. Кредиттин сумммасы чектелген эмес. Пайыздык чен жылына сом менен 18%, максималдуу мөөнөтү беш жылга чейин. Минималдуу карыздан кутулуунун мөөнөтү үч ай.

- Айтсаңыз насыяны  кантип эсептесе болот. Кардарлардын баары бирдей тартипте алышабы же жеке эсептөө жасалабы?

- Насыя берүүнүн шарттары ачык-айкын. Кардарлар өздөрүнө  ыңгайлуу кредиттик шарттарды тандаса болот. Биз банктардын арасынан биринчилерден болуп, кардарларга кредит төлөөчү датаны өздөрүнө  аныктоону сунуштайбыз. Анткени, башка банктар ( карызды төлөө мөөнөтүн өздөрү белгилешет). Ар бир кардарга персоналдуу менеджер бекитебиз. Бул биздин кардарлардын карызды төлөөгө ыңгайлуу жагдай түзүү менен алардын кредиттик тарыхын булгабай, төлөмдү өздөрү белгилеген датага коюп жагымдуу шарттарды түзөбүз. 

- Сиздердин банкта кайсыл насыяларды көбүүрөк алышат?

- Көпүлүк кардарларыбыз насыяларды үйлөрүн оңдоого,  курулушка, автомобиль же турмуш тиричилик техникаларын сатып алууга алышат. Ошондой эле, эс алууга, билим алууга же башка жеке максаттар үчүн каражат алгандар бар.  

- Минималдуу  ставкадагы насыяны кантип алса болот?

- Эгерде кардар баардык талапттарга жооп берген документтерин тастыктаса, күрөө кое  алса, анда ал баардык мүмкүнчүлүктү  пайдаланса болот. 

- Сиздердин  насыяларды аралыктан туруп эле алса болобу? 

- Учурда кардар банкка келбестен, аралыктан туруп эле онлайн-арыз бере алат. Ал үчүн сайтка кирип, керектүү маалыматтарды толтурса, кийин биздин менеджерлер ал менен байланышып, толук консультация жасалат. 

Учурда биз  кардарларды банкка келтирбей эле насыяларды каттоо боюнча иш алып бара жатабыз. 

- Кээде  бизге анча көп эмес акча керек болуп калат эмеспи. Алсак айлык акы алганча же унаа бузулуп калса. Анда кредит алууга убакыт жок жана пайдасыз. Мындай учурда сиз кандай кеңеш бересиз?

-Ооба, аз каражаты насыяга алуу ыңгайсыз. Бул жагдай үчүн  күрөөсүз жана кепилдик алган адамсыз эле, кредиттик карта берилет. Сиз бир гана жолу кредиттик картаны  алууга арыз бересиз, андан кийин сиздин картада сиздин үч айлык  акыга тең сумма  болот. Карызды 45 күн аралыгында  пайызсыз кайтарууга болот. Кредиттик карта кандайдыр бир форс-мажордук кырдал түзүлгөн  күндөргө ылайыктуу. 

Дагы бир маанилүү жагдай, кредиттик карта жаңыртылат. Эгерде сиз буга чейин алган карыздарды төлөп бүтсөңүз, анда банкка келип кайрадан документ топтобой туруп эле,  экинчи карызды алсаңыз болот. А эгер сизге сиздин айлык акыдан көбүүрөк сумма керек болуп калса, анда сизге керектөөчү кредитти  алган оң. 

- Насыя алсамбы же албасамбы деп арсар болгондорго кандай сунуш бересиз ?

-  «Кыргызкоммерцбанктын» милдети элге насыя берүүнү максималдуу ыңгайлуу кылуу. Биз сунуштаган ыңгайлуу кредиттик шарттар, алардын айрым пландарын ишке ашырып, кошумча финансылык мүмкүнчулүктү пайдаланууга шарт түзүүдө.Ошондуктан, керектөөчү насыяларды чоочулабастан эле ала берсе болот. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу