Эмгек акы долбоору: жетекчилер менен кызматкерлер үчүн максималдуу пайдалуу сунуш

22.05.2019, 11:00 Өнөктөштүк макаласы
Эмгек акы долбоору: жетекчилер менен кызматкерлер үчүн максималдуу пайдалуу сунуш

Эмгек акы долбоорунун артыкчылыгы жана картаны колдонуу тууралуу  «Кыргызкоммерцбанктын» «Айчүрөк» Соода борборунда жайгашкан бөлүмүнун башчысы  Раиса Медведева айтып берет. ​

- Айтсаңыз эмгек акы долбоору деген  эмне жана аны кимдер колдоно алышат?

- Баары жөнөкөй. Бул кызматыбыз юридикалык жактар үчүн сунушталат. Анда кызматкерлерге айлык акы төлөө системасы оңойлотулган. Айлык акы долбоорунун негизинде банк ар бир кызматкерге төлөм карталарын ачып, ага (айлык акыны) чегерип турат. Акчаны которуу макулдашылган графикте так жасалат. 

- Бул кызматка Кыргызстанда суроо-талап кандай?

- Албетте, суроо талап жогору. Кыргызстанда күн сайын айлык акыны картага алгандар көбөйүүдө. Жетекчилер айылык акы долбоору аркылуу акча которуунун артыкчылыктарын сезе башташты. Бул эң жакшы: биринчиден карта менен колдонуу маданияттын калыптандырат. Бул бир гана электрондук капчык гана эмес,  көп мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы.  

-Жумуш берүүчүлөр үчүн кандай артыкчылкка ээ?

- Айлык акы долбоору  кызматкерлерге нак акча төлөбөй, банк түз эле акчаны которот. Бул убакытты үнөмдөп, бухгалтерияда кезек күтүп туруунун  кажети жок. 

Айлык акы долбоорун бир жолу каттап коюп, ар ай сайын акча которууга убакыт кетирбөө ыңгайлуу.

Жумуш берүүчү акча ташууга жана сактоого каражат коротпойт. Айлык акы берүү купуя жана коопсуз жүрүп, акчанын баары банкта сакталат. Ал эми ким канча айлык алып жатканы бир гана бухгалтер менен жетекчиге гана белгилүү болуп, башкаларга маалымат ачылбайт. 

- Эмнеге айлык акы долбоору боюнча «Кыргызкоммерцбанктын» сунушун көпчүлүк жактырууда?

- Анткени ыңгайлуу жана пайдалуу. Биз айлык акы долбоорун каттоого жана тейлөөгө  акысыз алабыз. Бул чакан жана орто бизнес менен мамлекеттик бюджеттеги мекемелер үчүн маанилүү. 

Жумуш берүүчүлөргө «Кыргызкоммерцбанктын» айлык акы долбоору абдан пайдалуу инстурмент. Биздин кардарларды картанын артыкчылыктары тууралуу кеңири айтып, аны колдонууга чакыруу биздин максатыбыз. 

- Кызматкерлер кандай артыкчылыкка ээ болушат?

-  «Кыргызкоммерцбанктын»  айлык акы долбоору жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат:  Интернеттеги товар менен кызматтарды колдонуудан тышкары, ар бир соодадан кешбэк 1% алып, жылдык эсепте  5% сом менен киреше кошулат. Акчаны конверттөө же дүйнөнүн баардык тарабына которуп жөнөтсө болот. Картада акчаны сом, доллар, евро менен сактаса дагы болот. Бонус катары картадан жасалган ар бир транзакция  SMS-билдирүү болуп келип турат. Айлык акы долбоору боюнча картанын ээлерине   үч айлыктын суммасында 45-күнгө пайызсыз кредит бере алабыз.  

Кызматкер  айлык акыны– кайда гана болбосун кечиктирлбей, өз убагында алат. Анын акчасы коопсуз турат. Эч ким урдап кетпейт. А эгер картаны жоготсо, анда ал блокко коюлуп, кайрадан калыбына келтирилет. 

- Картадан акча чыгарууда кандай артыкчылыктар бар?

- «Кыргызкоммерцбанктын» картасынан доллар болобу же сомбу Кыргызстандын баардык аймагында банкоматтардан комиссиясы жок алса болот. 

- А эгер жумушчу ал кызматынан кетсе картаны андан ары колдонсо болобу? Ага чейинки тарифтери өзгөрөбү ?

- Эгерде кардар андан ары картаны колдонуунун кааласа анда тарифтер өзгөрбөйт. Жылдык тейлөө акысыз калат. Картадагы баардык артыкчылыктар сакталат. 

- Айлык акы долбоорун кайсыл мөөнөттө каттаса болот?

- Банк менен айлык акы долбооруна келишим түзүлгөн соң, банк ар бир кызматкерге алынган маалыматтар боюнча беш күндө картаны чыгарып берет. 

- Эгерде жумуш берүүчү «Кыргызкоммерцбанкта» айлык акы долбооруна кошулууну кааласа, кандай аракеттерди жасашы керек? 

1. Компания банкка карйылып, баардык деталдар тууралуу сүйлөшкөн соң, келишим түзүлөт.

2. Келишим түзүлгөн соң, компания банкка кызматкерлер тууралуу маалыматтарды берет (анда көрсөтүлгөн маалымат менен айлык акы которулат).

3. Ар бир кызматкерге эсеп ачылып, төлөм картасы  берилет.

4. Кызматкерлердин картасы компанияга берилип, алар кызматкерлерге тапшырат. 

Мындан кийин банк транзиттик эсеп аркылуу кызматкерлерге акча которулат.

Ошентип, «Кыргызкоммерцбанкы» аркылуу айлык акы берилип, ага жетекчи убактысын, , жана ресурсун коротпойт. Эми банк бул кызматарды акысыз жасайт!

«Кыргызкоммерцбанктын» бул сунушу тууралуу  кеңири маалымат алуу үчүн бул телефонго кайрылыңыздар: 0 (312) 333-000.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу